Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Борбор Азия

Казакстан. Жаңы-Өзөн шаарындагы мунай казуучу компанияны тейлеген жумушчулар иш таштады. 19-июль, 2021-жыл.
Казакстан. Жаңы-Өзөн шаарындагы мунай казуучу компанияны тейлеген жумушчулар иш таштады. 19-июль, 2021-жыл.

Казакстандын Мангистау облусундагы Жаңы-Өзөн шаарында мунай өндүрүүчү ишкананы тейлеген бир канча компаниянын жумушчулары жапырт иш ташташты.

Алар маянаны көтөрүү жана эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылышууда. Эми мунайчыларга, айдоочулар, күзөтчүлөр жана “Тазалык” ишканасынын жумушчулары кошулду.

Мунайчылардын иш таштоосун айдоочулар улантты

Казакстандын Мангистау облусунда мунай өндүргөн "Өзенмунайгаз" компаниясын тейлеген "МунайСпецСнаб Компани" транспорттук ишканасынын 130дан ашуун айдоочусу өткөн аптада иш таштаган. Аларга 19-июлда KUNAN HOLDING транспорттук ишканасынын эки жүздөн ашуун айдоочусу кошулду.

Казакстан. «МунайСпецСнаб Компани» транспорттук ишканасынын иш таштаган айдоочулары. 19-июль, 2021-жыл.
Казакстан. «МунайСпецСнаб Компани» транспорттук ишканасынын иш таштаган айдоочулары. 19-июль, 2021-жыл.

Анын артынан мунай кениндеги скважиналарда геофизикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн казуу жумуштарын аткарган "БатысГеофизСервис" компаниясынын 150 жумушчусу 19-июлда иш таштап, акимчиликтин алдына чогулду.

“Биздин биринчи талап – айлык акыбызды 50%га көтөрүү. Экинчиси эмгек өргүүнү 30 күнгө чейин көбөйтүү. Андан сырткары биздин дем алыш күндөрү иштегенибиз мыйзам боюнча эсептелсин. Соңкусу - биздин эмгек укуктарыбызды талап кылып чыккан жумушчулар куугунтукталбасын”, - деди иш таштаган Мамай Гаипов.

Жаңы-Өзөн шаарындагы түрдүү ишканаларда, иш таштаган жумушчулар өз ара тилектештигин билдирип, бардык талаптар аткарылмайынча жумушка чыкпай турууга макулдашканы айтылды.

Иш таштагандардын бири Оразымбек Сапаков эмгек шартына даттанды.

“Биз ден соолукка зыяндуу калдыктар менен иштейбиз. Аба ырайынын кандай экенине карабай иштейбиз. Жумушта эч кандай дем алыш деген жок. Ошондуктан дем алыш күңдөрүн мыйзамдуу түрдө бекитип берүүнү талап кылабыз”.

Жумушчулар көтөрүлгөн маселелер маяна менен эмгек шартына гана байланыштуу экенин, саясий талаптар коюлбаганын белгилешти.

“Биздин жумушчулар маянасы тамак-ашына жетпегендиктен иш таштап жатышат. Бул жерде бийликке каршы же болбосо өкмөткө каршы эч кандай талаптар жок. Болгону биздин айлык акыны көтөрүп беришсе эле болду”, - деди иш таштагандардын бири Бөлеген Айдарбеков.

Талапты аткаруу эмнеге татаал?

Компаниялардын жетекчилиги эмгек келишимин бузуп, ишти үзгүлтүккө учураткандарга чара көрүлөрүн эскертти. "БатысГеофизСервис" мекемесинин жетекчиси Канат Нуркенулы жумушчулардын талабын аткаруу кыйын экенин айтты:

"Биздин ишкана тендер менен иштейт. Тендер болсо, жумуш болот. Тендердин акчасы кандай болору белгилүү. Жалдаган компания ашыкча акча төлөбөйт. Биз болсо тендерди утуп алуу үчүн аз өлчөмдө кызмат көрсөтүүнү сунуштайбыз. Бизге "Өзенмунайгаз", "Казмунайгаз" жумуш берет. Алар кызмат көрсөтүү акысын жогорулатып берсе, анан биз көтөрөт элек. Ансыз айлыкты көтөрө албайбыз".

Тазалыкчылар иш таштады

Буга удаа эле Жаңы-Өзөндөгү "Тазалык-С" коммуналдык ишканасынын жумушчулары да иш таштады. Алардын дагы талабы - айлыкты көтөрүү, эмгек шарттарын жакшыртуу.

“Жумушчуларга шарт каралган эмес. Тазалыкчыларга атайын форма акыркы жолу качан берилгени эсибизде жок. Колкап жок. Айлык аз. Эч нерсеге жетпейт. Азык-түлүк болсо кымбаттап жатат”, - деди “Тазалыктын” жумушчусу Бибигүл Кенжебаева.

Ал эми ишкана башчысы Серик Картаңбаев тарифти көтөрмөйүнчө, айлык жогорулабай турганын түшүндүрдү.

“Биздин таштанды чыгара турган тарифти өкмөт бекитет. Биз калкка кызмат көрсөтүүдө ошол тарифтин негизинде акы ала алабыз, жумушчуларга маяна төлөйбүз. Таштанды ташый турчу машинелерге куя турчу май дагы кымбаттады, чыгымдар көбөйдү”.

Буга чейин мунай казган "КазМунайГаз" компаниясынын курамына кирген KMG-Security ишканасынын күзөтчүлөрү бир жума мурун иш таштаган. Алардын койгон талаптары аткарылгандыктан 19-июлда акцияны токтотушту. Соңку айларда Казакстандын мунайга бай аймактарында нааразылык күчөп, бир катар ишканалардын жумушчулары нааразылык акциясына чыгышкан.

Июль айынын башында КЕЗБИ компаниясынын жумушчулары иш таштаган. Айрым компаниялардын жетекчилери иш таштагандар менен жолугуп, жарым-жартылай талаптарын аткарууга убада берип, шарттарды карап чыгууга убакыт сурашкан.

Мындан он жыл мурун Жаңы-Өзөндө мунай өндүргөн "Өзенмунайгаз" жана "Каражанбасмунай" компанияларынын жумушчуларынын иш таштоосу кан төгүү менен аяктаган.

Полиция ок атуучу курал колдонуп, каршылык акциясына чыккандар каза тапкан. Расмий маалымат боюнча ал окуяда 17 адам окко учуп, жүздөгөн киши жаракат алган.

Казакстан: жумушчулар шартты жакшыртууну талап кылууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:04 0:00

Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында тазалык кызматкерлери иш таштады. Шаардагы "Тазалык-С" ишканасында иштегендер эмгек акыны 100% көтөрүүнү талап кылышты. Алар иштөө шартын жакшыртуу керектигин да айтышууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG