Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:49

Борбор Азия

Бишкектеги шайлоо жыйынтыгына нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00

"Туран" партиясынын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынан алдында каршылык акциясын өткөрдү.

Түркмөн аскерлери. Иллюстративдик сүрөт.
Түркмөн аскерлери. Иллюстративдик сүрөт.

Расмий Ашхабад түркмөн-ооган чек арасына оор артиллерия, аскердик тик учактарды жана учактарды тартууда. Ошондой эле запастагы аскерлерди даярдыкка келтирди.

Ооганстанда "Талибан" кыймылы чабуулдарын күчөтүп, улам бир аймакты көзөмөлдөп жатышы Борбор Азия мамлекеттеринде тынчсыздануу жаратты.

Түркмөнстандын тынчсыздануусу

Түркмөнстандын коопсуздук агенттигиндеги жогорку даражалуу аткаминерлердин бири "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиргендей, Мары шаарынын жака белиндеги гарнизондогу аскерлер чек арага жөнөтүлдү.

Мары Ооганстан менен Түркмөнстандын чегиндеги Серхетабад бекетинен 400 чакырым түндүктө жайгашкан. Аты-жөнүн ачык айткысы келбеген бийликтин расмий өкүлү чек арага офицерлер, тик учактар жана аскердик учактар жөнөтүлгөнүн кошумчалады. Канча сандагы аскер жана техника жиберилгени белгисиз.

Ал эми баш калаа Ашхабадда запастагылар аскер комиссариатына чакыртылып, даярдыкта туруу буйругу берилгени маалым болду. Түркмөнстанда коопсуздук чаралары күчөтүлүп жатканы тууралуу ачык маалымат айтылган жок.

Түркмөнстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 800 чакырымды түзөт. Соңку апталарда талибдер Ооганстандын Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен чектешкен аймактарын да өз карамагына алды. Мындан улам жүздөгөн ооган аскерлери Тажикстанга кире качууга аргасыз болушкан. Расмий Дүйшөмбү өткөн жумада кошумча жыйырма миңдей аскерди чек арага тартканын билдирген.

Кандагардагы салгылашуу

Ал арада Кандагар шаарында жана анын жака белинде ооган күчтөрү менен талибдердин айыгышкан салгылашуусу уланып жатат. Ооган аскерлери 10-июлда билдиргендей, ондогон жоочулар жок кылынды. Өкмөттүк күчтөрдүн жоготуулары тууралуу маалымат чыккан жок. Анткен менен карапайым тургундар арасында жабыркагандар арбын экени кабарланды. Кандагар ооруканасынын башчысы Дауд Фархад билдиргендей, аларга элүүдөн көп адам түшкөн.

Шаардагы Качкындар иштери боюнча департамент эки жүздөй үй-бүлө коопсуз райондорго көчүрүлгөнүн айтты. Кандагардын полиция өкүлү Наси Баракзай "Азаттыктын" ооган кызматына берген маегинде, жоочулар жергиликтүү тургундарды күч менен үйлөрүнөн чыгарып, аларды калкалануучу жай катары колдонуп жатышканын билдирди.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани 11-июлда жасаган билдирүүсүндө талибдерди чабуулдарын токтотууга чакырды.

"Күнүнө 200дөн 600гө чейин оогандыктар өлүп жатса, биз куруп жаткан имараттар жана башка инфраструктура бузулуп, өрттөлүп жатса, мындан кимге пайда? Мисалы, Аргандабда эмне болгонун айта кетейин. Биз элүү миллион долларга курган үч көпүрөнү талибдер бузуп салышты, андан башка миңдей үй жок болду",-деди Гани.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани. 10-июль, 2021-жыл.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани. 10-июль, 2021-жыл.

Ооган бийлиги ошондой эле Кабул аэропортунда ракеталарга каршы турган системаны орнотконун жарыялады. Талибдердин соңку жумалардагы чабуулдарынан улам бийлик Кабул менен андагы аэропорттун коопсуздугун күчөтүүнү чечти. Себеби, дал ошол аэропорт аркылуу чет өлкөлүк дипломаттар жана гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү чыгып кетиши зарыл.

"Талибан" кыймылы буга чейин айыл жергелеринде өкмөттүк күчтөргө каршы ракеталарды жана минометторду колдонуп келген. АКШ президенти Жо Байден апрель айында жарыялагандай, америкалык аскерлер сентябрь айына чейин чыгарылып кетет. Ал тапта талибдер өлкөнүн 85% өз көзөмөлүнө алганын айтышууда. Азырынча бул маалыматты өкмөт четке кагууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG