Украинанын Северодонецк шаары үчүн айыгышкан салгылаш уланууда. Калаада суу жок, гуманитардык кризис жайылууда. Киев майданда күнүнө 100-200гө чейин аскерин жоготуп атканын билдирди. Адам укуктарынын эл аралык уюмдары Кыргызстанга берген 1311 сунуштун көбү аткарылбай жатат.
Борбор Азия
жума 10 Июнь 2022
“Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна даярдык башталды. ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда. ГЭС курулуп бүтсө жылына 5,6 млрд. КВт саат электр энергиясын өндүрөт. ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрге жетип, 5,4 млрд. кубдан ашуун суу чогултат.