Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Борбор Азия

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстанда Конституцияга түзөтүү киргизүү жараяны башталды. Бийлик өкүлдөрү Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин заман талабы катары сыпатташууда. Бирок өзбек оппозициясы президент Шавкат Мирзиёев кызматтагы мөөнөтүн узартууну көздөп жатканын эскертүүдө.

Өзбекстанда "конституциялык реформа" башталганын май айынын ортосунда парламенттеги эки партия жарыялады. Өзбекстандын либерал-демократиялык партиясынын жана Улуттук кайра жаралуу партиясынын депутаттары биргелешкен жыйын өткөрүп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жараянын тездетүү чечимин кабыл алышты.

"Конституциялык реформабызды жаңы Өзбекстандын тарыхына жана рухуна төп келген күчкө айландыруу үчүн биргеликте кызмат кылабыз деп ишенем", - деп билдирди Улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери, былтыркы президенттик шайлоого катышкан Алишер Кодиров.

Аны улай Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча комиссия түзүлүп, анын башына парламенттин вице-спикери Акмал Саидов тандалды. Комиссия карапайым жарандардан сунуштарды кабыл алууга убада берди.

Конституцияны өзгөртүүгө эмне себеп?

Өзбекстандын Баш мыйзамын дагы бир ирет өзгөртүү демилгесин президент Шавкат Мирзиёев былтыр 6-ноябрда ант берип, экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкенде көтөргөн. Ал дүйнөнүн башка мамлекеттеринде да олуттуу өзгөрүүлөр маалында конституциялык реформа жүргүзүлүп келгенин, бул калктын талабы экенин айткан.

Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен.
Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен.



"Биз сенаторлор, депутаттар, коомчулук, жамы-журт менен кеңешип, дүйнөнүн конституциялык тажрыйбасын изилдеп, тыкыр ойлонуп чыккан соң бүгүнкү жана келечектеги өнүгүүбүздү аныктай турган Башкы мыйзамыбызды жакшыртуу маселесин карашыбыз керек", - деп билдирген Мирзиёев.

Эгемен Өзбекстандын Конституциясы 1992-жылы кабыл алынгандан бери 15 жолу өзгөртүлдү. Мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун тушунда (1992-2016-жылдар) Баш мыйзам жети жолу өзгөрсө, анын ордун баскан Шавкат Мирзиеёв Конституцияга түзөтүү жана толуктоо киргизүү маселесинде биринчи президентти артка таштады. Мирзиёев алты жыл мурда бийликке келгенден бери сегиз ирет парламент аркылуу Баш мыйзамды өзгөрттү.

Азырынча Өзбекстандын негизги мыйзамына кандай өзгөртүүлөр кире турганы так эмес. Бирок чет жакта жүргөн өзбек талдоочулары жана оппозиция өкүлдөрү Мирзиёев "конституциялык реформа" деген жүйө менен президенттик мөөнөтүн узартууну көздөп жатканын айтышууда.

Алардын бири Лондондо жашаган өзбекстандык саясат таануучу Алишер Илхамов Конституцияга киргизиле турган жаңы өзгөртүүлөр менен Шавкат Мирзиёевдин буга чейинки президенттик мөөнөтү жокко чыгарылышы мүмкүн экенин белгиледи.

"Бул президенттик мөөнөттү узартууга негиз берген жалган бир укуктук ыкмалар. Иш жүзүндө өмүр бою өлкөнү башкаруу аракети жөнүндө сөз жүрүп жатат. Мирзиёев буга чейинки президент өңдүү жана Казакстандагы, Түркмөнстандагы, Тажикстандагы башка авторитардык лидерлер сыяктуу өмүрүнүн соңуна чейин бийликте калууну максат кылат", - деди Илхамов.

Каримов баскан жолдун карааны

Өзбекстандын Конституциясында бир киши эки мөөнөттөн көп президент болуп шайлана албай турганы жазылган. Бирок мындай чектөөгө карабай Ислам Каримов өлкөнү 27 жыл тынымсыз башкарган. Бийлигин сактап калуу үчүн Каримов эки жолу референдум жана төрт жолу президенттик шайлоо өткөргөн. Конституциялык өзгөртүүлөр Каримовго президенттик мөөнөтүн нөлдөн баштоого мүмкүнчүлүк түзгөн.

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев, Өзбекстандын экс-президенти, маркум Ислам Каримов жана Казакстандын мурдагы лидери Нурсултан Назарбаев, Көкчө-Тоо шаарында, 27-август 1993-жыл.
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев, Өзбекстандын экс-президенти, маркум Ислам Каримов жана Казакстандын мурдагы лидери Нурсултан Назарбаев, Көкчө-Тоо шаарында, 27-август 1993-жыл.

"Шавкат Мирзиёевдин устаты, "руханий атасы", диктатор Каримов Өзбекстандын Конституциясын бир нече ирет бузуп, өлкөнү 27 жыл башкарды. Мирзиёев да Конституцияны бузуп, президенттик кызматка келди. Эми устаты өңдүү кеминде 30 жыл бийлик сересинде турууга камданып жатат. Ал бечара Конституцияны дагы бир жолу бузуп, өзгөртүп, дагы бир жолу таптап, президенттик мөөнөтүн узартууга аракет кылат", - деп билдирди "Азаттыктын" өзбек кызматына бозгундагы оппозиционер, "Эрк" партиясынын лидери Мухаммед Салих.

Мирзиёев жана анын тарапташтары президенттик мөөнөттү узартуу тууралуу мындай пикирлерди четке кагып же ырастай элек.

Байкоочулар 64 жаштагы Шавкат Мирзиёев 2016-жылы Каримовдун ордун баскандан бери Өзбекстандын сырткы дүйнөгө ачылышына жана коңшу өлкөлөр менен мамиленин жакшырышына салым кошкону менен өлкөдө чыныгы саясий реформаларды жүргүзө албаганын айтып келишет. Маселен, Өзбекстанда былтыр күзүндө өткөн президенттик шайлоого бийликти ачык сындаган бир дагы талапкер катыша алган эмес.

Бул шайлоодо Мирзиёев Конституцияда белгиленген экинчи же акыркы президенттик мөөнөтүнө шайланган болчу.

Өзбекстанда Баш мыйзамды өзгөртүү жараяны уланып жаткан маалда Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган конституциялык түзөтүүлөр 5-июндагы референдумда жактырылды. Баш-аягы 56 өзгөртүүнүн айрымдарына ылайык, бир катар бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары өзгөрөт жана өлкөнү 29 жыл башкарган биринчи президент Нурсултан Назарбаев тууралуу "элбашы", "Казакстандын негиздөөчүсү" деген сөздөр Конституциядан алынып салынат. Көз карандысыз адистер жаңыланган Конституция Токаевдин бийлигинин күчтөнүшүнө жол ачарын айтып жатышат.

Нурсултан Назарбаев жана Касым-Жомарт Токаев, Астана. 20-март, 2019-жыл.
Нурсултан Назарбаев жана Касым-Жомарт Токаев, Астана. 20-март, 2019-жыл.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июндагы референдумга катышкан шайлоочулардын 77% ашыгы конституциялык өзгөртүүлөрдү колдогонун жарыялады.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы дүйшөмбү күнү жарыялагандай, президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдумга жалпы шайлоочулардын 68% бир аз ашыгы катышты. Алардын 77% көбү конституциялык өзгөртүүлөрдү колдогон. Быйыл январь айында кандуу тополоңдун чордонуна айланган Алматы шаарында шайлоочулардын 33,30% гана добуш берди.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы дүйшөмбү күнү жарыялагандай, президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдумга жалпы шайлоочулардын 68% бир аз ашыгы катышты.

Мыйзамга ылайык, Казакстандын 17 аймагынын кеминде 12синде шайлоочулардын 50% ашыгы добуш берсе, референдум өттү деп саналат.

"Натыйжада референдумду өттү деп эсептесе болот. Референдумга коюлган маселени колдогон жарандардын саны өлкөбүздүн бардык өрөөндөрүндө добуш берген шайлоочулардын 77,18% түздү", - деп билдирди Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров.

Алматыда "бойкоттолгон" референдум

Расмий маалыматка ылайык, жалпы шайлоочулардын 18,66% конституциялык өзгөртүүлөргө каршы болгон. Казакстандын көпчүлүк аймактарында добуш берген шайлоочулар 70% ашса, быйыл январь айында тополоңдун чордонуна айланган Алматы шаарында жалпы шайлочулардын 33,30% гана референдумга катышты.

Бул күнү Алматыда референдумга каршылык билдирген, саясий туткундарды бошотууну жана кандуу Январь окуяларын иликтөөнү талап кылган активисттердин акциялары да өттү.

"Кандуу январь. 2022-жыл. Унутпайбыз", "Реконституция" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыккан "Ойгон, Казакстан!" уюмунун активисти Дархан Шариповду Алматынын полициясы кармап кетти.

Казакстандын Лондондогу элчилигинин алдындагы Январь окуяларын иликтөөнү талап кылган акция. 5-июнь, 2022-жыл.
Казакстандын Лондондогу элчилигинин алдындагы Январь окуяларын иликтөөнү талап кылган акция. 5-июнь, 2022-жыл.

Көз карандысыз байкоочулар жер-жерлерде бир адам эки жолу добуш берген, документи жок адамдарга референдумга катышууга уруксат берилген, жакын туугандары үчүн бюллетень алган, бюллетендерди топ-тобу менен урнага таштаган учурлар болгонун билдиришти.

Ошондой эле Караганды сыяктуу айрым аймактарда Конституцияга кандай өзгөртүүлөр киргизилип жатканын түшүнбөй, шайлоо комиссиясынан маалымат сурагандар болду. Буга чейин өкмөткө сынчыл көз караштагы коомдук ишмерлер Токаевди референдумду кийинкиге жылдырууга чакырып, буга калктын жаңы өзгөрүүлөр менен таанышып чыга албай калганын жүйө келтиришкен.

Жалпысынан Казакстандын Конституциясындагы 98 берененин 33үнө баш-аягы 56 өзгөртүү жана толуктоо киргизүү сунушталган. Алардын айрымдарына ылайык:

  • Өлкөдө президентке жана бир катар жогорку кызмат адамдарына саясий партиянын мүчөсү болууга тыюу салынат;
  • Мамлекет башчысынын тууган-уругуна жогорку саясий кызматтарды ээлөөгө болбойт;
  • Казакстанда 1995-жылы жоюлган Конституциялык сот кайра калыбына келтирилет;
  • Мажлистин бир бөлүгү бир мандаттуу округдардан шайланып келет; өлкөдө өлүм жазасына тыюу салынат;
  • Сенатта президент дайындаган эл өкүлдөрүнүн саны 15тен 10го түшүрүлөт.


Казак президент Касым-Жомарт Токаев эми өлкө "супер-президенттик башкаруу системасынан парламенти күчтүү президенттик республикага өтүп жатканын" билдирди.

"Бүгүн биздин өлкө үчүн маанилүү тарыхый күн. Эл тагдыр чечүүчү чечим кабыл алып жатат. Эч кандай мажбурлоо жок", - деп билдирген 5-июнда Токаев.

Кантсе да президент премьер-министрди, өкмөт мүчөлөрүн, башкы прокурорду, коопсуздук кызматынын башчысын, Улуттук банктын жетекчисин, Борбордук шайлоо комиссиясынын көпчүлүк мүчөлөрүн жана башка бир топ жетекчилерди дайындоо укугун сактап калат.

Назарбаев саясий аренадан четтейби?

Мындан тышкары Баш мыйзамдан биринчи президент Нурсултан Назарбаев тууралуу бардык сөздөр жана анын "Елбасы" деген макамы да алынат. Буга чейин иштеп келген Конституциянын беренелеринде Назарбаев "көз карандысыз Казакстандын негиздөөчүсү", "Елбасы" деп мүнөздөлүп, анын "макамы өзгөрүүсүз" калары жазылган эле.

Жергиликтүү талдоочулар 69 жаштагы Токаев соңку референдум менен 81 жаштагы Назарбаевдин саясий аранедан биротоло кетишин мыйзамдаштырып жатканын айтышууда.

"Бийлик референдумду өз оюндагыдай өткөрүп алгандан кийин андан ары Назарбаев жана анын айланасындагы адамдардан бийликти болушунча өз колуна алып, автократиялык башкаруу системасын уланта берет деп ойлойм. Себеби конституциялык өзгөртүүлөрдүн бири да президенттин чексиз бийлигин чектебейт", - деп билдирди саясат таануучу Шалкар Нурсеит.

Нур-Султан шаарындагы добуш саноо. 5-июнь, 2022-жыл.
Нур-Султан шаарындагы добуш саноо. 5-июнь, 2022-жыл.

Назарбаев өзү Нур-Султан шаарында добуш бергени тартылган кыска видеону жекшембиде анын маалымат кызматы жарыялады. Мурдагы президент журналисттердин суроолоруна жооп берген эмес. Назарбаев Токаевге 2019-жылы мартта бийликти өткөрүп берген жана андан үч ай өтпөй президенттик шайлоо болгон.

Казакстандагы референдум кеминде 238 адамдын өмүрүн алган кандуу Январь окуяларынан дээрлик беш ай өткөндөн кийин уюштурулду. Январдагы нааразылык маалында элдин турмушун оңдоо сыяктуу социалдык талаптардан тышкары Назарбаевди бийлик сересинен кетирүү, парламенттик башкарууга өтүү сыяктуу бир катар саясий талаптар да айтылган эле.

Бул окуяларынан кийин Назарбаев Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн акырына чейин жетектөө сыяктуу ыйгарым укуктарынан жана таасиринен ажыраганы белгилүү. Кезинде анын ордун басат деген тун кызы Дарига Назарбаева сыяктуу жакын туугандары да жогорку кызматтарынан кол жуушкан.

Казакстандын учурда иштеп жаткан Конституциясы 1995-жылдагы референдумда кабыл алынган. Андан бери Назарбаевге бийликте узак жыл калууга мүмкүнчүлүк берген өзгөртүүлөр парламент аркылуу кабыл алынып келди. Ошондуктан Токаевдин бийлиги Казакстандын тарыхында биринчи жолу Конституцияга түзөтүү жана толуктоо киргизүү маселеси бүткүл элдик референдумга коюлуп жатканын баса белгилеген болчу.

Казакстандык айрым саясат талдоочулар Токаев демилге кылган соңку референдумду президенттик шайлоого даярдык катары да мүнөздөп жатышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG