Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:34

Борбор Азия

Министр Бейшеналиевдин ишин ИИМ тергейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:17 0:00

Ооганстанда күчү алты баллдан ашкан жер титирөө болуп, миңге чукул киши каза тапты. Жогорку Кеңеште кумарканаларды кайра ачуу боюнча мыйзам долбооруна добуш берүүдө талаш чыкты. Равшан Жээнбеков УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үстүнөн Ташиев жетектеген кызматка арыз менен кайрылды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекети.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекети.

Өзбекстан 10-июндан тарта өлкөгө кирүү үчүн коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү жоюп салды. Ошондон бери кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинен күнүгө 17 миңден ашуун киши өтүүдө.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, мурда шейшемби жана бейшембиде Кара-Суудагы ири базарга эл өтө көп келгендиктен, ошол күндөрү чек арадан 15 миңдей киши өтүп жүргөн. Калган күндөрү чек арадан өтүүнү каалагандар салыштырмалуу аз болот.

“Озодликтин” журналисти жакында “Достук” көзөмөл-өткөрмө жайына барып, таңкы саат 9дан кечки 10го чейин чек арадагы кырдаалга байкоо салган.

Жүк ташыган аялдар

Чек арадан өтүп жаткан өзбекстандыктардын арасында эки топ айырмаланат – бул "Кара-Суу" базарына товар алуу үчүн келгендер жана көпчүлүгүн аялдар түзгөн жүк ташуучулар. Алар чек арадан өткөн соодагерлердин жүгүн көтөрүп ташуу менен тиричилик кылат.

Чек арачылар айткандай, бул жайдан өтүү үчүн түртүшмөй, тыгындын айынан кээде адамдар кезек талашып чырдашат, мушташканга чейин жетет.

“Озодликтин” кабарчысы менен микрофонсуз сүйлөшкөндө соодагерлер жана жүк ташыган аялдар товарын чек арадан бажы төлөмүсүз эле алып өтүүнү каалаган ишкерлер менен жекече келишип иш кыларын айтышкан.

Жумуш баасын макулдашкандан кийин ишкер жүк ташыгычты сүрөткө тартып алып, чек аранын ары Өзбекстан жагындагы жүктү кабыл алган шеригине жиберет. Бир аял орто эсеп менен 15-25 кг. жүк алып өтөт. Көбүнчө жүк ташыган аялдар бир күндө бир жолу чек арадан өтөт, эпчилдери эки ирет өткөнгө да жетишет.

Негизинен кыргыз-өзбек чек арасынан кийим-кече, кээде тиричиликке керектүү буюмдар (телевизор, чаң соргуч ж.б.) өтүп турат. Суук түшкөндө Орусиядан өндүрүлгөн шоколад жана башка таттуулар ташылат.

Айрым жүк ташыган аялдар жакында чек арадан кант ташып өтүүгө аракеттенип, бирок кумшекерди экспорттоого тыюу салынгандыктан эки килограмм да алып чыгууга уруксат бербей коюшканын айтышкан.

“Озодликтин” кабарчысына “Достуктан" кезиккен өзбекстандык жүк ташыган аялдар күн сайын орто эсеп менен 15-20 доллар иштеп табат экен. Алардын арасында 60тан ашкандар да, наристе баласын көтөрүп жумушка чыккандар да бар.

Кыргыз-өзбек чек арасында акчага иштегендердин негизги маселеси паспортко байланыштуу. Жүк ташыган аялдар күн сайын же ар аптада бир нече жолу чек арадан өтүп тургандыктан, паспорттогу виза барактары тез эле толуп калат. Ошентип, бир жылда паспортун эки ирет алмаштырууга аргасыз болушат. Кээ бирлеринин паспорт барактары төрт айда эле толот.

Ысымын ачык айткысы келбеген өзбекстандык ишкер айым Кыргызстандан чыккан тиричилик техникасы өз өлкөсүндөгү "Артель” ишканасы өндүргөн мештерден арзан экенин айтты.

“14-июнда Кыргызстандан 100 даана электр мешин сатып алдым. Анткени биздегиден 30-40% арзан. Бул мештерди чек арадан алып өтүү үчүн ар бирине 15 доллардан кошумча төлөөгө туура келет. Өзбекстанга жеткирип сатканда ар биринен 5 доллар пайда калат. Бирок ошондо деле бул мештер биздеги “Артель” ишканасы чыгаргандардан тез жана арзан сатылат".

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекети. Июнь, 2022-жыл.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекети. Июнь, 2022-жыл.

Кыргыз-өзбек чек арасынан тез-тез өтүп тургандардын дагы бир тобу – Ош шаарынын базарларына жашылча-жемиш ташыгандар.

Өзбекстандын Кыргызстанга чектеш райондорунда жашылча бышып калгандыктан, өзбек дыйкандар кошуна өлкөгө негизинен ушул товарды ташып сатышат.

"Чек арачылар “журналисттер кетсин, анан силер жүгүңөрдү өткөрө бересиңер” дешти. Эмне үчүн? Чек арада журналисттердин көзүнчө жүк алып өтүүгө болбойбу? Мен өзүм тамаркамда өстүргөн жүгөрүнү сатуу үчүн Ошко бараттым эле. Анжиянда жүгөрү көп болгондуктан баасы арзан, кардар аз. Ал эми кыргыз сому биздикинен күчтүү", - дейт “Озодликтин” кабарчысына Хилола аттуу аял.

Анын айтымында, ар аптада эки ирет Оштун базарына сатуу үчүн өзү өстүргөн жашылчаны ташып турат, дал ушул күндөрү чек арада адамдар бир нече эсе көп болот экен.

“Орусияга Ош аркылуу барсаң, жол кире арзан түшөт”

“Достук” КӨЖүнөн дайыма өтүп туруучу адамдардын дагы бир тобу – бул Орусияга окуу же иштөө үчүн аттанып, Ош шаарындагы аэропортко келгендер.
Алардын арасында Оштон кыйла эле алыс жайгашкан Самарканд менен Бухаранын тургундары да кездешет.

“Озодликтин” кабарчысына “Достукта” кездешип калган бухаралык жүргүнчү Оштон учкан учактын билети алда канча арзан дейт.

“Мен Бухарадан Ошко келип, Орусияга учуу үчүн билет алдым. Анткени бул жерде Өзбекстандагыдан 100-150 доллар арзан болот”, - деди өз ысымын атагысы келбеген бул киши.

“Достук" өткөрмө ​бекети.
“Достук" өткөрмө ​бекети.

Бирок ал авиабилетти Ошто канчага сатып алганын, Өзбекстандагы билет баасы канча экенин кабарчыга айтпай койду.

Кыргыз-өзбек чек арасынан өтүүчү адамдардын дагы бир түрү – балдары Кыргызстанда окуган өзбекстандыктар. Намангандан Ошко аттанган аял баласынын ЖОЖдогу окуу акысын төлөө үчүн Кыргызстанга үч-төрт айда келип турарын айтты (ал да өз атын жашырууну өтүндү). Ар келгенде чек арада 1-1,5 саат турууга туура келет дейт.

“Достук" өткөрмө ​бекети кошуна республикада жашаган туугандарынан кабар алуу үчүн чек арадан өтүп туруучу жарандарды, чет өлкөлүк туристтерди, ошондой эле Ош шаарындагы аэропорттон Орусияга учмакчы болгон жакындарын узатып келаткандарды да кездештирүүгө болот.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысы Шерзод Юсуповдун макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG