Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Борбор Азия

"Талибандын" тушундагы зордук-зомбулук жана аялдардын абалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

Ооганстанда «Талибан» кыймылы бийликке кайтып келген эки жылда миңден ашуун тургун зордук-зомбулуктун курмандыгы болду. Бул тууралуу БУУнун Ооганстандагы миссиясынын баяндамасында айтылат. Андан тышкары, азык-түлүк коопсуздугу жана социалдык көйгөйлөр да адам өлүмүнүн көбөйүшүнө түрткү болгон. Эл аралык уюм өлкөдөгү кыз-келиндердин жагдайы өзгөчө көңүл бурууну талап кылган көйгөй экенин белгилейт. Ал эми “Талибан” бийлиги "аялдар бакубат турмуш кечирип жатканын" билдирип, башкаларды Ооганстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырууда.

Иллюстрациялык сүрөт. Макалага тиешеси жок.
Иллюстрациялык сүрөт. Макалага тиешеси жок.

Стамбулда "Ислам мамлекети" радикал тобунун "Хорасан" канатынын лидерлеринин бири, тажикстандык Шамиль Хукуматов камалды. Түрк маалымат каражаттары 22-июнда билдиргендей, "Абу Мискин" деген каймана ысым менен белгилүү Хукуматов террордук топтун катарына жаңы согушкерлерди азгыруу менен алектенген.

"Ислам мамлекети-Хорасан" радикал тобунун лидерлеринин бири Шамил Хукуматов 22-июнда Стамбулда жүргүзүлгөн атайын рейд маалында кармалды.

Аны менен кошо аялы да кармалып, бошотулганы маалым болду. Үйүн тинтүү учурда радикал террордук уюм менен байланышы бар документтер жана ар кандай буюм-тайымдар табылган. "Анадолу" агенттиги түрк коопсуздук кызматтарындагы булактарга таянып жазгандай, тажикстандык жаран жаңы согушкерлерди азгыруудан тышкары "ИМ-Хорасан" экстермисттик тобу үчүн каржы чогултуп жүргөн.

Ага Тажикстанда дагы кылмыш иши козголгону маалым болду.

Хукуматов соттун чечими менен камакка алынды. "Абу Мискиндин" камалышына байланыштуу тажик бийлиги азырынча үн ката элек. Дүйшөмбү анын мекенине экстрадицияланышын талап кылары да белгисиз.

Тажикстандын расмий органдары билдиргендей, 2013-жылдан бери 2 миңден ашык жаран “Ислам мамлекети” террордук уюмуна кошулуу үчүн Сирия жана Иракка барган. Жүздөгөн адам каза тапкан жана жарадар болгон, айрымдары кайтып келген. Өз ыктыяры менен кайткандар мунапыска туш болуп, башкалары узак мөөнөткө түрмөгө кесилген.

Бир жыл мурда жарык көргөн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эксперттер тобунун баяндамасында "ИМ-Хорасандын" жетекчилеринин бири Тажикстанда туулган, 31 жаштагы Сайвали Шафиев экени белгиленген.

"Абубакри Муавиа" деген лакап ат менен белгилүү болгон Шафиев террордук уюмга интернет аркылуу жаңы согушкерлерди азгыруу жана каражат чогултуу менен алектенген.

БУУнун эксперттеринин баяндамасында 2015-жылы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кошулуп кеткен мурдагы тажик полковниги Гулмурод Халимовдун да аты аталган.

Баяндаманын авторлору Халимов Сириянын Идлиб аймагында тажик улутундагы 600 жоочудан куралдуу топту башкарарын маалымдашкан. Ага ылайык, мурдагы тажик полковниги "Ислам мамлекети" террордук уюмунун "согуш министри" болбой калган.

Эске салсак, былтыр сентябрда Түркия Тажикстанга "Абу Довуд" деген лакап ат менен белгилүү Парвиз Саидрахмоновду өткөрүп берген. 2022-жылдын соңунда Дүйшөмбү соту Саидрахмоновду бир нече оор кылмыштарга, анын ичинде чет өлкөнүн аймагында куралдуу жаңжалга катышканы жана башкаларды ал жакка азгырганы үчүн күнөөлүү деп таап, 21 жылга эркинен ажыраткан.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобунунун "Хорасан" бөлүмү 2014-жылдын июнь айында түзүлгөн. Радикал уюм түзгөн картада Ооганстан, Пакистан жана Тажикстандын аймагы бириктирилип, "Улуу Хорасан" деп белгиленген. Согушкерлер алардын максаты "үч өлкөнүн аймагында жаңы мамлекет түзүү ниетин" ачык жарыялап келишкен.

Маалымат каражаттары жазгандай, "ИМ-Хорасан" тобунун лидери, Шахаб-уль-Мухажир деген лакап ат менен белгилүү Санаулла Гаффари жакында эле Ооганстандын Кунар провинциясында өлтүрүлгөн. Ал 2020-жылдын апрель айынан бери жөн гана топту башкарбастан, баардык операцияларды, анын ичинде 2021-жылдын август айында Кабул аэропортунда болгон теракты да жетектеген.

Кабул аэропортундагы жардыруу 180ден көп адамдын өмүрүн алган. Анткен менен талибдер азырынча Гаффаринин өлүмүн ырасташа элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG