Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Борбор Азия

"Абакта адилетсиз соттолгон көп кишини көрдүм"
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:48 0:00

Бийликти сындап, өз пикирин ачык айтып жүргөн Адилет Балтабай менен абактагы жашоо, сөз эркиндигинин абалы тууралуу маектештик. Ал 2022-жылы камалып, жарым жыл тергөө абагында отурган. Кийин "Жапырт башаламандык" беренеси менен соттолуп, учурда үч жылдык пробациялык көзөмөлдөн өтүп жатат.

Ооган улуттук музыка институтунда таалим алып жаткан кыздар ситарада ойношууда. 07.1.2012. (Азыркы тапта бул музыкалык академияга тыюу салынган жана анын жамааты Катарга көчүрүлгөн).
Ооган улуттук музыка институтунда таалим алып жаткан кыздар ситарада ойношууда. 07.1.2012. (Азыркы тапта бул музыкалык академияга тыюу салынган жана анын жамааты Катарга көчүрүлгөн).

Заманбап бала бакчаларда жана орто мектептерде музыкалык таалим жогорку деңгээлде болууга тийиш. Совет доорунда жолго коюла баштаган бул өңүт азыр да өзгөчө олуттуу мааниге ээ. Тарыхчынын блогу.

XXI кылымда да музыкага тыюу салгандар бар. Ооганстан.

Ооганстанда 2021-жылы августта бийликке кайрадан келген талиптер – исламдын эң эскичил түшүнүктөрүн карманган агым – тээ 1990-жылдардын соңундагы жосунсуз жоругун кайрадан башташты.

Алар музыкалык чыгармаларды коомдук жайларда аткарууга кайрадан тыюу салышты.

Талиптердин жаңы бийлигинин тушунда, ошентип, музыкалык аспаптарды колдонууга жана калайык алдында ырдоого тыюу салынды. Музыкалык аспаптарга ээ болуу – кылмыш деп эсептелгендиктен, көптөгөн өнөрпоздор өз аспаптарын сатууга аргасыз болушту жана үй-бүлөсүн камсыз кылчу тиричилик каражатынан айрылышты.

Кабулдук музыка өнөрпозу Забиулла Нури талиптер сындырган аспаптарынын жанында. 20.2.2022.
Кабулдук музыка өнөрпозу Забиулла Нури талиптер сындырган аспаптарынын жанында. 20.2.2022.

Жогорудагы сүрөттө 45 жаштагы кабулдук өнөрпоз Забиулла Нури 2022-жылы январда талиптердин зомбулугуна кабылгандыгын «Ассошиейтед Пресс» кабар агенттигинин кабарчысына айтууда.

Күзөттө жүргөн талиптер анын музыкалык аспаптарын куралдарынын кундагы менен талкалап, өзүн сабап кетишкен. Эми эптеп жансактоо үчүн Забиулла мырза башка аспаптары менен эмеректерин, ал түгүл үйүндөгү телевизоруна чейин сатууга мажбур болгонун, эми буга чейинки турмушу бүт ойрондолгонун айтты.

Тасма. Айрым ооган өнөрпоздору үй-бүлөлөрдү кыдырып, талиптерден жашырынып концерт коюуга өтүштү. Journeyman Pictures. 23.11.2021.

Жогорудагы тасмада да ооган өнөрпоздорунун азыркы таптагы аянычтуу тагдыры жана тымызын күрөшү чагылдырылган.

Өлкө борбору Кабулдагы Харабат көчөсү – Ооганстандын салттык музыка маданиятынын чордону болуп келген. Эми өнөрпоздор байырлаган бул көчөдөгү бир кездеги жандуу турмуш жокко чыкты. Ал көчө азыр дээрлик тымтырс болуп калды.

Мындагы музыканттар тиричилигин улантуу үчүн башка жумуш табууга аргасыз.

Ошого карабастан, жогорудагы англисче тасма баяндан айгинеленгендей, ооган өнөрпоздорунун айрым топтору талиптерге таптакыр мүңкүрөп баш ийип калбастан, үй-бүлөлүк жана жоро-жолдоштук деңгээлде музыка өнөрүн сактап калуунун аргаларын издеп келишет.

Үй-бүлө короолорундагы тымызын концерт – алардын элдик музыка салтын сактап калуу усулдарына айланды.

Оооган музыкалык салты бир эле учурда индиялык жана пакистандык музыка өнөрү менен да киндиктеш өнүгүп келген. Талиптик режим аны биротоло жокко чыгара албастыгы анык. Бирок алардын жосунсуз туруму өлкөнүн музыка маданиятына өлчөөсүз зор кесепетин тийгизүүдө.

Ал эми бозгунга кетүүгө үлгүргөн ооган өнөпоздору демократиялык өлкөлөрдө өз музыкалык мурасын сактоо жана эл аралык коомчулукка анын өрнөктөрүн жакындан тааныштыруу аракеттерин улантып келишет.

Советтик Кыргызстандагы музыка сабатынан бир өрнөк

Албетте, советтик доорду биз бир партиянын үстөмдүгү астындагы тоталитардык түзүлүштүн мезгили катары ырааттуу сындап келебиз.

Бирок дал ушул доордо кыргыз маданияты жаңы цивилизациялык өрүшкө да ээ болгон учурларды эч ким танбас.

Ошондой жагымдуу көрүнүштөрдүн бири – советтик башталгыч жана орто мектептерде музыкалык сабатты жоюуга арналган атайын сабактар милдеттүү киргизилгендиги болгон.

Албетте, айрым мектептерде түркөйлүк орун алып, музыка сабагы үстүрт окулган учурлар болушу ыктымал.

Ал эми Ички Теңир-Тоодогу Нарын районуна караштуу Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы кыштагында музыкалык сабатты тереңдетүү иши эң мыкты жолго коюлган. Анткени айылда музыка сабагын элеттик мыкты композиторлордун бири Сайыргазы Түркмөнов (1934–2011) агай өзү ардагерликке чыкканга чейин, демек, бүткүл эмгек жолунда ырааттуу өтүп келди.

Нарын районуна караштуу Он-Арча айылынын Эчки-Башы кыштагындагы өздүк көркөм чыгармачылык тобунун Бишкектеги концерти. Жетекчиси – композитор Сайыргазы Түркмөнов (1934–2011). 1960-ж.
Нарын районуна караштуу Он-Арча айылынын Эчки-Башы кыштагындагы өздүк көркөм чыгармачылык тобунун Бишкектеги концерти. Жетекчиси – композитор Сайыргазы Түркмөнов (1934–2011). 1960-ж.

Ал тээ 1960-жылдары эле өздүк көркөм чыгармачылык кароолоруна айылдагы өз ийриминин өкүлдөрү менен барып, дайыма алдыңкы орундарга ээ болуп, кыштактагы шыктуу жаштарды музыка өнөрүнө тартып келээр эле.

Анын өзүнүн бир катар обондору да кыргыз музыкасынын алтын коруна кирген.

Тасма. "Ысык-Көлдөн бир элес". Сөзү – Жумакан Тынымсейитованыкы. Обону – Сайыргазы Түркмөновдуку. Гүлжан Сейиткулова аткарат.

Сайыргазы агайдын обондорунун эң даңазалуусу – өз кыштагынан чыккан даңазалуу акын айым Жумакан Тынымсейитованын (1929–1975) “Ысык-Көлдөн бир элес” деген ырына чыгарган обон болуп саналат.

Сайыргазы агайымдын шыктандыруучу усулу менен байланыштуу бала кезимдеги бир кызыктуу окуяны айта кетейин.

Ал “Музыкалык сабат” сабагын өткөндө, теория жагынан жакшы жооп берип, бирок ырдаарга келгенде эле жаа бою каччумун. Анымды байкап калып, бир күнү ал сүрдүү үнү менен айтты:

–– Кийинки сабакка ыр жаттап кел, ырдайсың.

–– Агай, теория жагын эле айта берейинчи!

–– Эгерде даярданбай келсең, анда чейректе “үч” деген баа коём.

Жалаң мыкты окуп жаткан жеткинчек окуучуга бул – өлүм жазасына “өкүм” менен барабар эле.

Кийинки сабакта агай мени ортого чакырды. Тартынып кыйылып туруп... ырдай баштадым.

Алгачкы сапты ырдаганымда эле бүткүл класс кыраан-каткы күлүп калды. Сүрдөп кеттим да, ырым токтоду.

–– Акырына чейин ырда!

Негедир “үч” деген баадан шайтандын шапалагындай эле коркчумун. Акырына чейин ырдоого туура келди. Үнүм обонго таптакыр коошпой жатканын сезип турдум...

Анан агайым мектептеги хорго да милдеттендирип чакырды, ал түгүл бир ирет бул хор менен райондук кароого да катыштым...

Көрсө, Сайыргазы агай жекече Рубикон дарыямды кечүүмө – калайык алдында эч тартынбастан сүйлөөмө, оюмду ачык айтуума, ал түгүл элге кошулуп эркин ырдоомо – өзгөчө шыктандырган педагогдук усулду колдонгон экен.

Азыр деле өз үнүмө эч канааттанбайм, бирок (өз үнүмдөн өзүм качып кетмек белем, үнүмдөн тажагандар өздөрү кача беришсин, дегендей тейде) жоро-жолдоштун арасында ыр кесе кезегин жөн кетирбейм.

Классымда музыка жаатында өтө таланттуу улан-кыздар болду. Алардын арасында аккордеон ойногон жана мыкты ырдаган Таалайбек Эрмек уулу Кудайбергенов, комузда жана мандолинде ойногон Жумабек Чогулдур уулу Эсеналиев, комузда ойногон Ашыркул Алапай уулу, ырчы Жээнкүл Жапар кызы, ж.б. бар эле. Бала кезибизде Кылычбек Муканбет уулу Кожокановдун да үнү жакшы болчу.

Башка класстардан Гүлай Жусаева, Роза Борбодоева, Кубан Борбодоев, Мира Сайыргазы кызы, Зинагүл Эрмек кызы (күйөөсү - Кыргыз эл артисти Курмангазы Азыкбаев), ж.б. таланттуу улан-кыздар эсте.

Ал эми орто мектептин акыркы класстарын Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектепте окуп калдым.

Кудай жалгап, классымда аккордеон, баян, пианинодо ойногон Мухаммед Чикитай уулу Мытыев (Мукан) сыяктуу таланттуу балдар бар экен. Алар ал түгүл эстрадалык топ түзүүгө да далаалат кылышкан.

Кийинчерээк Мукан досум илим тармагына кетти, тарых илимдеринин кандидаты, доцент болду, бирок музыка өнөрүн эч унуткан жок.

Тасма. Мытыев Мухамед, Исмаилова Адия. "Периштем". Кош Жылдыз–2013. 15.1.2014.

Мукан Мытыев 2013–2014-жылдары КТРКда уюштурулган “Кош жылдыз” сынагына да ийгиликтүү катышканы эстен кетпейт.

Албетте, мен жөнөкөй гана мектептердин турмушунан бир үзүм келтирдим.

Ал эми музыкалык өнөргө адистешкен атайын мектептер жана ийримдер көп миңдеген жаш таланттардын тушоосун ырааттуу түрдө кесип, алардын шыгын тереңдетип өнүктүрүп келет.

Өз кезегинде, таланттуу манасчы, төкмө, ырчы, бийчи ж.б. жаштарыбыз улут маданиятын дүйнөгө таанытууда. Алардын бардыгы тең оболу мектептен музыкалык таалим алышкан.

Музыкалык сабат – ар жеткинчекке жеткиликтүү болушу керек

Азыркы тапта Кыргызстандын агартуучулары XXI кылымга төп келчү көп тарамдуу билим берүү системасын иштеп чыгуу үчүн талаптанышууда.

Алар интернеттик маалымат корун, мултимедиа каражаттарын, көп тилдүү чөйрөнү эске алышууда.

Музыкалык сабат азыркы жана болочокку таалим системасында ар дайым орчун мааниге ээ болууга тийиш.

Албетте, Ооганстандагы талиптик режимди бизден өтө алыскы аймакта жайгашкан деп таназарга албай коюуга да болбойт.

Ваххабийлик, салафийлик ашынган эскичил диний агымдар Кыргызстанда деле өз таасирин акырындап жайылтууга тымызын умтулуп жатышат. Алардын өкүлдөрүнүн үгүтүнө ынанган айрым замандаштарыбыз үй-бүлөлүк сүрөттөрдү жана видео тасмаларды өрттөп, музыкага тыюу салууга чакырык жасашып, ал түгүл маркумду акыркы сапарга узатуу маалында кошок кошууга тыюу салууга да үндөп жатышат.

Айдыңдык (секулярдык) демократиячыл мамлекеттик түзүлүштү сактоо аркылуу да кылымдар карыткан музыка өнөрүн сактап жана эркин өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болоорубуз – айдан ачык нерсе. Жарандык коом жана айдыңдык өкмөт бул жаатта кызматташууга тийиш.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG