Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Борбор Азия

Индияда жүздөй адам жер көчкү алдында калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:11 0:00

Энергетика тармагына август айынан тарта баштала турган өзгөчө кырдаал режиминин жөнөкөй жарандарга тиешеси жок. Министрлик 3 жылдык мындай режим жаңы станциялардын курулушун тездетүү максатында киргизилип жатканын айтууда. Орусия Одессаны төртүнчү түнү катары менен аткылады. Бул жолу айыл-чарба ишканаларына, дан сакталган кампаларга чабуул коюлуп, 120 тонна буудай менен арпа өрттөнүп кетти. Индияда жүздөй адам жер көчкү алдында калды. Куткаруу иштерине калың туман жана нөшөрлөгөн жаан тоскоол болуп, оор техниканын жоктугу абалды кыйындатууда.

Хорогдогу БАУнун кампусунун көрүнүшү, Тажикстан
Хорогдогу БАУнун кампусунун көрүнүшү, Тажикстан

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун прокуратурасы Хорогдогу Борбор Азия университети курулган жер тилкесин мамлекетке кайтарып берүүнү талап кылды.

Буга чейин өткөн айда Хорогдогу Ага Хан лицейи жабылган. Андан мурда Ага Хан фондуна караштуу Serena Khorog INN мейманканасы улутташтырылган.

Университет жайгашкан жерди 1990-жылдардын аягында Ага Хан Өнүктүрүү фонду сатып алган. Тажик бийлиги бул жер мыйзамсыз алынганын билдирүүдө. Жогорку экономикалык соттун сайтындагы маалыматка караганда, прокуратуранын арызы 12-июлда каралмак. Бирок иштин каралганы же каралбаганы белгисиз.

Хорогдун эки тургуну "Озоди" радиосуна 1990-жылдардын соңунда Ага Хан фонду алардын үйлөрүн жер тилкелери менен кошо 70-75 миң долларга сатып алганын жашыруун айтып, фондго эч кандай доосу жок экенин билдиришти.

"Эки жума мурда бизге укук коргоо органдары, прокурорлор телефон чалып, "Ага Хан" уюму менен үйүңөр курулган жер тилкелерин сатуу-сатып алуу иштери туура эмес жүргүзүлгөн, кайра арыз менен кайрылсаңар болот деп айтышты", - деди алардын бири.

Экинчи тургун дагы укук коргоо органдары аны чакырып, “жер үчүн Ага Хан уюму тарабынан төлөнүп жаткан сумма жетишсиз” деп арыз жазууну талап кылганын билдирди.

Журналисттердин бул маселе боюнча жергиликтүү бийлик менен байланышып, иштин чоо-жайын тактоо аракетинен майнап чыккан жок. Бийлик Хорог шаарындагы Борбор Азия университети салынган жерди кандай негизде улутташтырууну көздөп жатканы азырынча белгисиз.

Ал эми Ага Хан фондунун сайтында алардын өлкөдөгү ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жазылып, элдин жашоо-шартын, билим берүүнү жакшыртуу жаатындагы кошкон салымы белгиленген.

"Хорогдо БАУ башкы шаардан Дашт айылына чейинки жолду, Жогорку Дашт айылына кум-таш жолду жана Хитжд жамаатына баруучу жолду төшөдү. Аймактын көчөлөрүнө жарык орнотту. Хорог шаарынын коомдук саламаттык сактоо кызматынын сапатын жакшыртуу үчүн Ага Хан саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүү борбору 2019-жылы түзүлдү. Ошондой эле эки балдар бакчасын жана эрте жаштагы балдарга билим берүү боюнча тарбиячыларды окутуу борборун түздү".

Өткөн жылы тоолуу Бадахшан автоном облусунун бийлиги Ага Хан фондуна таандык Хорог шаарындагы шаардык паркты мамлекеттин менчигине өткөрүп берген. Андан сырткары Хорогдогу Ага Хан лицейи жабылган жана Ага Хан фондуна караштуу Serena Khorog INN мейманканасы улутташтырылган.

Борбор Азия университети 2000-жылы негизделген. Тиешелүү макулдашууга Тажикстан, Кыргызстан, Казакстандын президенттери жана ханзаада Карим Ага Хан IV кол койгон. Макулдашууну үч өлкөнүн парламенттери ратификациялаган.

Ал эми Кыргызстандагы Борбор Азия университети 2016-жылы Нарын шаарында курулган жана пайдаланууга берилген. 2017-жылы экинчи кампус Тажикстандын Хорог шаарында ачылган жана үчүнчүсү Казакстандын Текели шаарындагы кампусу азыркы учурда долбоорлоо баскычында турат.

Нарын шаарындагы БАУ кампусу, Кыргызстан
Нарын шаарындагы БАУ кампусу, Кыргызстан

Бул университеттердин кампустары заманбап аудиториялар, китепканалар, лабораториялар, коопсуз модулдук жатаканалар жана спорттук курулмалар менен жабдылып, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү үчүн футбол аянттары жана теннис корттору жайгашкан.

2022-жылдын май айында Тоолуу Бадахшандагы бийликке нааразылык толкунун басуу учурунда расмий маалыматтар боюнча кеминде 16 киши набыт болгон. "Озодинин" журналисттери 34 адам өлгөнүн тактаган. Хорог шаарында жана Рушан районундагы нааразылык акцияларынын натыйжасында бийлик ондогон адамдарды кармап, алардын көбү узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. Бийлик аларды кылмыштуу топторду уюштурган жана аларга катышкан деп айыптаган, бирок кармалгандардын жана соттолгондордун жакындары бул айыптарды четке кагып келет.

Бул окуялардан кийин бийликтегилер Ага Хандын Тажикстандагы уюмдарына болгон мамилеси өзгөртүп жаткандай. Чет өлкөлөрдө жашаган исмаилизмдин руханий лидери Ага Хан негиздеген фонд Тоолуу Бадахшандагы жана Тажикстандын башка аймактарындагы каржылоо жана кайрымдуулук долбоорлоруна катышып келген. Адистердин пикиринде, ушундан улам тажик бийлиги бул уюмдун өлкөдөгү ишмердигин чектеп жатат.

Pamir Daily News сайтынан алынган скриншот
Pamir Daily News сайтынан алынган скриншот

Ал ортодо Тажикстандын Жогорку Cоту Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы окуяларды чагылдырган Pamir Daily News интернет-басылмасын экстремисттик деп таап, өлкө аймагындагы ишмердигине тыюу салды. Бул тууралуу аталган басылмага каршы доо арыз берген Башкы прокуратура билдирди. Сот чечимди 14-июнда кабыл алганы бир айдан кийин гана коомчулукка маалым болду.

Тажикстандын Кылмыш кодексинде экстремисттик деп табылган уюмдар менен кызматташуу үчүн беш жылдан сегиз жылга чейинки жаза каралган.

Pamir Daily News басылмасынын жетекчилиги муну "саясий кысым" деп, редакция өз ишин уланта берерин билдирди.

2020-жылы Тажикстандын Жогорку Cоту Прагада жайгашкан "Ахбор" маалыматтык ресурсунун ишмердигине да тыюу салган. Тажик бийлиги редакцияны "Ислам кайра жаралуу партиясы" өңдүү тыюу салынган топторду колдоого айыптаган. Аталган партия Тажикстанда 2015-жылы террордук уюм деп табылган. Ага чейин өлкөдөгү эң ири оппозициялык партия болуп келген.

Эл аралык журналисттик жана укук коргоо уюмдары сөз эркиндигин чектегени жана көз карандысыз журналисттер менен блогерлерге карата басымы үчүн тажик бийлигин сындап келет. Дүйшөмбү бул айыптоолорду четке кагып, өлкөдөгү мыйзамдар маалымат каражаттарынын эркин иштешине кепилдик берерин билдирүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG