Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:15

Борбор Азия

Украинадагы уруш: орус паспорту үчүн отко түшкөндөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:41:42 0:00

Орусия эң жакын коңшусу Украинага басып кирип, согуш ачканына бир жарым жылга жакындады. 21-кылымда Европада болуп жаткан алаамат качан, кантип аяктары азырынча белгисиз. Миңдеген бейкүнөө кишинин, аялдар менен балдардын өмүрүн алган согуштун азабын Борбор Азиядан барган мигранттар да тартууда. “Азаттык” Украинадагы урушка тартылган мигранттар тууралуу иликтөөлөрдүн биринчи бөлүгүн сунуштайт. Бул жолу орус рублине, же орус паспортуна азгырылып, алыстагы согушка кеткен мигранттар тууралуу баяндалат.

Түркиянын Айга учуруу долбооруна зарыл гибрид ракета кыймылдаткычы сыноодон өттү. 11.4.2021.
Түркиянын Айга учуруу долбооруна зарыл гибрид ракета кыймылдаткычы сыноодон өттү. 11.4.2021.

Төгөрөктүн төрт бурчундагы ар бир улуттун ар кыл муундагы айдыңдары мезгил-мезгили менен өз элдерин ойгонууга, илим-билимге, ынтымакка чакырышкан жана чакырып келишет. Борбордук Азияда дагы мындай көрүнүштүн мисалдары арбын. Интернет доорунда мындай чакырыктар жалпы адамзаттык маңызды ого бетер камтууда. Тарыхчынын блогу.

Бабалардын ойгонуу чакырыктары

Көөнө доордон берки тарыхый катмарлар сиңирилген көөнөргүс «Манас» эпосунда билимге, ынтымакка, достукка чакырыктар камтылган.

Орто кылымдардын эрте мезгилинде Кыргыз каганатынын калкы “битик” жазмасынын (орхон-энесай руна сымал жазмасынын) Энесайга таандык вариантын колдонушкан.

Андагы тексттер да өз мезгили үчүн сабаттуулукка чакырык болгон. Бизге “1924-жылы улуттук жазмабызды Илелин (Ленин) берди” дегендер – өз тарыхынын эски барактары тууралуу эч кабары жок чала маңкурттар болуп саналаарын эгемендик доордо айрыкча аңдадык.

Азыркы тапта орто кылымдардагы битик жазмасынын эстеликтерин жигердүү иликтеген адис Нурдин Усеев "Фейсбук" аркылуу байма-бай пикирлерин жарыялап, жаш муундарды бул жазма маданиятыбызды астейдил үйрөнүүгө чакырып келет.

Карахандар каганаты доорунда түрк калктарынын (анын ичинде кыргыздардын дагы) орток бабасы Жусуп Баласагын өзү жазган “Куттачу билим” (“Кутадгу билиг”) деп аталган жана акылмандык, билим, мамлекеттик башкаруу, дипломатия өнөрү тууралуу мол маалымат камтылган өзүнүн дастанындай чыгармалар башка элдерде да бар экендигине ишаара кылат. Өзү бул жанрда алгачкы көп тарамдуу дастан жазганын да белгилейт.

Ал өз чыгармасында чыныгы жылдыз таануу илими үчүн алгебра, бөлчөккө бөлүү, тамыр чыгарып эсептөө, геометрия сыяктуу так илимдерди, грек аалымы Эвклиддин чыгармаларын окууну өтө зарыл деп эсептейт.

Анын илим-билимге чакырыгы менен кенже замандашы Махмуд Кашгари Барсканинин түркологиялык эмгегиндеги эне тилди аздектеген чакырыгы да үндөш. Түрк тилдерин ал ошол кездеги дүйнөлүк илим-билимдин көпүрө тили (“лингва франка” сыяктуу көп этностор үчүн баарлашуу тили) болгон арап тилине теңтайлаш кылып мүнөздөйт.

Бул да өз доорундагы улуттук айдыңдык чакырык болгон.

Жадитчилердин чакырыктары

Жалаң гана дин менен оозанып чектелбестен, заманбап илим-билимге да умтулуу керектигин, өз эне тилин заманбап илим тилинин сересине чыгаруу зарылдыгын жалпы түрк элдери үчүн аңдаткан кыймыл – XIX кылымдын соңу – XX кылымдын башындагы “жадитчи” агартуучу айдыңдардын кыймылы болду.

Ал кыймыл кырым татарлары, казан татарлары, орол башкырлары, азербайжандар, казактар, өзбектер, кыргыздар жана башка мусулман түрк элдеринин айдыңдары тарабынан улам жаңы кыйырга жеткирилген.

XX кылымдын башында Түркмөнстанда түркмөн, перс жана орус тилдеринде чыгуучу мезгилдүү басылма – “Рузнаме-и мавера-и бахр-и Хазар” (“Хазар [б.а. Каспий] деңизинин аркы өйүзүнүн гезити”; бул басылманын “Закаспийская Туземная” деген орусча да аталышы болгон) гезити эле.

Бул гезиттин 1915-жылдагы сандарында, маселен, түркмөндөрдүн агартуучусу Мухамметгулы Атабай оглы (1885–1916) түркмөн элин жаңы реформачыл (жадитчил) окуу ыкмасына өтүүгө жана коомдук турмушка жигердүү аралашууга үндөгөн.

(Караңыз: Mugallym Muhammetguly Atabaý oglu. Okuw we Turkmen Mekdepleri // Ruznama-i Mawara-i Bahr-i Hazar, 9.01.1915, 2-бетте; Muhammetguly Atabaý oglu, “Hemme Işlerde Türkmenler Başka Milletlerden Geridir,” Zakasipiskaia Tuzemnaia, 06.2.1915, 2–3-беттерде; Климент, Виктория. Призывы к реформам в Закаспии: туркменские последователи джадидизма // Central Asian Analytical Network. 18.12.2015. – URL: https://www.caa-network.org/archives/6324).

XX кылымдын башындагы Миржакып Дулат уулу (Міржақып Дулатұлы; 1885–1935) сыяктуу казак айдыңдарынын “Ойгон, казак!” деген чакырыктары да, калемдешип жадитчил алиппе жазган Эшенаалы Арабай уулу, кыргыз тарыхы боюнча эки китепти арап арибинде кыргызча жарыялаган Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков сыяктуу кыргыз айдыңдарынын илим-билимге чакырыктары да дал ушул көп этностуу, ар кыл чөлкөмдөргө кеңири жайылган жадитчил кыймылдын тарамдарынан болуп саналат.

Коммунисттик доордогу Чыңгыз Айтматовдун чакырыктары

Падышалык оторчулук доору советтик жылма оторчулук доору менен орун алмашты. Ал түгүл 1960-жылдардын ичинде Советтер Биримдигинде “чейрек кылымда эле коммунизм дооруна илээшип калабыз” деген кыял үстөмдүк кыла баштаган.

Ал эми коммунизм доору, Лениндин жоромолуна ылайык, бардык элдер, улуттар жоюлуп, бирлей улут пайда болчу май көл – сүт көл доор эмеспи. Кеңири Евразиянын алкагындагы коммунисттик делген доордо, демек, орус тили гана сакталып калууга тийиш.

Кыргызстан Компартиясыын Биринчи катчысы Турдакун Усубалиев орус тилин бекеринен “экинчи эне тилим” деп жарыялаган эмес. Жеке тагдырга кийлигишкендей болбоюн, бирок анын жана бир катар башка совет кыргыз төбөлдөрүнүн балдары үчүн орус тили негизги эне тилге айланган.

Чүйдөгү бир дагы орус тектүү киши жок айрым кыргыз айылдарында жалгыз мектеп орус тилдүү мектеп болуп калган учурлар арбыган.

Кыргызстандын борбор шаарында бир кыргыз орто мектеби жана бир кыргыз мектеп интернаты гана толук кыргыз тилинде сабак берген мектептер болгон деңгээлге жеткенбиз.

Дал ушул маалда кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов (чагымда, анын өз балдары да атасынын чыгармаларынын совет доорунда алгач орус тилинде окушса керек) жалпы дүйнө жүзүндөгү саны азыраак делген улуттардын кулактарына күмүш сырга болуп тагылып калган ураанды таштады. Ал – “Маңкурт болбо! Өз тамырыңды бил!” деген ураан эле.

Бул чакырык, эң биринчи кезекте, кыргыздарга, казактарга, Шибердеги аз сандуу элдерге карата башкы чакырык болду.

Эмне үчүн буга өзбектерди кошкон жокмун. 1979-80-жылдары алгач Өзбекстанга эки ирет бардым, андан соң 1983–1988-жылдары бул боордош жумуриятта жашадым.

Ташкен шаарында өзбекче суудай сүйлөгөн көптөгөн орустарды кезиктирдим.

Самаркан менен Ташкенде бир катар гуманитардык эмес багыттагы жогорку окуу жайларда өзбек тилинде сабак жүргүзгөн факультеттерде мыкты окуган далай кыргыз улан-кыздары менин сөзүмдү тастыктап бериши мүмкүн.

Албетте, бул үчүн 1959–1983-жылдары жумуриятты бийлеген авторитардык лидер Шараф Рашидовду мактоо – бир беткейлик болоор эле. Өзбек тилинин макамынын ырааттуу чыңдалышы – XX кылымдын башындагы өзбек жадитчилеринин улантуучуларынын жалпы ийгилиги болду. Арийне, 1920–30-жылдары жазыксыз жазаланган кыйла өзбек жазуучулары Шараф Рашидовдун доорунда деле акталбаган бойдон калышкандыгын да эске алуу керек.

1938-жылы 4-октябрда 500дөн ашуун өзбек айдыңын атууга кескен ырайымсыз өкүм чыккан (алардын арасында айтылуу Абдулла Кадыри, Абдулхамид Чулпан жана Абдурауф Фитрат бар эле).

Ш.Рашидовдун тушунда алардын бир тобу кайрадан актала башташкан (Кыргызстанда Исхак Раззаковдун тушунда Касым Тыныстановду актатпай коюшкандыгы, Т.Усубалиев да мындай “актоо” маселесинен жаа бою качкандыгы эми тарыхта жашыруун факт эмес).

Өзбекстандагы орус мектептеринде өзбек тилинин ырааттуу окутулгандыгы – жумурияттагы көп этностордун балдарынын өзбек тилин жана маданиятын үйрөнүүсүнө, демек, алардын бул өлкөдө акырындап коомдук турмушка толугураак аралашуусуна жагымдуу шарт жараткан.

Ошого карабастан, Чыңгыз Айтматовдун “маңкурт болбогула” деген чакырыгы Өзбекстанда да кызуу жактыруу менен кабыл алынгандыгына өзүм күбөмүн.

Советтик Кремлдегилер жана аларга жакын журналисттер пахта өндүрүү жана тапшыруу тармагындагы маскөөлүк төбөлдөргө да байланышкан ири жемкордук чынжырды иликтеген кылмыш ишин “өзбек иши” деп аташканда, жазуучу Чыңгыз Айтматов бул ишти кайсы бир улуттун атынан атоону кескин сынга алганы эсте.

Бул жагдай дагы Чыңгыз Айтматов өзбек айдыңдарын ойготкон жана алардын ыраазычылыгын арттырткан экинчи учур болду.

Чыңгыз Айтматовдун "маңкурт болбогула" деген чакырыктары 1986-жылы декабрдагы Алматыдагы Желтоксон окуяларына, 1989-жылдагы “Ашар” кыймылына, 1990-жылдагы КДКнын түзүлүшүнө жана 1991-жылдагы мурдагы СССРдеги эгемендик кыймылдарына руханий өбөлгө жаратты деп айта алабыз.

XXI кылымдын башындагы жалпы чакырыктар

Жалпы төгөрөктүн бардык алкактары дүйнөлөшүү жүрүмүнө кабылган азыркы доордун маалында эки түрдүү (бири-бири менен тыгыз байланышкан) чакырыктар чыгууда.

Бир жагынан, ар бир эне тил азыркы санариптин жана Интернеттин доорнуда өзүн сактап калуунун жана өнүктүрүүнүн аргаларын издеши керек. Демек, Жер төгөрөгүндөгү тиешелүү тилди өз эне тили санаган ар бир киши өз керт башы жана үй-бүлөсү үчүн гана эмес, өз эне тилинин да интернет, санарип талаптарына ылайык жашап кетиши үчүн кымындай болсо да салым кошуусу керек.

Экинчи жагынан, көптөгөн улуттар жана этностор өз тилин жана нукура маданиятын сактап калуунун аргасы катары өз улуттук же федерациялык мамлекетин чыңдоо үчүн ар кандай оторчуларга жана баскынчыларга каршы күрөшүүсү зарыл.

Бирок мында эки башка нерсе да камтылган: иши кылып эгемен мамлекетке ээ болуу үчүн күрөш бүтүндөй бир эл Түндүк Кореядагыдай диктатордун кылтагына илинишине же көп этностуу Орусиядагыдай авторитардык жетекчинин – Путин деген “түшпөс хандын” мурунтугун тагынып алгандыгындай кебетеде болбоого тийиш.

Албетте, Путинди сындоо – жалпы орусиялык элди сындоо эмес. Орусияда да академик Андрей Сахаров, укук коргоочу Елена Боннэр, саясатчы Борис Немцов сыяктуу айдыңдар жалпы адамзаттык асыл-нарктарды тутууга үндөшкөн жана алардын улантуучулары ушул баалуулуктарга азыр да үндөп келишет.

Айтмакчы, Путиндин эгемен өлкө болгон коңшу Украинага каршы баскынчыл согушун актоо үчүн аны “англо-саксондук арамзаларга каршы күрөшүп жаткан жалгыз Илия Муромдук баатыр” деп атап, тымызын кремлчил үгүттүн тузагында калган айрым замандаштарым бар.

Аларга кеңешим – сиз үчүн ой жоруп берип жаткан кимдир-бирөөлөрдүн жетегинде “туурамчы” бойдон кала бербестен, англис тилин өзүңүздөр да дилгирлик менен үйрөнүп, “англо-саксон” деп путинчилер мокочо көрсөткөн тараптын маданиятын жана коомун өз алдыңызча үйрөнүңүздөр.

“Англо-саксон” делген бирдиктүү желмогуз дүйнө жоктугун айта кетели.

Азыркы тапта көп расалуу мүнөзү менен айырмаланган англис тилдүүлөрдүн арасында Марк Твен, Бернард Шоу, Уилям Черчилл, Риши Сунак сыяктуулар, чоң акча үчүн борбордук азиялык авторитардык лидерге “кеңешчи” болгон Тони Блэр сыяктуулар, өз талапкерлерин Конгресстин имаратына карай чабуулга кыйыр айдактаган мурдагы президент Доналд Трамп сыяктуулар, нобелдик сыйлыктардын да, шнобелдик сыйлыктардын да ээлери, Мартин Лютер Кинг сыяктуу адилет кишилер да, зулум гангстерлер да, жатып ичерлер да, эптеп жанын баккандар да, коомдо татыктуу орунга жеткен жердеш мигранттар да бар...

Жакынкы учурдагы Европа Биримдигин мындай коёлу, чыгыштагы Жапония менен Түштүк Кореядагы технологиялык секириктерди, Индия менен Түркиядагы космостук иликтөөдөгү соңку жылыштарды алалык...

Бул азиялык өлкөлөр кайсы бир “англо-саксондук” уруксаттын аркасында эмес, өз алдынча илим жана технологияны өнүктүрүүнүн жана тынч максаттагы илимий интеграциянын аркасында зор ийгилик жаратышууда.

Дегиңкиси...

Эгемен мамлекет ар бир жаранынын укугун кадырлаган демократиялуу мамлекет болгон шартта гана андагы жарандык коом эне тилди жана маданиятын телегейи тегиз жана туруктуу өнүктүрө алат.

Илим-билимге, маданиятка, өз өлкөсүн коргоого жана өнүктүрүүгө, дүйнөдөгү тынчтыкка жана теңаталыкка үндөгөн, санарип мүмкүнчүлүктөрүн, нанотехнологияны да, космосту да биргелешип изилдөөгө үндөгөн адамзаттык жаңы чакырыктар ар бир өлкөгө, чөлкөмгө жана алардагы маданий очокко да, дүйнөнүн сырткаркы бөлүгүнө да бирдей эле таандык.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG