Кыргыз-тажик чек арасында 24-июлда чыккан чырдын себептерин биргелешкен комиссия текшерип жатат. Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова камакка алынды. Украинада Киев менен кошо бир нече аймак дрон чабуулуна кабылып, Константиновкада эки адам набыт болду.
Борбор Азия
шейшемби 25 Июль 2023
Бишкектин борборунда митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынганына бир жылдан ашты. Биринчи Май райондук соту чектөөнү 30-сентябрга чейин узартты. Бул жарандык активизмге кандай таасир этет? Жарандык активисттердин көз карашы кандай? "Азаттыктын" “Жаңы ой чабыт” программасында ушул тема талкууланды.