Жаркент – Казакстандын чыгышындагы Кытай менен чек арага жакын жайгашкан чакан шаар. Мындан улам бул калаа Кытайга жол ачкан “чыгыш дарбазасы” деп аталат. Ал эми андагы Хоргос базары соода терезеси. Бажы алымдары жокко чыгарылган бул аймакта жашоо кайнап турат.
Борбор Азия
бейшемби 15 Июнь 2023
Украинадагы согушта Орусиянын "Вагнер" менчик аскер компаниясына жалданган 90дон ашык мигрант набыт болду. Арасында Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жарандары бар. Депутат Жусупбек Коргонбай абакка кесилип, жаза өтөө мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча коррупциялык схема тузүлгөнүн билдирди. Абалды эми депутаттык комиссия иликтемей болду. Депутат Надира Нарматова кадыр-баркына шек келтиргени үчүн “Медиахабдын” журналистин сотко берерин жарыялады.