Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Борбор Азия

Атайын кызмат 30дан ашуун кишини кармап, суракка алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:53 0:00

Украинанын Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруудан улам бир нече калктуу конушту суу каптады. Киев менен Москва муну үчүн бири-бирин айыптап жатышат. Кыргызстанда бийликти басып алууга айыпталып, кармалган 30дан ашуун адамдын үчөөнүн аты-жөнү белгилүү болду. Анын ичинде президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы да бар. Ысык-Көлдө “Каракол” аэропортун куруп жаткан үч адамды металл конструкция басып калып, экөө мерт кетти. Жергиликтүү бийлик кырсыктан көз жумгандарга мамлекеттен кенемте төлөнүп берилерин билдирди.

Даулетмурат Тажимуратов сот залында.
Даулетмурат Тажимуратов сот залында.

Өзбекстандын Жогорку соту Каракалпакстандагы башаламандыктарга айыпталган активист Даулетмурат Тажимуратовду 16 жылга кести. Сегиз кишини шарттуу түрдө бошотту, алты кишинин камак мөөнөтү кыскартылды. 5-июнда Жогорку cотто 16 адамдын апелляциялык арызы каралды.

Башкы айыпталуучу саналган Даулетмурат Тажимуратовду 16 жылга эркинен ажыраткан мурдагы чечим өзгөртүүсүз калтырылды.

Шартту түрдө бошотулгандарга 4-5 жылдан камак жазасы чегерилгенин, бирок тергөө абагында отурган күндөрүн эске алуу менен чечим чыкканын kun.uz сайты жазды.

Даулетмурат Тажимуратовдун адвокаты Сергей Майоров сот чечимин адилетсиз жана мыйзамсыз деп атаганын gazeta.uz кабарлады.

"Бийлик Тажимуратовго берилген 16 жылдык камак мөөнөтүн өзгөртүүсүз калтырууну сурады, сот бул буйрукту аткарды", - деди Майоров.

Каракалпакстандагы окуялар учурунда тартылган сүрөт. 1-июль, 2022-жыл, Нукус калаасы.
Каракалпакстандагы окуялар учурунда тартылган сүрөт. 1-июль, 2022-жыл, Нукус калаасы.

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси былтыр жазында көтөрүлүп, 1-2-июлда автономиялуу Каракалпакстан Республикасында нааразылык чыккан. Жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Баш мыйзамдан алып салууга каршы Нукус шаарында өткөн ири митингдер күч менен басылган. Кеминде 21 адам каза таап, 243ү жараат алган бул кандуу окуядан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калган. 500дөн ашуун киши кармалып, сурак-соболдон кийин көбү бошотулган.

Соттук териштирүүнүн биринчи инстанциясы Бухарада өтүп, январдын аягында 22 адамга өкүм чыккан. Анда Даулетмурат Тажимуратов 16 жылга эркинен ажыратылса, дагы 17 адам үч жылдан сегиз жарым жылга чейин кесилген.

17-мартта дагы 39 айыпталуучуга өкүм чыккан. Анда 28 адам беш жылдан 11 жылга чейин эркинен ажыратылса, 11и сот залынан шарттуу түрдө бошотулган.

Буга чейин АКШ, Евробиримдик, БУУ жана башка эл аралык укук коргоо уюмдары өзбек бийлигин Каракалпакстандагы окуяларды ачык, ар тараптуу жана айкын иликтөөгө, тынч демонстранттарга ашыкча күч колдонулган деген дооматтарды териштирүүгө чакырган. Бирок айыпталуучулардын арасында демонстранттарга мыйзамсыз күч колдонгон деп шектелген укук коргоо органдарынын кызматкерлери көрүнбөгөнүн "Озодлик" жазган.

"Алга, Каракалпакстан" кыймылынын лидери Аман Сагидуллаев менен Казакстандагы каракалпак диаспорасынын өкүлү Ниетбай Уразбаев сыртынан соттолгону мартта маалым болгон.

Аларга былтыркы Нукустагы окуяларга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Ишти каракалпак сотунун Кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы караганын Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирген.

55 жаштагы Сагидуллаев Норвегиядан башпаанек алган, 53 жаштагы Уразбаев Казакстанда жашайт. Аларга Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн бузуу, жапырт башаламандык уюштуруу өңдүү айыптар коюлган. Экөө тең сыртта болгондуктан, сотко катышышкан эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG