Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:14

Борбор Азия

Кемпир-Абад иши сотко жетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:44 0:00

Украина Запорожье облусунун түштүгүндөгү Пятихатки кыштагын орус күчтөрүнөн бошотконун билдирсе, Москва бул маалыматты төгүнгө чыгарды. Өлкө чыгышында салгылаш уланууда. Дээрлик сегиз ай тергелген Кемпир-Абад иши сотко өткөрүлүп, алдын-ала соттук угуу дайындалды. Ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан жараяндар жабык өтөт. Энергетика министринин орун басары жана “Кыргызкөмүр” ишканасынын коммерциялык директору коррупцияга шек саналып кармалды.

Шамалдан электр энергиясын алуучу жабдуулар. Калифорния. АКШ. Июнь, 2023
Шамалдан электр энергиясын алуучу жабдуулар. Калифорния. АКШ. Июнь, 2023

Кыргызстанда энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн суудан, көмүрдөн жана көгүлтүр отундан башка альтернативдүү ресурстарды кантип пайдаланууга болот? Азырынча мунай жана газ жагынан Орусиядан толук көз карандылыкта турган Кыргызстан бул абалдан кантип чыга алат?

"Азаттыктын" суроолоруна АКШнын Эл аралык изилдөө институтунун Энергетикалык коопсуздук программасынын адиси, профессор Эдуард С. Чоу жооп берди.

Азаттык: Эдуард мырза, Борбор Азияга отуз жыл мурун барган экенсиз, Кыргызстан менен тааныша алдыңыз беле?

Эдуард С. Чоу
Эдуард С. Чоу

-Мен алгачкы жолу Борбор Азияга Союз жаңы кулаган кезде баргам. Ал мезгилде мен Америкадагы мунай иштеткен Chevron компаниясында иштечүмүн. Ал убакта АКШ мунайды башка мамлекеттерден сатып алган бирден-бир өлкө болчу. Союз тараган соң, Батыш үчүн мурда жабык, мунай-газга бай аймак - Борбор Азия ачылды. Аймак батышты кызыктырганы менен, али биз үчүн жеткиликтүү өздөштүрүлө элек болчу. Бирок жылдар өтүп, азыр өзүңүз көрүп тургандай, Америка дүйнөдө мунай менен газды экспорттогон ири өлкөлөрдүн бирине айланды. Борбор Азиянын энергетикалык байлыгы биз үчүн кызыксыз болуп калды. Азыр эми кызыкчылыктар бир аз өзгөрдү. Мисалы силер жактан уран ташууга болот, бирок көлөмү аз болуп жаткансыйт. Белгилеп айтып коюшум керек, бул жеке менин оюм, расмий көз караш эмес.

"Азаттык": Борбор Азиядагы айрым өлкөлөр мунай менен газга бай болсо, Кыргызстанда булар жок, азыраак көмүрдү эске албаганда жалгыз караган энергоресурсубуз - суу. Кургакчылык болгон жылдары энергетикалык кризис каптайт, бул өлкөдөгү айрым учурларда бийликтин алмашуусуна чейин алып барган нааразылыктарды жаратып келе жатканы белгилүү. Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бизде башка кандай жолдор бар?

-Менин оюмча, Борбор Азия өлкөлөрү ички бирдиктүү аймак катары өнүгүүгө аракеттенбейт. Бул албетте, жакшы эмес. Менимче, Өзбекстандагы бийликтин алмашуусу менен кырдаалды оңдоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Анткени бул өлкө аймактагы маанилүү оюнчулардын бири. Азыр диалог жүргүзүү кыйла жеңил, балким сүйлөшүүлөр жакынкы арада эле жүрүшү мүмкүн. Диалогдон көп нерсе көз каранды. Ошол эле энергетика дагы. Азырынча аймактагы ар бир өлкө жуурканды өзүнө тартып, өзүнүн кызыкчылыгын 1-орунга коюу аракетинде. Өзгөчө Кыргызстан менен Тажикстан чакан өлкөлөр болгондуктан, экономикаңарды өнүктүрүү үчүн аймактык деңгээлдеги интеграцияга ыктаган оң.

Кыргызстан менен Тажикстанда суу кеңири болгону менен энергетикасы чабал экени дүйнөгө маалым. Ошондуктан, кошуна өлкөлөр менен ынтымакташып, алардан газды жок дегенде кышкы убакта алып, жайкысын суу берүү менен алмашуу жолдору бар. Дагы айтарым, Борбор Азиядагы өнүгүүгө аймактык биримдик маанилүү роль ойнойт.

Кошумча энергобулактар тууралуу сурооңузга мен сиздердин аймакта шамалдан жана суудан бир убакта энергия алуунун жолдорун карап көрүү мүмкүнчүлүгү бар деп айтар элем. Бирок альтернативдүү энергоресурстарды иштетүү маселеси - каржыга барып такалат. Инвесторлор эң ириде андан кандай пайда чыгарын карашат. Сиздердин өлкөдөгүдөй, мамлекет электр энергиясын керектөөчүлөргө сатууда тарифтерди субсидиялаган аймактарда ишкерлердин энергетика тармагына пайда табуусу кыйыныраак. Анткени эл электр энергиясын же газды мамлекет камсыз кылып бериши керек деп эсептешет. Бизде болсо башкачараак, Америкада ар бир керектөөчү бааны базар - сунуш жана талап гана аныктай турганын билет. Америкада өкмөт энергетиканын баасына кийлигише да, таасир эте да албайт.

"Азаттык": Мындан энергетикалык магнаттардын гана байышына шарт түзүлүп калбайбы?

- Эгер мамлекет жарды жашагандарга же энергияга төлөй албагандарга жардам бергиси келсе, тарифтерге таасир эткенден көрө, жарандарына акчалай көмөктөшкөнү дурус. Муну менен өлкөнүн энергетикалык тармагына инвестиция тартууга жакшы өбөлгө түзүлөт. Альтернативдүү энергетика көп каражатты, салымды талап кылган тармак. Инвестор тармакка көп акчасын салган соң, албетте пайдасын көздөйт. Же кымбатыраак баага болсо да үйүңүз жарык, жылуу болушу керек. Же суук, караңгы үйдө отурганга мажбур болосуз.


"Азаттык": Украинадагы согуш дүйнө жүзүндөгү экономикага чоң таасир этти. АКШ өзүңүз айткандай акыркы жылдары Европага мунай менен газ ташыган ири магнат өлкөгө айланды. Борбор Азияга мындай энергоресурс ташуусуна эмне тоскоол болууда?

- АКШ Путиндин Украинага агрессиясына жооп кылып, Европага мунай менен газ сатып жатканы чындык. Бирок аны Америка өкмөтү эмес, америкалык ишкерлер сатып жатышат. Ошондуктан, АКШ өкмөтүнүн каалаган жагына энергоресурс сатуу мүмкүнчүлүгү жок, бул жеке ишканалардын иши. Алар пайда кайсы жактан арбын чыкканына карап, товарын сата беришет. Жакында эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери Сианда Кытайдын лидери менен жолугуп келишти. Кытай Компартиясынын төрагасынын тышкы саясатка көз карашы башкачараак. Аларда акча көп, мамлекеттик ишканаларды тышкы саясий кызыкчылыгы үчүн пайдалана алат.

"Азаттык": Кыргызстан азыр мунай боюнча бир гана Орусиянын көзүн карап отурат. Газды да бир нече жыл мурун символикалуу түрдө 1 долларга "Газпромго" берген. Орусиядан көз каранды болбош үчүн Кытайга ыктаса кандай болот?

- Татаал суроо. Силердин өлкө балта менен дөңгөчтүн ортосунда калгандай абалда турганы чын. Анткени дайыма Орусия менен Кытайга мамилени тең салмактап турууга туура келет. Кытай энергоресурс жагынан Орусияны алмаштыруусу мүмкүн. Бирок сиздер Кытайга көз каранды болууга даярсыздарбы? Кайталап айтайын, бир-эки булакка көз каранды болгуча, бир нече булактар менен кызматташкан оң. Кытай Түркмөнстандын газына кызыкдар болушу мүмкүн, бирок газды Тажикстан же Кыргызстан аркылуу алып өтүүчү куурларды куруп жиберерине көзүм жетпей турат. Эгер бирок Кытай баарыбир Түркмөнстандан газ импорттой турган болсо, ал газдын бир бөлүгүн Кыргызстанга сатууга кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөр болушу мүмкүн. Кытайдын Борбор Азиядагы позициясы ШКУнун түзүлүшү менен бекемделди. Кытай аймакка экономикалык жактан сүңгүп кирүү аракетин улантууда. Ошол эле учурда Орусия дагы аймактын саясатына жана коопсуздугуна таасир этүүсүн токтото элек.


"Азаттык": Бирок Украинадагы согуштун башталышы менен аймакта Орусиянын позициясы чабалдашып, Кытайдын позициясы күч алганы айтылып жатат. Сиздин оюңузча, экөөнүн кимиси таасирдүү биздин аймакта?

-Менимче, Украинадагы согуш көптү өзгөрттү. Орусия кыйла алсызданды, алар өздөрү азыр Кытайды карап калды. Бул албетте, Кытайга Борбор Азиядагы кыймыл-аракетине көбүрөөк эркиндик берди. Мен Кытай менен Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо жаатында макулдашуулар ыктымалдыгын четке какпайм. Кытай бүгүнкү күнү альтернативдүү булактардан энергетика алууда чоң потенциалга ээ. Бул өлкө быйыл шамалдан жана күндөн энергия алууда АКШны басып өтүшү мүмкүн. Ошондуктан, Орусиядан тышкары Батыш өлкөлөрү менен да, Кытай менен да кызматташууга баруу керек. Арзан, сапаттуу энергия алуу үчүн атаандаштык болуусу керек. Бир эле өлкөдөн арзан дагы, сапаттуу дагы энергия талап кылуу мүмкүн эмес.

Менин айтарым, Кытай, Орусия же батыш өлкөлөрүн карап отурбай, Борбор Азия өлкөлөрү өздөрү бири-бири менен мамилесин чыңдап, бир аймак, бир күч болгону жакшы. Менин көз карашымда аймактагы өлкөлөр арасындагы ымала 10 жыл мурункуга караганда кыйла жылып калды. Жаңы муундагы лидерлер мурдагы СССРден калган эски жетекчилерге караганда, жалпы аймактын кызыкчылыктарын, жалпы чакырыктарды талкуулоого жана аларды чечүүнүн мыкты жолдорун издөөгө даяр. Бул үчүн кошуналар арасындагы мамилени тереңдетип, батыштан жана чыгыштан инвестор тартуу, аймактын ички базарын бир гана өлкөгө көз каранды кылбай, коргоого алууга чогуулап киришүү керек. Ар бир өлкө ар кайсы инвесторду тартканча, жалпы аракет кылса, алдаганча көп инвестициялык эшиктер ачыларына көзүм жетет. Мен азыр деле, келечекте да Борбор Азиядагы постсоветтик беш өлкөнү мамилеси чыңдалган, тыгыз кызматташтыкта көрө аларыма ишенем.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

  • Эдуард С. Чоу - Энергетика боюнча эл аралык эксперт. АКШнын эл аралык изилдөө институтунун адис кызматкери. Европада, Орусияда, Карадеңиз, Каспий аймактарында, Азия, Жакынкы Чыгыш, Африка жана Түштүк Америкада ири мунай-газ долбоорлорунда өкмөттөрдү жана трансулуттук корпорациялардын консультанты болуп иштеген.
  • Chevron мунай компаниясында 20 жыл иштеген, эл аралык тышкы байланыштар бөлүмүн жетектеген, Кытайда аймактык менеджер болуп жүргөн. АКШнын Огайо университетинде экономика жана эл аралык байланыштар адистиги боюнча билим алган. Чоу АКШ, Европа, Азия жана Түштүк Америкадагы эл аралык ондогон жыйындардын катышуучусу. Учурда АКШнын эл аралык изилдөө институтунда иштөө менен чогуу Жоржтаун университетинде Дипломаттык кызмат мектебинде сабак берет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG