Орусиядагы "Нелегал" операциясы Москва облусунун Котельники шаарынын тургуну тажик мигранттарынын үстүнөн даттанган видеокайрылуудан кийин башталган. Андан көп узабай жүздөгөн мигранттарды кармалып, депортация болду.
Айрым серепчилер бул рейдди Орусиянын Борбор Азияга болгон таарынычынын кесепети катары сыпатташууда.
"Нелегал" операциясы жарыялангандан кийин Москва шаары жана Москва облусунан 130 кыргызстандык депортация болду.
Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин консулу Манас Жолдошбеков 19-июлда билдирди.
"Операция негизинен Москвада, Санкт-Петербургда болду. Москвадан жалпысынан 130 киши Кыргызстанга депортацияланды", - деди Манас Жолдошбеков.
Июнь айынын соңунда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын кесиптик кошуунунун өкүлү Акбар Разыкулов полиция көчөдөн мигранттарды кармап, документтерин текшербей эле жапырт алып кетип жатканын билдирген.
Орусияда "мыйзам бузду" деп Сахарованын миграция борборунда 16 күн жаткан Нурсултан камакта ур-токмокко кабылганын "Азаттыкка" айтып берген.
"Мага административдик штраф бергиле 10 күндө чыгып кетем десем макул болушпады. "Сахарово аркылуу кетесиң" деп айтышты. Электр талдыргычты денебизге баскан учурлар болду".
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 24-июнда Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунда кыргызстандык 130 мигрант кармалып турганын, элчилик аларга укуктук кеп-кеңеш берип жатканын билдирген.
Дүйшөмбүгө басымбы?
Өзгөчө кысымга тажикстандык мигранттар кабылды.
30-июнда Москвадагы "Митино" станцияcынан ондогон тажик жарандары кармалганы тууралуу кабарлар тараган.
Тажикстандын Орусиядагы элчилиги кармалгандар арасында башка өлкөлөрдүн жарандары да барын билдирген. Бирок текшерүүлөргө көбүнчө тажик мигранттары кабылып жатканын айткан.
Орусия мындай текшерүүлөр туурасында үн ката элек. Мындан улам кармоолор ар кандай жоромолго жем таштады.
Тажикстандык саясат таануучу Парвиз Мулложанов мигранттарды кармоо Дүйшөмбүнү ЕАЭБге кирүүгө мажбурлоо аргасы болушу мүмкүн деп эсептейт.
Анын айтымында, мындай массалык рейддер Тажикстанда орус учкучтарынын иши каралып жаткан 2011-жылдан бери жүргүзүлгөн эмес.
Рейд май айында Москва облусунун Котельники шаарынын тургуну тажик мигранттарынын үстүнөн даттанган видео кайрылуудан кийин башталды.
Ага чейин Комсомольск-на-Амуре шаарындагы Техникалык университетте окуган тажик жаштары полициянын атайын күчтөрү (ОМОН) алар жашаган жатаканада рейд өткөрүп, студенттерге эч себепсиз кол көтөргөнүн айтып чыгышкан.
29-майда тажик мигранттарын колун артка кайрып стадиондон алып чыгып бараткан видео тараган.
Аларга "өлкөгө келүү эрежесин бузган", "майда бейбаштык" жана "полиция кызматкеринин буйругуна баш ийбөө" деген айыптар тагылган.
Орусиялык ЖМКлар "тажик мигранттары Беловеж көчөсүндөгү мектеп стадионунан өспүрүмдөрдү кууп чыгып, өздөрү футбол ойной баштаган" деп жазган. Полиция 49 мигрантты кармап, протокол түзгөнүн "Интерфакс" агенттиги кабарлаган.
Бул арада "Озоди" радиосуна маек курган орусиялык министрликтердин биринин өкүлү “бул өнөктүк расмий Дүйшөмбүгө басым кылуу үчүн жасалып жатат” деген версияны четке какты.
Орусияда 2023-жылдын биринчи кварталында тажикстандык 44 миң 854 адам орус паспортун алган. Бул күндө 500 киши жарандык алууга арыз берет дегенди билдирет. Орусиядагы тажик мигранттарынын саны боюнча расмий Дүйшөмбү менен Москванын санагы эки башка. Айрым булактарда алардын саны 2 миллионго чейин жетери айтылууда.
Согуш маалындагы маанай
Миграция боюнча эксперт Карим Алиев соңку рейддерди миграция толкунун көзөмөлдөө аракети деп баалайт.
"Бул рейддер биринчи кезекте психологиялык максатта жүрүп жатат десек болот. Ушундай жол менен күч түзүмдөрү мигранттардын миллиондук армиясын көзөмөлдөөгө аракет кылууда. Азыркы учурда, согушка байланыштуу күч органдарынын кызматкерлеринин саны аз, мындай учурда "алдын алуу чаралары" дагы абдан актуалдуу", - деди эксперт.
Алиев Дүйшөмбү өз жарандарын коргоого аракет кылбагандыктан мындай рейддерге тажик жарандары көп кабылып жактанын айтууда.
"Расмий Дүйшөмбү Орусияга кесипкөй эмес, чабал, өз жарандарын коргоодон чочулаган кишини элчи кылып дайындады. Тажик бийлигинин эмгек мигранттарына карата кайдыгер мамилесинен улам тажиктер Орусиянын коопсуздук күчтөрүнүн бутасына кабылды. Орусия Өзбекстан менен мамилесин бузгусу келбейт жана өзбек мигранттарына тийишпейт, ошол эле маалда тажиктер куугунтукталса, Тажикстандын элчиси да, өкмөтү да аларды колдоп чыкпасын түшүнөт".
Өткөн аптада тажик Тышкы иштер министрлигине Орусиянын элчиси Семен Григорьев чакырылып, Дүйшөмбү мигранттардын массалык кармалышы боюнча тынчсыздануусун билдирген.
Анткен менен Орусиянын бийлиги тажик мигранттарына карата кысымдын себебин ачык айткан жок. Рейддер тескерисинче күчөдү.
Журналист Галия Ибрагимова мигранттарга каршы өнөктүк Орусияда "ички душманды таап, элди бириктирүүчү идея катары" колдонулушу мүмкүн деген пикирде.
"Мен мындан геосаясат же башка факторду издебейт элем. Анткени муну Орусия жөн эле күчкө салып жасап жатат. Болгону азыр коомдо мигранттарга каршы маанай бар. Ал шарттуу душмандарга, мейли украиндер, тажиктер болсун, иши кылып "орус дүйнөсүнүн кучагынан качкысы келгендерге каршы", - дейт Ибрагимова.
Журналист ушундай жол менен орус бийлиги мигранттарды Украинадагы согушка катышууга мажбурлашы мүмкүн экенин дагы жокко чыгарбайт. Буга чейин ар кайсы деңгээлдеги саясатчылар тарабынан мигранттарды аскердик операцияларга тартуу үчүн “тажик батальондорун” түзүү чакырыктары айтылып келген.
Үзгүлтүккө учураган жума намаз
Москва облусунун Котельники шаардык аймагындагы мусулмандар жамааты Орусиянын президенти Владимир Путинге видео аркылуу кайрылып, жума намазды үзгүлтүккө учуратып жаткан тинтүүлөрдөн коргоону суранышты.
10-июлда социалдык тармактарга тараган видеодо полициянын атайын күчтөрү жума намаз окулуп жаткан жайга кирип барып, ичиндегилерди оозго алгыс сөздөр менен тилдегени айтылат.
"ОМОНчулар жума намазды үзгүлтүккө учуратып, бөлмөгө газ чачып, адамдарды электр талдыргыч менен кыйнашты", - дейт кайрылгандардын бири.
Кыйноолордон кийин Тажикстандын жараны " Настоящее Время. Азия" редакциясына кайрылып, үч жума мурда Москвада кармалганын, кантип өз укугун коргоого аракет кылганын айтып берди. Анын жакын туугандары Орусияда калгандыктан, аты-жөнүн ачык айтпоону өтүндү.
“Бизди кармаганда ал жерде бир нече өлкөнүн, анын ичинде Тажикстандын жарандары болгон. Полиция кызматкерлери паспортубузду ачып да коюшкан жок – мукабасын карап, Тажикстандын, Кыргызстандын жарандары ким экенин көрүп, адегенде жөн эле кайтарып беришти. Андан кийин Тажикстандын жарандарын, тагыраагы экөөбүздү алып кетишти. Машинага отурганда кенже лейтенант сөгүнүп "Эмне үчүн бул жакка келдиң? Айылыңа картөшкө казганы бар" деп сүйлөндү. Мен жооп берген жокмун, анткени чыр-чатакты ырбатууну каалабадым”, - деди атын атагысы келбеген тажик жараны.
Орусияда мыйзамсыз мигранттарды аныктоого багытталган операциянын биринчи баскычы жыйынтыкталганы айтылууда.
Анын алкагында Орусиядан 7 миңдей мигрант депортация болду, бир нече миң адамга каршы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Ирина Волк 12-июлда билдирген.
Ал кылмыш иштери негизинен маңзат жана психотроптук заттарды жүгүртүү, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүүгө байланыштуу экенин кошумчалаган.