Абай Жумаевдин жашы 50гө чукулдады. Ал жыйырма жылдай маңзат колдонгон. Өзүнүн айтымында, героин сайынган. Мындан төрт жыл мурда метадон терапиясы менен дарылана баштаган. Абай учурда кароолчу болуп иштейт. Ал жаштыгы маңзат кучагында өткөнүнө өкүнөт, мындан аркы жашоосун бейкапар өткөрүүнү самайт. Ушул тапта Кыргызстанда баңгизатка байланган 7672 адам республикалык наркология борборунда каттоодо турат. Расмий эмес маалыматтар боюнча өлкөдө маңзат колдонгондордун саны 25 миңден ашуун экени айтылып келет.
Борбор Азия
жума 7 Июль 2023
Орусия Украинанын Львов шаарына ракеталык чабуул жасап, бери дегенде төрт киши мерт болду. Атайын кызмат “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын он мүчөсүнүн үйүн тинтип, экөөнү кармады. Президент Садыр Жапаровдун тууганы бажыдагы коррупциялык схемаларга катышкан деп шек саналууда.