Көмөкөй менен ырдап таанылган ырчы Орунбасар Кызалаков 4-январь күнү 58 жашында каза болду.
Этнографиялык жана диалектилик өзгөчөлүктөр –– улут тарыхы жана маданияты үчүн орток байлык.
«Азаттыктын» «Тасма» түрмөгүнүн алкагында чет элдик «Бычак алуу», «Токтордун согушу» жана атамекендик «Бажарики 3» фильмдери тууралуу баяндалат.
Чоюн Өмүралиев көп кырдуу талант, анын философиялык эсселери, ырлары, кара сөз жаатында жараткандары – баары кызыгуу менен окулат.
Алыкул Осмонов сыйлыгынын лауреаты, акын-котормочу Мукан Асаналиев 73 жашында дүйнө салды.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 2019-жылы өнөктөштөр менен бирге республика боюнча 50дөн ашык маданий иш-чара уюштурду.
31-декабрда Бишкекте кезектеги “Вело Аяз аталар” велосипед жүрүшү өттү. Иш-чараны R-Bikers тоо велоспорту федерациясы уюштурган. Бул жүрүш борбор шаарда 10 жылдан бери өткөрүлүп келет.
Кыргызстанда канча киши репрессияланган? Айрым окумуштуулардын ырасташынча, кандуу калабага 40 миңден ашуун киши туш келген, экинчи бир маалыматта ал 20 миңдин тегерегинде экени айтылат.
Соода борборлорунда жаңы жылга даярдык учурунда баалардын кымбаттаганы анчалык деле байкалбайт. Соодагерлер бул көрүнүштүн себебин базарда атаандаштык көп экени менен түшүндүрүп жатышат. Кардарлардын пикиринде соңку кезде майрам үчүн ашыкча каражат которткондордун саны азайды.
Берлиндеги большевиктердин төңкөрүшү, Орусиядагы жарандык согуш, Цеппелин ойлоп тапкан дирижаблдер менен саякаттоо. Булар - 100 жыл мурдагы жашоонун кайнап турган учурларын эске салат.
Азиз Биймирза уулу - Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук орус драма театрынын 1-категориядагы актёру. Мындан сырткары ал төбөсү көрүнгөн таланттуу манасчы катары белгилүү.
Керимбек Тойбаевдин “Даңк жүгү” аңгемеси сүрөтчүлөр турмушуна арналган.
Дагы жүктөңүз