Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Дүйшөмбү күнү Мыйзам чыгаруу жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Акматбек Келдибеков 2004-жылы пенсия орто эсеп менен 9% көтөрүлөрүн маалымдады.

Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчиси мыйзам чыгаруу жыйынында фонддун 2004-жылдагы бюджети жөнүндө жасаган докладында айтты. Акматбек Келдибековдун сөзүнө Караганда, 1-январдан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнө 22 сом 60 тыйын кошулат. 1-апрелде болсо пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 7% көтөрүлөт. Пенсиянын базалык бөлүгүнө кошулган 22 сом 60 тыйын баардык пенсионерлерге тиешелүү болот. Ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн көтөрүү дифференциялдуу жүргүзүлөт.

- Союз таркагандан кийин рублди сомго которгондо пенсионерлердин көбү жапа чегип калды, - деди Акматбек Келдибеков. - Ага чейин, мисалы, чабан же саанчы болуп иштегендер болгон. Алар азыр аз пенсия алышат. Ошол үчүн биз дифференциялдуу мамиле кылалы деп жатабыз. Ким аз пенсия алса, алардын пенсиясына көбүрөөк кошобуз. Кимдин пенсиясы керектөө корзинасына жетсе азыраак кошобуз.

Акматбек Келдибековдун айтымында, пенсиянын бул эки бөлүгүн көтөрүүнүн натыйжасында анын өлчөмү орто эсеп менен 9% жогорулайт. Азыр орточо пенсия 617 сомду түзсө, ал жогорулагандан кийин 672 сом болуп калат.
Кандай шарт болсо да төлөп берем деп мамлекет өз мойнуна алган пенсиянын базалык бөлүгү азыр 200 сомду түзөт. Мыйзам боюнча ал орточо айлыктын 12% түзүп, айлык жогорулаган сайын көтөрүлүп турууга тийиш. Келерки жылы орточо айлык 1855 сомго чейин жетери болжолдонууда. «Пенсиянын базалык бөлүгүнүн көтөрүлүшү ошого байланыштуу», деди Акматбек Келдибеков.

Соцфонддун төрагасынын айтымында бул республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууга тийиш болчу.Бирок бюджетте акча болбогондуктан, аны каржылоону Соцфонд өз мойнуна алып жатат. Ошого карабай келерки жылы социалдык фондго чегерүүлөрдүн өлчөмү көбөйбөйт. Дүйшөмбү күнү Мыйзам чыгаруу жыйыны 2004–жылдагы социалдык чегерүүлөрдүн өлчөмүн бекитти. Ага ылайык ал азыркыдай 33% бойдон калды.

Конституцияда «пенсия минималдык керектөө бюджетинен төмөн болбош керек» деп жазылган. Азыр минималдуу пенсияны айтпаганда да, орто пенсия андан 2 эсе төмөн. Пенсия 9% көбөйгөнү менен анын өлчөмү кошуна өлкөлөргө, мисалы, Орусияныкына жана Казакстандыкына караандабайт. Айрым депутаттар болсо өкмөттүн пенсионерлерге деп ички дүң продуктыдан бөлгөн акчасы жылдан жылга азайып баратканын белгилешет.

- 1997-жылы бул мыйзамды кабыл алып жатканда ички дүң продуктынын 6-7% түзсө, азыр 4% гана болот, - деди депутат Алевтина Проненко пенсионерлерге каралып жаткан мамлекеттик каражаттын өлчөмү тууралуу.

Мыйзам чыгаруу жыйыны дүйшөмбү күнү Социалдык фонддун 2002-жылдагы бюджетин бекитип, 2003-жылдагы бюджетине Соцфонд сураган өзгөртүүлөрдү кийирип берди. Шейшемби күнү 2004-жылдагы бюджетти талкуулоо уланат.

Сапар Орозбаков, Бишкек Октябрь айында болуп өткөн коопсуздук кеңешинде электр энергиясынын карызын жыл аягына чейин 950 млн. сомго азайтуу белгиленген. Депутаттар ал карыздар прокуратура жана милиция кызматкерлеринин жардамы аркасында күч менен өндүрүлүп жаткандыгын айтышат.

Элдин, ишканалардын жана мекемелердин электр энергиясы үчүн карызы азыр 2 млрд. сомдон ашык. Азыр энергокомпаниялар,башкасын айтпаганда да, жумушчуларына айлыкты өз убагында бералбай жатышканы маалым. Энергетика тармагы кризиске кирип баратканына тынчызданган Эл аралык валюта кору өз программасына тармактын квазифискалдык дефицитин кыскартуу тууралуу көрсөткүч киргизген. Аны кыскартуунун жолу үчөө - тарифти көтөрүү, электр энергиянын жоготууларын азайтуу жана өнбөй жаткан карыздарды өндүрүп, электр энергиясына акыны өз убагында түшүрүү. Эл аралык валюта кору «кайсы жолду тандап аларыңарды өзүңөр билгиле, иши кылып энергетиканын финансылык абалын оңдосоңор болду» деген. Турмуш тарифти көтөрүү менен аны оңдоо мүмкүн эмес экенин көрсөттү. Ошондуктан өкмөт азырынча карыздарды жыйноо жана электр энергиянын жоготууларын төмөндөтүү тууралуу чечимге келген.

25-октябрда болуп өткөн коопсуздук кеңешинде карызды жыл аягына чейин 950 млн. сомго азайтуу тууралуу чечим кабыл алынган. Өкмөт башчынын айтымында азыр карызды өндүрүүдө бир топ жылыштар бар.

- Коопсуздук кеңеши болгон күнү 2 млрд 513 млн. сом карыз бар болчу. Азыр карыз 2 млрд 132 млн сом. Карыз аз-аздап төмөндөп баратат, - деди Николай Танаев жума күнү кышка карата жылуулуктун берилиши тууралуу Эл өкүлдөр жыйынында отчет берип жатып.

Бирок депутаттар жер-жерлерде карыз милиция жана прокуратура кызматкерлеринин жардамы аркасында күч менен өндүрүлүп жатканын билдиришет.

- Бүгүн жер-жерлерде прокуратура жана милиция кызматкерлери “электр энергия үчүн акча төлөбөйт экенсиңер” деп, үймө-үй кыдырып жүрүшөт. Мага Алайдан бирөө телефон чалды. Үйлөрүнө кирип, эгиндерин тартып алган фактылар бар экен, - дейт депутат Азимбек Бекназаров.

Муну башка депутаттар да ырастап жатышат:

- Облустан жана райондордон үйлөргө чейин барып жатышат. Мен бир фактыны айтып берейин. Бир үй-бүлөнүн 3-4 сотка кайрак жери бар экен. Ошол жерге семичке эгип, 12 мүшөк семичке алыптыр. Үйүнө кирип туруп, 12 мүшөк семичкесин алып кетишкен экен. Бул туура эмес да, - дейт Эл өкүлдөр жыйынынын төрага орун басары Сооронбай Жээнбеков.

Азимбек Бекназаров электр энергия боюнча карыз атуулдук ишке жатаарын, аны күч менен өндүрүү мыйзамга туура келбестигин белгилейт:

- Сот аркылуу чечиле турган нерсени булар кылмыш ишине айландырып жатат. Бир тарап келишимдеги өз милдетин аткарбаса, экинчи тарап сотко берип, өндүрүп алышы керек болчу. Прокуратура зордук менен күчкө салып өндүрүп жатат.

Депутаттардын айтымында жер-жерлерде энергия компаниялары “карыз төлөбөйсүңөр” деп, электр энергияны айыл-айылы менен жалпы бир нече сааттап өчүрүп коюп жатышат. Башкалар менен катар электр энергия үчүн акыны убагында төлөгөндөр да чырак менен отурат. Николай Танаев бул тууралуу өкмөт быйыл жыл башында токтом кабыл алгандыгын, ага ылайык электр энергияга акыны төлөбөгөндөрдүкүн гана өчүрүүгө көрсөтмө берилгенин, жалпы өчүрүүгө тыюу салынганын айтат.

- Электр энергияны жалпы өчүргөн фактылар болсо бизге айткыла, биз аларга жаза беребиз, - деди өкмөт башчы.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG