Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

Экономика

Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандын энергетика тармагында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча атайын иш-чаралар жасалып жатканы менен, карыздын көлөмү азайбай жатат.

Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Уларбек Матеев азыр карызды кыскартуу үчүн акы төлөбөгөн кардарлардын электр энергиясы өчүрүлүп, электр эсептегичтерин көзөмөлдөөчүлөрдү тартипке салуу иштери жүрүп жатканын белгиледи. «Бирок, карыздын көлөмү дагы эле азайбай жатат», - дейт Уларбек Матеев:

- Дебитордук карыз азыр 400 млн. сомго кыскарды. Бирок, ага карабастан, анын көлөмү жогору бойдон калууда. Ал бүгүнкү күндө 2 млдр. 129 млн. сомго барабар.

Уларбек Матеевдин маалыматы боюнча учурда «Түндүкэлектронун» аласасы 733 млн. сом, «Ошэлектронуку» 717 млн сом, «Чыгышэлектронуку» 554 млн сом, ал эми «Жалалабадэлектронун» аласасы 124 млн. сом.

Азыр айрым кардарлар электр энергиясы үчүн акчаны өз убагында төлөп жатканына карабай, айыл толугу менен өчүрүлгөн учурлар көп. Мунун себептерин Уларбек Матеев мындайча түшүндүрдү:

- Ар бир үйдү өз-өзүнчө өчүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок, ага көп каражат жана техникалык жабдуулар талап кылынат. Ал үчүн ар бир үйгө машине, техника алып барыш керек болот. Ошондуктан, азыр айрым айылдар текши өчүрүлүүдө. Менимче, дагы бир аз убакыт өткөндөн кийин мындай көрүнүш токтойт.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Тайырбек Сарпашев электрди жалпы өчүрүүгө мыйзам жол бербейт дейт:

- «Электр энергиясы жөнүндө» мыйзамда массалык түрдө өчүрүүгө тыюу салынган. Ошондуктан, эгерде кардардын электр энергиясы ал дайыма өз маалында төлөгөндүгүнө карабастан өчүрүлүп жатса, анда алардын сотко кайрылууга укугу бар.

«Электрстанциялары» акционердик коомунун башчысы Сагынбек Дордоев белгилегендей, электр тармагындагы карыздар өндүрүлсө, калкты газ менен камсыз кылуу маселеси да чечилмекчи. Жыйналган акча коңшу Өзбекстанга газ үчүн болгон карызды төлөөгө жумшалмак:

- Базар мамилесинин эрежеси пайдаланган кызмат үчүн убагында акы төлөөнү талап кылат. Ошондуктан, калк жылуу суу үчүн, электр энергиясы үчүн акыларын өз убагында төлөшү керек. Менимче, Өзбекстандын нак акча төлөгүлө деген талабы да туура. Эгерде энергетика тармагындагы карыздар кайтарылса, анын бир бөлүгүн биз Өзбекстанга газ үчүн төлөп, газ маселеси да чечилмек.

Сагынбек Дордоевдин айтымында, өндүрүлгөн акчалар электр зымдарын, трансформаторлорду алмаштырууга жана жаңы подстанцияларды курууга жумшалмакчы.

Депутат Тайырбек Сарпашевдин болжолунда, жаңы жылдан тартып газдын берилиши үзгүлтүккө учурашы ыктымал. Бул өз кезегинде жаңы маселелерди туудурушу мүмкүн. Анткени, эгерде калк электр энергиясын мурдагыга караганда көп пайдалана баштаса, электр зымдары аны көтөрө албайт. Андан кийин ири өлчөмдөгү акчаны талап кылган иш-чараларды жүргүзүү керек болот.

Айрым адистер абалды турукташтыруу үчүн өлкөнүн энергетика тармагын менчиктештирүү зарыл дешет. Бирок, буга каршы болгондор да бар. 2000-жылы кабыл алынган ««Кыргызэнерго» акционердик коомун мамлекеттин менчигинен ажыратуу жана менчиктеширүү» программасында бөлүштүрүүчү компаниялардын менчиктештирилиши каралган. Бирок, бул үчүн Жогорку Кеңештин кош палатасынын макулдугу керек.

«Кыргызгаз» акционердик коомунун жетекчиси Автандил Сыдыковдун ушул аптада Ташкенге жасаган сапары да натыйжа берген жок. Бул жолу да 2004-жылы газ сатып алуу боюнча «Узтрангаз» менен келишимге кол коюлган жок. «Кыргызгаздын» жетекчилигинин айтымында, эми газ маселеси өкмөт деңгээлинде чечилүүгө тийиш.

«Узтрансгаз» Кыргызстанга саткан газдын акысын толук нак акча түрүндө алууну каалап жатат. Ал эми кыргыз тарап келерки жылы да газ үчүн акыны быйылкыдай - 45% товар түрүндө, калганын акчалай төлөөнү каалап жатат. Мына ушундай пикир келишпестиктен 2004-жылда газ сатып алуу боюнча келишимге кол коюлбай турат. «Эгерде келишимге кол коюлбаса, жаңы жылдан тартып өзбек тарап газ берүүнү токтотушу толук ыктымал» дейт Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Тайырбек Сарпашев:

- Биздин эл ага моралдык жактан даяр болуш керек.

Эгерде газ буулса Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоо жагы кыйынчылыкка учурашы турган иш. Муну Бишкек жылуулук-электр борборунун (Бишкек ТЭЦи) башкы инженери Сергей Бочков мындай түшүндүрөт:

- Кокус газ болбой калса көмүр күйбөй калат. Көмүр күйбөсө жылуулук кайдан болсун?! Газдын ордуна жагылчу мазут да абдан аз.
«Кыргызгаздын» жетекчисинин орун басары Кубанычбек Жусуповдун айтымында, Автандил Сыдыковдун аракети ийгилик алып келбегендиктен, эми газ боюнча сүйлөшүүгө өкмөт киришмекчи:

- Газ маселесин оң жагына чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүп, биздин өкмөт Өзбекстандын өкмөт башчысына кат жолдогону атат.

Кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаев Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө «өзбек тарап газды өчүрбөйт, анткени Өзбекстандын премьер-министри Уткир Султанов ошондой убада берген» деп айткан эле. Бирок Танаевдин сөзүнөн кийин көп узабай эле Уткир Султанов кызматтан алынып, анын ордуна Самарканд облусунун акими Шавкат Мирзияев дайындалды. Эми Уткир Султанов берген убаданы Шавкат Мирзияев аткарабы же жокпу – ал белгисиз.

Депутат Тайырбек Сарпашевдин айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы энергетика маселелери буга чейин саясий жол менен чечилип келген:

- Газ, электр энергиясы маселелери эки мамлекеттин ортосунда экономикалык эмес, саясий алкакта чечилип келатат. Ал эми мындай шартта бир тарап экинчи тарапка басым жасап, өз ыңгайына тартууга аракет көп болот.

Эгер өзбек тарап өзүнүкүнөн кайтпаса, январь айында карызды Бишкек нак акча менен төлөөгө мажбур болот. Бирок, бул абалдан чыгуунун да жолдору жок эмес.

- Биринчиден, дипломатиялык сүйлөшүүлөр керек, - деп сөзүн улантты Тайырбек Сарпашев. - Экинчиден «Кыргызгазды» реформалап, аны элден акча жыйноого, демек, төлөөгө жөндөмдүү ишкана кылып түзүү зарыл. Үчүнчүдөн, суу-энергетика маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдө жумшактык кылып жатабыз. Андан сырткары да бул маселени узак мөөнөткө чечүүнүн механизмин тапканыбыз оң.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аскар Айтматов 19-декабрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө, кыргыз-өзбек мамилесинде чечилчү бир катар татаал маселелер бар экенин билдирди. Бишкек менен Ташкен ортосунда чегараны делимитациялоодон башка, өкмөттүк деңгээлдеги жолугушуулар да көптөн бери өтө элек. Кээ бир эксперттердин пикиринде, эки өлкөнүн ортосундагы мындай татаалдашкан маселелерди президенттердин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр менен чечүүгө болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG