Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Экономика

Sorry! No content for 9 Декабрь. See content from before

дүйшөмбү 8 Декабрь 2003

«Кыргызэнерго» акционердик коомун электр энергиясын өндүрүү, жеткирүү, бөлүштүрүү компанияларына ажыратып жиберүү күткөн натыйжаны бербегенин өкмөт өзү моюнга алууда. Коопсуздук кеңешинин быйыл 25-октябрда өткөн жыйынынын чечимине ылайык президенттин энергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлү дайындалган. 8-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында электр энергетика тармагындагы абал, президенттин атайын өкүлүнүн бир ай ичинде аткарган иштери тууралуу кеп жүрдү.

Электр энергетика тармагынын оор абалга кептелишине дебитордук карыздардын 2,5 млрд. сомго жеткени, оңолот деген компаниялардын түгөл баары күткөн үмүттү актабаганы себеп болду. Өкмөт былтыр 19-августта электр энергетика тармагындагы абалды турукташтыруу жөнүндө атайын токтом кабыл алып, аткарылчу иштердин бир тобун аныктап берген. Бир жылдан соң өкмөт иштелип чыккан электр энергия акысынын 26% гана чогултулаарын, техникалык-коммерциялык жоготуулар 42% өсүп кеткенин белгилеп, электр акысын чогултууну ыкчамдоо милдетин койгон. Электр энергетика тармагындагы абал быйыл Коопсуздук кеңешинин жыйынында эки жолу талкууланды. Кийинкисинде президенттин энергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлүнүнүн кызматы киргизилип, ага тармактагы абалды оңдоо милдети жүктөлгөн.

Президенттин атайын өкүлү Жантөрө Сатыбалдиев бир айга жакын убакыт аралыгында жаңы кызматтын жобосун даярдап, алдыда жасалчу иштерин аныктап алганын билдирди. Жаңы жылдан тартып президенттин энергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлү дайындаган адамдар электр энергетика компанияларынын директорлор кеңешине мүчө болуп киришет. Мындай аракет электр энергиясын жеткирүүчү жана бөлүштүрүүчү акционердик коомдордун ишин жандантуу максатында жасалууда. Жантөрө Сатыбалдиев быйыл ноябрь айында электр акысына 142 млн. сом накталай акча жыйналганын кабарлады.

- Бул көзгө көрүнөрлүк көмөк, - деп айтты Жантөрө Сатыбалдиев. Анын маалыматы боюнча, соңку эки айда бөлүштүрүү компаниялары дурус дегидей иштешти.

- Жалпысынан алганда, бардык бөлүштүрүү компанияларында дебитордук карыз өскөн жок. Биз азыркы карыздарыбызды толук төлөп, ноябрь айында дебитордук карыздарды 66 млн. сомго азайттык. Бул жакшы маанай жаратпай койбойт, мына, декабрь да кирип келди, алгачкы көрсөткүчтөр жаман эмес, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Анын оюнча, электр энергия акысын өз ара эсептешүү же товар менен төлөп берүү ыкмасынан кутулсак, тармактагы абал кыйла жакшырмак.

- 2001-жылдан бери чогулган проблеманы кыска убакыт ичинде чечип ийиш кыйын, - дейт президенттин атайын өкүлү.

Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин Сары Өзөн Чүйдө да электр акысын чогултуу иши кыйла жанданганын облустук мамлекеттик акимчиликтин жетекчисинин орун басары Болотбек Кененбаев маалым кылды.

- Эгер аны сандар менен айта турган болсок, октябрь айы үчүн 52 млн. сомдон ашуун акча чогултулду. Бул товар жагынан алганда 108% түзөт. Анын накталай акчасы - 32 млн. сом. Ноябрь айы үчүн 41 млн. сом нак акча жыйналды. Алдын-ала маалыматка караганда, жалпысынан 61 млн. сом чогулду, - деди ал.

«Түндүк электр» акционердик коомунун жетекчиси Сапарбек Балкыбеков да ноябрь айында дебитордук карыздарды жоюу кыйла жанданганын маалымдады. Тактап айтканда, быйылкы жылдын 6 айында дебитордук карыздар 45 млн. сомго азайган. Октябрь айында дебитордук карыздын 20 млн. сому жоюлса, ноябрда дебитордук карыздардын 58 млн. сому жоюлган.

- Бул кассага түшкөн акчалар, - деп айтты Сапарбек Балкыбеков.

Анткен менен «Түндүк электр» АК кызматынан пайдалангандардын дебитордук карызы дале көп бойдон калууда. 1-декабрга карата ал 688 млн. сомду түздү.

Кыргыз өкмөтү жабыла киришип аткан электр карыздарын өндүрүү ушу тапта өзгөчө курч проблемалардан. Күн кур эмес текшерүүнүн жыйынтыктары жарыяланып, карыз акчасын бербей жүргөндөргө катаң чаралар көрүлүп жатканы ачыкка чыгууда. Жантөрө Сатыбалдиев электр акысын чогултуу бара-бара жолго коюлат деген ишенимде. Ал үчүн аткаруу бийлиги колдо болгон мүмкүнчүлүгүнүн баарын жумшай тургандыгын билдирди. Атайын өкүлдүн айтымында, учурда айрым жерлерде ийгиликтүү сындан өткөн ыкма - электр энергиясын бөлүштүрүүчү трансформаторлорду кардарлардын өзүнө берүү маселеси иликтенүүдө. Ансыз электр энергиясын уурдоочулардын ар биринин жанына текшерүүчүнү коюу мүмкүн эмес.

Сапар Орозбаков, Бишкек Кийинки кездерде Кыргызстандын экономикасына офшордук компаниялар көбүрөөк аралаша баштаганы байкалат. Салыктан качып офшордук (чет өлкөгө таандык) аймактарда катталып алган, ээси белгисиз бул компаниялар жөнүндө коомчулукта ар кандай пикир бар.

Кайыңдынын кант заводун ишенимдүү башкарууга берүү тууралуу өткөрүлгөн тендерде аны эч кимге белгисиз, Кипрде каттоодон өткөн “Перидот Антштальт”деген офшордук компания утуп алган. Эми “Кыргызтелеком” да офшордук компанияга өтүп кетиши мүмкүн болуп жатат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Равшан Жээнбековдун айтымында, тендерде утуп чыккан “Шведтел” компаниясы аны Сейшел аралдарында каттоодон өткөн “Америкен эквюмент лимитед” деген офшордук компанияга каттатууну сурап жатыптыр. Министр Жээнбеков офшордук компаниялардан жөн эле корко бербөө керектигин айтат:

- Орустардын деле бир топ чоң компаниялары ошол офшордук аймактарда катталган экен. Мисалы Юкосту алалы. Ал да офшордук аймакта каттоодон өткөн. Аны эч ким начар компания, жаман иштеп жатат деп айталбайт.

Кыргызтелекомдун офшордук компанияга бериле тургандыгы коомчулукка белгилүү болуп калып, анын каршылыгын жараткан соң, Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети азыр позициясын өзгөртүп, “аны ага берээр–бербесибизди биротоло чече элекпиз”, - деп жатат. Азыр тендерде экинчи орунду алган “Ростелекомдун” аты көбүрөөк айтыла баштады.

- Бир- эки ишкананы чет өлкөлүк компаниялар сатып алабыз дешиптир. Биз карап көрсөк, алар офшордук аймактарда катталышыптыр. “Алардын акчасы бар же жок экенин, жалган документ менен келгенби, чын документ менен келгенби, текшергиле“ деп айтканбыз. Офшордук компанияларды «жаман» деп айтпайм. Бирок кийин акча которулганда жоголуп кетип жатышпайбы. Алардын ошонусу коркунучтуу, – деп депутат Жаныш Рүстөнбеков өткөн жылы аты чыккан “Феликс интерпрейшн” деген офшордук компанияны эскертти. Анын айтымында, өткөн жылы өкмөт Казакстандан көмүр ташып келүүгө ортомчулук кылууну “Феликс интерпрейшн” деген офшордук компанияга тапшырмак болот. Албетте, ал ортомчулук милдетти бекер аткарбайт болчу.

Депутат Жаныш Рүстөнбеков:

- Текшеребиз десек, ал бул иштен баш тартып, жок болду. Бизге Казакстандын премьер-министри “ага акча которуп, андан айрыласыңар” деп (эскертип) айткан .

Айтылгандардан көрүнүп тургандай, офшордук компания кайсы жерде чоң акча болсо, ошол жерде пайда боло калат. Ал кайдан келип, кайда кеткенин билбей каласың.

Депутат Марат Султанов:

- Офшордук компаниянын өзгөчөлүгү - анын артында ким тураарын билбейсиң. Экинчи дагы бир өзгөчөлүгү - салыкты аз төлөш үчүн, аны жашырган жерге качуу. Биз азыр коррупция менен күрөөшүүнүн бирден бир жолу ачыктык деп жатпайбызбы. Офшордук компания буга карама-каршы келет. “Шведтелге” биз: “Урматтуу достор, “Кыргызтелекомду” сатып алганы жатканыңардан кийин офшорго жамынбай эле, ачык ишенгиле, кандайдыр бир милдет алгыла , биз кийин бир нерсе болсо силерден расмий түрдө сурагандай бололу!” - деп айтышыбыз керек болчу.Офшордук компания бүгүн бар да, эртең жок. Кетип калса , кайдан табабыз? Ошондуктан мен мындай офшордук компанияларга каршымын.

Депутат Султанов айткандай, жогоруда сөз болгон “Перидот Антштальт” Кайыңды кант заводун 3-4 жыл иштетип алып, аны быйыл “Альянс “деген компанияга сатып жиберди. “Перидот Антштальт” азыр кайда экени белгисиз бойдон кала берип жатканы маалымдалууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG