Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Экономика

Баткендеги башы ачылбаган мунай ишканасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:55 0:00

Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагынан күнүнө миң тоннадай нефти Өзбекстан менен Тажикстанга жашыруун сатылып жатканы социалдык тармактар аркылуу айтылып, талкуу жараткан. Баткен облустук бийлиги бул маалымат туура эмес деген билдирүү таратты. Өзбекстан менен чек арага жакын аймактан 1950-жылдардан бери иштетип келген газ жана мунай өндүрүү иши он жыл мурда токтотулганына карабай бир топ жерди кошуналар дагы деле ээлеп турат.

Өзбекстандын Бухара облусунун тургундары газ жоктугунан улам нааразылык акциясына чыгышты. Акцияга чыккан жарандар 60тан көп түтүнгө көгүлтүр от бир нече күндөн бери келбей калганына нааразы.

Социалдык тармактарда Бухара облусунун Каракөл районунун тургундары жол тороп, газ берүүнү талап кылганы тартылган видео тарады.

"ГазетаУз" интернет сайтынын маалыматына караганда, окуя 10-декабрга караган түнү болгон.

Видеодо негизинен 20дай аял жол тосууга аракет кылып, Жол коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот. Алардын айтымында, 60ка жакын үй газсыз калган.

Ал эми Бухара облустук акимчилиги сайтында окуя боюнча текшерүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.

"Кырсыктын себептерин тактоо максатында "Худудгаз Бухара" камсыздоо филиалынын кызматкерлери көйгөйдү изилдешти. Газ менен камсыз кылууга байланыштуу көйгөйлөрдү жоюу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлдү. Көйгөйдүн түпкү себеби аныкталды жана аймакка газ берүү калыбына келтирилет", — деп жазылган сайтта.

Өзбекстанда өткөн жылдардагыдай эле быйыл да көгүлтүр от менен электр энергиясы өчүрүлө баштады. Буга байланыштуу өлкө аймактарындагы тургундар нааразылык билдирип чыгып жатышат.

Өткөн жылы Анжиян, Фергана, Сырдарыя облустарынын жана Каракалпакстандын жашоочулары газ менен жарыктын тез-тез өчүрүлүшүнө нааразылык билдирип, бир нече жолу автоунаа өтчү жолду буушкан.

Ал арада үстүбүздөгү жылдын 7-декабрынан тарта Ташкенттеги май куюучу жайлардын газ куйган графигине убактылуу чектөө киргизилген. Бул тууралуу "Худудгаз Ташкенттин" директору Дилшод Гафуров жергиликтүү басылмаларга кабарлаган.

"Жаңы графикке ылайык, калкты, социалдык жана стратегиялык объектилерди үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылуу максатында үстүбүздөгү жылдын 7-декабрынан тарта борбордогу 54 май куюучу жайда саат 17:00дөн 5:00гө чейин газ берүү токтотулат" деп билдирген.

Мындай чектөөнүн себебин ишкананын өкүлдөрү жана Ташкент шаардык администрациясы май куюучу жайлар көгүлтүр отту ири түтүктөргө туташтырып, ал аркылуу жылуулук өндүргөн ишканаларга берип жатканын тастыкташкан.

«Худудгазтаъминот» ишканасы чектөөлөр "магистралдык газ түтүктөрүндөгү басым кадимки калыбына келгенге чейин күчүндө калат" деп билдиришкен.

Ал эми Өзбекстандын чыгышында орун алган Анжиян шаарында 9-декабрга караган түнү көп кабаттуу үйдүн батиринин биринде газ жарылып, өрт чыккан. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, батирлердин биринен чыккан газ абага кошула берип, бөлмөдөгү жарыкты күйгүзгөндө жарылуу болгон.

Анжиян облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына ылайык, кырсыктан батирдеги үч тургун жараат алып, ооруканага жаткырылган. Ал эми өрттө үйсүз калгандарды акимчилик убактылуу үй менен камсыз кылып, курулушчулар батирлерди оңдой баштаганы кабарланды.

Ал ортодо тийиштүү мамлекеттик мекемелер өзбекстандыктардын төрт пайызы гана газ көйгөйүнө туш болушканын айтышат. Бирок бул өтө чоң көрсөткүч. Өлкөдө «Худудгазтаъминоттун» маалыматы боюнча, учурда 3,7 миллион абонент жаратылыш газын колдонууда. Абонент бир адам эмес, анын артында чоң үй-бүлө турушу мүмкүн.

Өзбекстандын мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын 10 айында өлкөдө газ өндүрүү болжол менен 9,6 миллиард кубометрге азайган. Ал эми ушул жылдын январь-октябрь айларында 40,4 миллиард кубометр, өткөн жылдын ушул мезгилинде болсо 50,1 миллиард кубометр газ өндүрүлгөн.

Коңшу Өзбекстанда 18-ноябрдан бери аба ырайы кескин муздап, кар жаап, өлкө боюнча энергетикалык каатчылык пайда болгон. Борбор калаа Ташкенттин бир катар райондорунда буу казандары жана түтүктөр иштен чыгып, көпчүлүк аймактарда электр жарыгы өчүп, газ үчүн узун кезектер пайда болгону айтылат.

Өзбек аткаминерлери энергетикалык кризисти аба ырайынын муздашына жана электр энергиясын керектөөнүн кескин жогорулашына байланыштырышат, бирок эл арасында бир нече жылдан бери ушул эле көйгөй кайталанып келатканын билишет. Ошондой эле президент Шавкат Мирзиёев өлкөдө быйыл кыш катаал болорун эскерткен.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG