Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:47

Экономика

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев Борбор Азиядан Кытайга өтчү газ куурунун курулушуна байланыштуу долбоорду ишке ашырууга багытталган «сырдуу схеманын» эсебинен он миллион доллар тапканын британиялык Financial Times басылмасы жазды.

3-декабрда Financial Times басылмасында жарык көргөн макалада Казакстандагы таасирдүү жана эң бай адамдарын бири, миллиардер Тимур Кулибаев газ куурунун курулушуна тартылган мамлекеттик компанияларды көзөмөлдөп турган маалда ошол кездеги келишимдердин “каймагын калпыганы” жазылган.

Макаланын автору Том Бержес «Клептопия: арам акча дүйнөнү кантип ээледи” деген китептин автору катары белгилүү журналист-иликтөөчү. Китепте Казакстандагы коррупция тууралуу сөз болот.

Бержес өз макаласын 2008-2014-жылдар аралыгындагы электрондук кат алмашууларга таянып жазган. Ал каттарды журналистке ысымы аталбаган булак берген.

ЕТК компаниясы жана болот схемалар

Financial Times ырастагандай, каттар Кулибаевге ЕТК компаниясы менен түзүлгөн келишимдерден киреше табууга мүмкүнчүлүк берген схемаларды ачыктаган.

Басылманын маалыматы боюнча аталган компания Украина менен Орусиянын заводдорунан түтүктөрдү сатып алып турган. Ошондой эле ал бул заводдорго продукция өндүрүү үчүн кымбат баада болот металлын жеткирчү.

Бержес колундагы келишимдерди иликтеп көрүп, чийки зат болот өндүрүүчү Jiangsu Shagang деген кытайлык компаниядан тоннасы 935 доллардан сатып алынып, ал эми орус заводдоруна 1500 доллардан жеткирилип турганын жазган. Автордун эсебинде, ЕТК Сингапурдагы жана Бириккен Араб Эмираттарындагы компаниялар аралашкан бул схемадан 75 миллион доллар тапкан.

Түркмөнстанды Кытай менен Казакстан аркылуу байланыштырган Азия газ куурунун бир бутагынын жанында турган кытайлык жумушчу. 12-декабрь, 2009-жыл.
Түркмөнстанды Кытай менен Казакстан аркылуу байланыштырган Азия газ куурунун бир бутагынын жанында турган кытайлык жумушчу. 12-декабрь, 2009-жыл.

Документтерге караганда, бул акчанын көбү ЕТКнын башчысы, орусиялык ишкер Александр Кармановго эмес, Тимур Кулибаевге багытталып турган.

“Электрондук каттар жана PowerPoint программасында жасалган презентация көрсөткөндөй, Кулибаев келишимден түшкөн кирешенин 70%” же болжол менен 53 миллион доллардай ала турганы белгиленет макалада.

Британ басылмасына түшкөн кат алмашуулардан белгилүү болгондой, Тимур Кулибаевдин айланасындагы адамдар ЕТК компаниясындагы кабыл алынган чечимдерди көзөмөлдөп туруу үчүн ал ишкананын үлүшүн Кулибаевдин ишенимдүү адамына өткөрүп берүүнү сунушташкан.

2012-жылдын декабрь айында ЕТКнын акционерлеринин курамына “казакстандык ишкер Мурат Балапанов” кирген.

Financial Times Балапанов менен байланыша алган эмес. Ал эми Тимур Кулибаевдин адвокаттары алардын кардары ЕТКга жана ар кандай схемаларга кыйыр да, түз да байланышта болбогонун айтышкан. Ошондой эле Мурат Балапановдун Кулибаевдин өкүлү болбогонун ырасташкан.

Андан тышкары Балапановдун ЕТКда үлүшү жок болгонун белгилешкен. Анткен менен макаланын авторунун айтымында, документтерде башкача көрсөтүлгөн.

Динара Кулибаева.
Динара Кулибаева.

Адвокаттар “кирешенин 70% Сингапурда жайгашкан биздин кардарыбыздын ишканасына кайтканы тууралуу божомлдор чындыкка дал келбейт”, - деген жооп кайтарышкан.

Алар ошондой эле Кулибаев туура эмес маалыматты таркатуу кампаниясынын объектисине айланганын жазышкан.

Бержес ал иликтеген документтер, Назарбаевдин небереси Айсултан өлөрдөн бир аз мурда айткан, жазган маалыматтарга “дал келерин” белгилейт. “Фейсбуктагы” Айсултан Назарбаев деген аталыштагы баракчада “Орусия менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы ири масштабдуу коррупция” тууралуу билдирүүлөр байма-бай чыгып турган. Ал баракчанын автору ошондой эле бул схемага анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн да аралашканын жазчу.

2020-жылдын август айында Айсултан Назарбаевдин сөөгү Лондондо табылган. FT маалыматына караганда, экспертиза ал кокаинге ууланып өлгөнүн көрсөткөн.

PETROLEUM аркылуу схемалар

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы Динаранын күйөөсү, 54 жаштагы Кулибаев 1990-жылдардын аягынан бери мунай тармагындагы жогорку кызматтарды ээлеп келген. ( Учурда ал Kazenergy ассоциациясын жетектейт. Ал уюмга мунай жана энергетика жаатындагы ишканалар кирет. Ошондой эле “Атамекен” деп аталган Ишкерлердин улуттук палатасынын президумунун төрагасы.)

FT басылмасы белгилегендей, Кулибаевдин таасири Казакстандын аймагы менен гана чектелбейт. 2011-жылдан бери ал “Газпром” орусиялык газ гигантынын директорлор кеңешине да мүчө.

2011-жылы Кулибаев бюжети 80 миллиард долларды түзгөн, квазимамлекеттик тармактагы компаниялардын башын бириктирген “Самрук-Казына” фондун жетектеген. Фондго караштуу “КазМунайгаз” компаниясы кытайдык CNPC компаниясы менен Азия газ куурунун долбоорун иштеп чыккан.

Иликтөөчү Том Бержестин колуна тийген каттардын топтому көрсөткөндөй, 2011-жылы Кулибаевдин жеке компаниялардын бири Petroleum LLP 300 миң тонна металлды жеткирүү боюнча контрактты утуп алуу менен Азия газ куурунун долбоорунан пайда тапкан болушу мүмкүн. Кулибаевдин юристтери бул маалыматты четке кагууда.

Борбор Азиядан Кытайга тартылган куурдун бир бөлүгү негизинен кытай тараптан алынган насыянын эсебинен курулган. Казакстанга инвестиция салган ири мамлекеттердин арасында Кытай төртүнчү орунду, ал эми насыя берген жагынан үчүнчү орунду ээлейт.

Мурдагы жылы Кулибаев кытай инвесторлоруна Алтын банктын акцияларынын көзөмөл пакетин сатып жиберген.

Америкалык Forbes журналы Кулибаевдердин байлыгын 5,8 миллиард доллар деп баалайт. “Алмэкс” холдинг компаниясы аркылуу Тимур Кулибаев жана анын жубайы Динара Кулибаева Казакстандагы ири банкты көзөмөлдөп турушат. Быйыл Тимур Кулибаевге караштуу Venus Airport Investments B.V. компаниясы Алматы аэропортун түрктөрдүн TAV Airports жана VPE Capital ишканасына 415 миллион долларга сатты.

(Макаланын оригиналын "Азаттыктын" казак сайтынан тапсаңыз болот)

Эт кымбаттаса эл, мал арзандаса фермер нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:19 0:00

Өкмөттүн малды сыртка сатууга тыюу салган чечими фермерлер тарабынан сынга алынып, алар чек аранын ачылышын талап кылып жатат. Анткени бодо мал 7-8 миң сомго чейин арзандап кеткени айтылууда. Аткаруу бийлигинин мындай кадамына эттин кымбаттап кетиши себеп болгон. Бир ай мурун 490 сомго сатылып жаткан уйдун сулп эти, азыр 450 сомго чейин түштү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG