Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:04

Экономика

Кыргызстандын электр тармактары. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик мекемелер кышкысын энергетикалык кырдаал оор болорун улам эскертип жатышат. Буга Токтогул суу сактагычында суунун аздыгы себеп болууда.

Же электр энергиясын өчүрүүгө барыш керек, же чогулган сууну аягына чейин пайдалануу зарыл. Эки жолдун тең артында түрдүү кесепеттер бар. Бул жагдайда тариф темасы дагы көтөрүлдү.

Кайра айтылган эскертүү

Энергетика тармагындагы соңку кырдаалга байланыштуу бул жолу «Кыргыз энергетикалык эсептөө борборунун» башкы директору Таалайбек Байгазиев билдирүү таратты. Бишкектеги басма сөз жыйынында ал кийинки айда электр энергиясын керектөө кескин күчөгөнүн кабарлап, калкты аны үнөмдөөгө чакырды:

Таалайбек Байгазиев.
Таалайбек Байгазиев.

«Электр энергиясын пайдалануу бардык жерде күчөп жатат. Ай сайын эмес, күнгө бөлүп алганда да күчөп жатканы байкалууда. Октябрдан бери биздин мекеме жана бардык энергокомпаниялар аймактарда электр энергиясын керектөөнүн нормасын сактоону макулдашканбыз. Анын алкагында бардык деңгээлдеги мамлекеттик штабдар аркылуу лимитти сактоо боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Компаниялар да электрди пайдалануучулардан үнөмдөөнү суранып жатат. Бул Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жетишсиз болуп жатканы менен байланыштуу. Албетте, бул жылы биз кезектешип өчүрүүгө барбай чыгып кетебиз, бирок келерки жыл мындан да оор болот».

Мурдараак «Улуттук энергохолдинг» компаниясы кабарлагандай, декабрда Кыргызстан боюнча электр энергиясын пайдалануунун лимити 1 млрд. 886 млн. кВт/саат деп коюлган.

Мунун ичинен 1-декабрдан 28-декабрга чейинки лимит 1 млрд 394 млн. кВт/саат болсо, бул аралыкта абоненттер 1 млрд. 556 млн. кВт/саат пайдаланышкан. Башкача айтканда, чектен 162 млн. кВт/саат ашып кетишкен.

Арийне, «Токтогул» гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү быйыл жайда болгону 14-15 млрд. куб метрди түзгөн.

«Электр станциялары» ишканасынын сайтында кабарлангандай, 29-декабрга карата бул 12,3 млрд. куб метрди түзүп жатат.

Өлкөнүн эң башкы суу сактагычында запастын аздыгы кышта жарыктын өчүрүлүшүнө алып келерин өз убагында эксперттер эскерткен. Муну мурдагы бийлик да, жаңы бийлик да мойнуна алгандай болгон.

Жогорку Кеңештин 16-декабрдагы жыйынында вице-премьер-министр Равшан Сабиров Кыргызстанда электр энергиясын пайдалануу кескин күчөгөнүн маалымдап, ал автоматтык түрдө өчүшү мүмкүн экенин эске салган.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 18-декабрда энергетика тармагынын ишин талкуулоо боюнча кезексиз кеңешмеде да ушул маселеге кайрылган.

Артем Новиков.
Артем Новиков.

«Күз-кыш мезгили кыйынчылык менен өтүүдө. Электр энергиясын керектөө арбыды, бул энергетикалык тутумдагы аварияларга алып келиши ыктымал. Тийиштүү чара көрүп, калк арасында электрди үнөмдөө жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү. Керектөөнүн көлөмүн азайтуу зарыл. Биз энергияны үнөмдөөчү технологияларга өтүү тууралуу бир нече ирет айтканбыз. Бирок өткөн жылдары бул маселеге жетиштүү көңүл бурулган эмес. Учурда чыныгы абалды жана окуялардын терс өнүгүшүнө карай даярдык кандай экендигин баалаш керек. Ошол эле учурда калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу боюнча чара көрүү зарыл», - деген анда Артём Новиков.

Ал арада «Улуттук энергохолдинг» компаниясы жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасы элди электрди азыраак колдонуп, көмүр, газ сыяктуу альтернативалуу жылуулук булактарын пайдаланууга чакырды.

Электр компаниялары, анын ичинде «Түндүк электр», «Ош электр», «Жогорку чыңалуудагы электр тармактары» ишканалары абоненттерине эсеп-дүмүрчөктөрү аркылуу эскертүү берип жатат. Анда соңку эсептер 31-декабрга чейин төлөнбөсө, андан ары жарык берүү өчүрүлөрү кабарланат.

«Түндүк электр» ишканасынын басма сөз кызматкери Бегимай Төрөбаева кепке кошулду:

«Күн сайын электр энергиясын керектөө көбөйүп жатпайбы. Ошого байланыштуу биз «электр жылыткычтарды кыш мезгилинде эртең мененки саат 8:00дөн 9:00гө чейин, кечкисин 18:00дөн 22:00гө чейин колдонбогула» деп, абоненттерге чакырык таштаганбыз. Анткени бул убактарда жүктөмдөр максималдуу түрдө көбөйүп, линияларга терс таасирин тийгизет да. Бул кабар өчүрүү болот деген сөз эмес».

Кыргыз өкмөтү Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө максатында быйыл күз-кыш сезонунда Казакстандан 500 млн. киловатт саат электр энергиясын сатып ала турганын кабарлаган. Ушул күнгө чейин мунун кайсы бир бөлүгү алынды.

Кыргызстан 12 айда өзү өндүргөн электрдин эсеби колубузга тийе элек. Он айда 11,59 млрд. киловатт/саат электр энергиясын өндүргөн. Бул былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 0,2% аз.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев бул жагдай узак жылдардан берки жалпы саясаттын жыйынтыгы экенине токтолду:

«Биринчи кезекте, ошол «Токтогулдагы» суунун аздыгы бизди ушул кризиске улам түртүп жатат. Анткени, биз кыштан чыгыш үчүн эле анда 5-6 млрд. куб метр сууну пайдаланабыз. Натыйжада жазга барып, суу кайра дагы ушунча эле көлөм калып калып атпайбы. Суу сактагычта суу кескин азайып кетсе бул ГЭСтин иштешине кедергисин тийгизет. Экинчиси, эгемендик алгандан берки саясат ушуга алып келди. Бул аралыкта Камбар-Ата-2 ГЭСин эске албаганда, бизде жогорку кубаттуулуктагы бир да ГЭС ишке кирген жок. Камбар-Ата-2 ГЭСинин агрегаты деле толук кубаттуулукта иштей албай жатат. Бизде азыр Кыргызстандагы бардык ГЭСтер менен ЖЭБдерди алганда, 3200 мегаваттык кубаттуулук бар. Мындай оор кыштарда биз муну максималдуу пайдаланып жатабыз. Ошону үчүн өкмөт кезектешип өчүрүү болорун мойнуна алып, ачыгын айтып жатат. Биз кыштан ансыз өтө албайбыз».

Расмий маалыматтарда айтылгандай, 2017-2018-жылдары «Токтогул» ГЭСиндеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилине 19,2-19,6 млрд. куб метр менен кирген.

2019-жылы жайда 16 млрд. куб метр суу болсо, күзгө чейин ал 17 млрд. куб метрге жеткен.

2007-2008-жылдары «Токтогулдагы» суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Тариф кайрадан эске келди

Соңку энергетикалык кризис учурунда ар кайсы платформаларда электрдин баасына карата талкуулар кайрадан жанданды. «Кыргыз энергетикалык эсептөө борборунун» башкы директору Таалайбек Байгазиев өз билдирүүсүндө да ушул маселени кабыргасынан койду:

«Тарифтерди көтөрүш керек. Анткени электр энергиясын керектөө көбөйүп жатат. Кубаттуулук көп керектеле баштады. Экономиканы дагы өнүктүрүш керек, завод-фабрикаларды иштетиш керек. Албетте, буга дагы көп кубаттуулук зарыл. Дагы линиялар тартылышы керек. Мунун баары кошумча каражаттарды талап кылат. Бул эмненин эсебинен болот? Бул тарифтердин эсебинен болот. Дароо көтөрбөсө да, аз-аздан, пландык чек менен кымбататтса болот. Башкысы, бул калктын аз камсыз болгон бөлүгүнө зыян келтирбегидей жагдайда жүрүшү керек».

Кыргызстанда электр энергиясы үчүн тариф акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө 700 кВт саатка чейинки электр энергиясына баа 77 тыйын, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан тариф коюлган. Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер 2 сом 24 тыйындан төлөйт.

Ал эми жылуулук энергиясынын тарифи 1 гигакалорийге 1134 сом 76 тыйынды түзөт.

Кайрадан эксперт Мырзатай Султаналиевге сөз берели.

Мырзатай Султаналиев.
Мырзатай Султаналиев.

«Тариф маселеси Кыргызстанда саясий маселе болуп калган, - деди ал. - Ошондуктан бийлик дайыма өз зыянына кетсе да электрдин баасын кымбаттатпай, кармап отурат. «Көтөрүш керек, бирок менден кийинки бийлик көтөрсүн, мен тынч кетип калайын» деген мааниде. Анткени тариф көтөрүлсө нааразылыкка алып келет. Бирок чынын айтканда, азыркы тариф саясаты туура эмес саясат. Чыныгы экономикалык мыйзам ченемдүүлүк менен алганда электр энергиясы кымбаттады, аны көбөйтүш керек. Эгер дароо көтөрө албаса, анда ар кайсы катмарларга ар кандай баада коюш керек».

Электр энергиясынын өчүрүлүшүнө байланыштуу нааразылык эмитен эле башталды. 15-декабрда Бишкектин четиндеги Ак-Жар жана Ак-Бата конуштарынын тургундары жарык тынымсыз өчө бергенине нааразы болуп, кан жолду буушкан. Алар жолдо дөңгөлөктөрдү өрттөп, чуу салышкан.

Эгер тарифти кымбаттатуу жөнүндө сөз болсо бул башкалардын да нааразылыгына себеп болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

Иллюстрациялык сүрөт.

COVID-19 пандемиясы 2020-жылы дүйнө экономикасын кыйла алсыратты. 2021-жылы экономика калыбына келеби жана коронавируска каршы эмдөө буга канчалык жардам бере алат?

Улуттар Уюму пандемиянын экономикага тийгизген таасири дагы көпкө сезилерин, өзгөчө жакыр жана корголбогон өлкөлөргө күч келе турганын билдирди.

Коронавирус пандемиясы дээрлик бардык мамлекеттердин экономикасына чоң сокку урду.

Эксперттердин пикиринде, Жер планетасы Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң олуттуу экономикалык кризиске дуушар болду.

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 90 миллионго чукулдап, илдеттен 1 миллион 700 миңдей адам көз жумду.

Дүйнө калкынын жарымынан көбү адамзат тарыхында мурда болуп көрбөгөн карантин чараларына кабылды. Айрым мамлекеттердин бийлиги чектөөлөрдөн улам жабыркаган үй-бүлөлөргө, ишканаларга каржылык жардам көрсөтүүгө аракет кылышты. Март айынан бери бул багытка ар кандай эсептер боюнча бери дегенде 12 триллион доллар сарпталды.


Бюжеттик акчанын бул максатта коротулганы да экономиканы сактап кала алган жок. Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун баасы боюнча глобалдык ички дүң өндүрүм 4,5% чейин төмөндөшү мүмкүн.

Ноябрь айынын соңунда чыккан Улуттар Уюмунун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын баяндамасында кризистин айынан 130 миллион адам жакырчылыкка батып, теңсиздик жана социалдык жактан коргоосуздук күч алышы мүмкүн экени эскертилген.

Кырдаалды Европа, Америка жана башка континенттерде жыл соңунда күч алган коронавирустун “экинчи толкуну” дагы курчутту.

«Вакцина чыкса да экономика тез арада калыбына келбейт»

Дээрлик бардык эксперттер экономиканын калыбына келиши вакциналардын натыйжалуулугунан көз каранды экенин белгилешет.

Учурда америкалык "Pfizer" жана германиялык "BioNTech", "Модерна" жана "AstraZeneca" компаниялары ойлоп тапкан вакциналар үмүт жандырып жатат.

"Pfizer" жана "BioNTec", "Модерна" компанияларынын вакциналары сыноонун үчүнчү баскычында 90% ашуун натыйжалуу экенин көрсөтүштү. Учурда "Pfizer" жана "BioNTec" компанияларынын вакцинасы ондогон мамлекеттерде каттоодон өтүп, адамдарга сайыла баштады.


Орусия коронавируска каршы өзү чыгарган «Спутник-V» вакцинасын каттоодон өткөргөн алгачкы мамлекет болуп калды. Анткен менен эл аралык илимий чөйрө аны каттоодон өткөрүү механизминин тазалыгынан күмөн санап жатат.

Эмдөөнүн башталышы экономиканын калыбына келишине үмүт арттырат. Анткен менен эксперттер вакцинанын массалык өндүрүлүшүн жана аны жеткирүү логистикасын эске алуу менен анчалык оптимист болбой турууга чакырышат.

Маселен, "Pfizer" компаниясы ноябрь айынын башында быйыл 50 миллион доза өндүрүлөрүн, ал 25 миллион кишини эмдөөгө жетерин билдирген. 2021-жылы 1,3 миллиард дозага чейин өндүрүү пландалууда.

Жер жүзүндө 7,5 миллиард адам жашарын эске алганда бул анча деле көп эмес.

UBS ири инвестициялык холдингинин төрагасы Аксель Вебер 11-ноябрда билдиргендей, вакцина чыкса дагы экономика тез арада калыбына келбейт.

«Кризиске чейинки ички дүң өндүрүмдүн деңгээлине жетүү үчүн кеминде бир жыл керек. Дагы бир же эки жыл кризиске чейинки жумушсуздуктун жана экономикалык өсүштүн көрсөткүчүнө жетүүгө кетет. Ошондуктан экономиканын калыбына келиши үчүн узак жараян зарыл», - деди Вебер CNBC телеканалына берген маегинде.

Ал эми 18-ноябрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европадагы бюросунун жетекчиси Ханс Глюге “Туннелдин ары жагында шоола көрүнөт, бирок бизди алдыда дагы катаал жарым жыл күтөт”, - деп билдирди.


Баары качан калыбына келет?

Улуттар Уюмунун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын баянында коронавирус пандемиясы тийгизген зыянды эске алуу менен 2021-жылы экономиканын калыбына келиши мүмкүн эмес деген кооптонуу бар.

19-ноябрда жарык көргөн баяндамада пандемиянын кесепеттери “өзгөчө жакыр жана аялуу катмарларда дагы узакка созулары” белгиленет. Ошол эле жерде дүйнөлүк жакырчылыктын деңгээли 1988-жылдагы Азиядагы каржылык кризистен бери алгач ирет көтөрүлгөнү жазылат.

“Вирус дүйнөлүк экономиканын эң башкы артериялары менен чек араларды тез кесип өтүүдө. Пандемия өзгөчө аялуу социалдык топторго катуу сокку уруп, дүйнөлүк экономиканы нес кылды”, - деди Улуттар Уюмунун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын баш катчысы Мухиса Китуйи.


Кытай күчтөнөбү?

Экономикалык жактан алганда пандемия алсыздардын абалын ого бетер оорлотуп, күчтүүлөрдүкүн тескерисинче жакшыртат.

Коронавирус алгач пайда болгон Кытайда экономиканын өсүшү катталды. Июль айынан сентябрга чейин дүйнөнүн экинчи экономикасы былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 4,9% көтөрүлгөн.

Бул боолгонгон божомолдон 5,2% аз, бирок Кытайдын ички дүң өндүрүмүнүн өсүү динамикасы COVID-19дан кийин кайра калыбына келип жаткан мамлекеттердин сап башына чыкты.

Дээрлик беш пайызга чейин өсүү бул жыл башындагы төмөндөөнүн фонунда болуп көрбөгөндөй көтөрүлүү дегенди билдирет. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында өлкө боюнча бардык заводдор токтогонуна байланыштуу Кытайдын экономикасы 6,8% кыскарган. Бул квартал боюнча статистика эсептеле баштаган 1992-жылдан берки эң алгачкы төмөндөө.

Аналитиктердин баамында, төмөндөп баратып кайра көтөрүлүү бийликтин бул жааттагы саясаты ийгиликтүү болгонун айгинелейт. Кытайда коронавирус башталганда бийлик катаал карантин чараларын киргизип, андан соң өндүрүү жараянын көтөрүү боюнча кадамдарды кабыл алган.


Жумушчуларга оңой эмес болот.

Пандемия жумушчуларга жана кызматкерлерге ар башка сокку урушу мүмүн. Британияда жарык көргөн «Экономист» журналы «Буга чейин кеңседе отуруп иштегендер өз жумушун ашканасында же уктоочу бөлмөсүндө деле улантып кетишти, ал эми буга чейин жыйнап-тейлөөчү болуп иштеп жүргөндөргө кайра жумуш издөөгө туура келет», - деп жазган.

2020-жылдын биринчи тогуз айында жалпы жумуш орундары 11,7% кыскарган. Бул Улуттар Уюмунун эсебинде, 323 миллион иш орунуна барабар. Жумуш сааттарынын кыскарышы 3,5 триллион долларлык киреше же глобалдык ички дүң өндүрүм 5,5% төмөндөдү дегенди билдирет.

2021-жылы жумуш базарлары кандай болору пандемиянын динамикасынан жана өкмөттүк чаралардан көз каранды.

«Карантин чараларынын өз убагынан мурда жумшартылышы пандемиянын узарышына жана жумуш базарларындагы кырдаалдын начарлашына алып келиши ыктымал. Ошол себептен саламаттык сактоо, экономика жана социалдык саясат тармактарындагы чараларды тең салмакта киргизүү маанилүү. Өлкө жетекчилеринин алдында жумушсуздук, жакырчылык, теңсиздик жана социалдык обочолонууга убагында реакция жасоо үчүн бюджеттик каражат табуу деген оңой эмес маселе турат», - дейт БУУнун аналитиги Стив Капсос.

Кандай факторлорго көңүл бөлүү керек?

Улуттар Уюмунун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын баяндамасында белгиленгендей, дүйнөлүк ички дүң өндүрүм 2021-жылы беш пайызга көтөрүлөт. Бирок ал дагы коронавирустун очокторунун кайрадан пайда болушу, карантин чараларынын жана чектөөлөрүнүн сакталышы, кардарлардын жана компаниялардын келечекке болгон ишенимдүүлүгү ошондой эле канчалык мамлекет бизнести колдой алат деген сыяктуу факторлордон көз каранды.

Вашингтондо жайгашкан Эл аралык каржылык институттун башкы экономистинин орун басары Элина Рыбакованын пикиринде, мамлекет жетекчилеринин алдында оңой эмес тандоо пайда болот.

«Экономиканы колдоп, ошол эле маалда анын табигый түрдө трансформацияланышына жолтоо болбогон баланс табуу керек. Айрым тармактар мурдагы калыбына келе албайт, өз алдынча ирдене албаган компанияларды зомбификациялоодон алыс болуу керек», - деген Рыбакова экономика бир топ убакытта гана өзүнө келет деп эсептейт. Ал ошондой эле ооруга каршы эмдөөнүн жүрүшү ар бир мамлекеттеги кырдаалга көз каранды деген пикирде.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG