Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:28

Экономика

Эт кымбаттаса эл, мал арзандаса фермер нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:19 0:00

Өкмөттүн малды сыртка сатууга тыюу салган чечими фермерлер тарабынан сынга алынып, алар чек аранын ачылышын талап кылып жатат. Анткени бодо мал 7-8 миң сомго чейин арзандап кеткени айтылууда. Аткаруу бийлигинин мындай кадамына эттин кымбаттап кетиши себеп болгон. Бир ай мурун 490 сомго сатылып жаткан уйдун сулп эти, азыр 450 сомго чейин түштү.

Бишкектин четиндеги жаңы конуш. (иллюстрациялык сүрөт).
Бишкектин четиндеги жаңы конуш. (иллюстрациялык сүрөт).

Өкмөт 100 миң сомго чейин насыясы барларга колдоо үчүн 1 миллиард 253 миллион сом бөлүү чечимин кабыл алган. Тиешелүү токтомго Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшырардын алдында кол койгон.

Президенттикке талапкер болууну каалаган саясатчылар муну шайлоодо добуш сатып алууну мыйзамдаштыруу катары баалап жатышат. Адистер бөлүнгөн каражат элдин жакыр катмарына тыгынчык болгону менен маселе чечилип кетпесин айтышты.

Чакан насыя алгандарды кубанткан чечим

Ысык-Көл облусунун тургуну Рита Абдымусаева чакан насыя берген компаниялардын биринен 70 миң сом, экинчисинен 50 миң сом насыя алган. Эми өкмөттүн 100 миң сомго чейинки өлчөмдөгү насыяларга берилчү жардамынан пайдаланып 70 миң сомдук карызынын үч айлык – декабрь, январь жана февраль айларынын үстөк пайызын жаап алууну көздөп турат. Ага насыя берген компаниядан мамлекет ушундай жеңилдик берип жатканы тууралуу кабар келген. Абдымусаеванын айтымында, бул анын үй-бүлөсү үчүн жакшы эле колдоо.

«70 миң сомду 18 айга деп алгам. Ай сайын 4,5 – 5 миң сомдой төгөм. Эми бир топ эле жеңилдик болот. Мисалы, кредиттин пайызы бир айга 700 сом. Үч айга 2100 сом чыгат. Биз 2100 сомго жарым тонна көмүр сатып алабыз».

Рита Абдымусаева баш-аягы 120 миң сом насыяны там-турагын оңдош үчүн жана анча-мынча талаачылык иштерине алган экен. Өкмөттүн 13-ноябрдагы токтомуна ылайык, 2020-жылдын 1-октябрына чейин алынган кредиттерге жеңилдик берилет. Бул бир адамдын бир гана насыясына каралган.

Адистердин, Улуттук статистика комитетинин талдоосу көрсөткөндөй жарандар 100 миң сомго чейинки насыяларды муздаткыч, телевизор сыяктуу тиричилик техникаларын, азыраагы мал-жандык сатып алыш үчүн алат. Бул экономиканын тилинде керектөөчүлүк муктаждыктарга алынган карыз деп аталат.

Өкмөт 100 миң сомго чейинки насыясы бар адамдарга колдоо көрсөтөрүн Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын убактылуу токтото электе, 9-ноябрда Нарында эл менен жолугушуу учурунда айткан. Жапаров анда жардам 600 миңдей үй-бүлөгө берилерин, жарандар үч айдын үстөк пайызын же негизги сумманын кайсы бир бөлүгүн төлөөдө жеңилдик алышарын билдирген.

Бул үчүн каражат табылганын айтып, бирок анын булагын ачык айткан эмес. 12-ноябрда КТРКдагы акыркы басма сөз жыйынында акча бюджеттен бөлүнбөй турганын тактаган.

25-ноябрда Жогорку Кеңеште 2021-жылга карата республикалык бюджеттин долбоору талкууланып жатканда ушул маселе көтөрүлдү. Анда финансы министри Кыялбек Мукашев насыя алгандарга колдоо үчүн берилчү акча келерки жылдын бюджетинде каралганын айтты.

«Биз 2021-жылдын бюджетине сунуш берип жатабыз. Кийинки жылга 2 миллиард сомго чейин киреше бөлүгүн көбөйтүү тууралуу Бюджет жана финансы боюнча комитеттин да корутундусу бар. Бул акча салыктык эмес төлөмдөрдөн каралган. Экинчи окууга киргизебиз».

Финансы министрлигинин кийин берген малыматына караганда, насыя алгандардын карызынын пайызын же негизги суммасын төлөөгө берилчү каражат укук коргоо органдары коррупциядан кайтарган акчадан бөлүнөт.


Маселе чечүүнүн жолу

Насыя төлөөдө кыйынчылыкка кабылгандардын башын кошкон «Элет көйгөйү» коомдук бирикмесинин жетекчиси Марипа Алыйкулова өкмөт бөлүп жаткан 1 миллиард 253 миллион сом маселени чечпей турганын дагы бир жолу кайталады.

«Насыя алган адамдардын насыясынын пайызын эсептегенде кээ бириники 700 сом. Ал үч айга 2100 сом чыгат. Айрымдарыныкы 2000 сомдон, 6000 сомго чейин болот экен. Бул аз эле акча да. Бул маселени чечпейт. Ошондуктан насыя алгандарга амнистия жарыялаш керек. 60-70 миң сом кредити барларды жакырчылыкка байланыштуу деп жеңилдик берип, аны банктардын өздөрүнүн фондунан жапса болот. Банктар ансыз деле ал акчаны жыл аягында кайрымдуулукка бөлөт. Бирок пандемияда фонддор канчалаган жардам берди. Банктар кардарларга жеңилдик бергенин уга элекпиз».

Жарандык активист Адил Турдукулов өкмөттүн насыяга байланыштуу токтомун популисттик чечим деп атап, кредит маселесин чечүү жолдорун сунуштады.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

«Бийликтин бул тармакка көңүл бурганы туура. Кыргызстанда ар бир төртүнчү үй-бүлө насыя төлөөдө кыйналып жатканы белгилүү. Ошондуктан мамлекетте социалдык депрессия күчөп, суицид, ажырашуулар болуп атат. Бийлик аны чечиш үчүн туруктуу саясат жүргүзүү керек. Кыргызстанда банктар насыяны өтө жогорку пайыздар менен берет. 30-40 пайызга жетет. Муну элди талап-тоноочулук деп айтса да болот. Мындай үстөк пайыз бир да мамлекетте жок. Бийлик ички жана тышкы инвесторлорго шарт түзүп, элдин айлыгын көтөрүү менен насыянын маселесин чечсе болот. 100 миң сомго чейин насыя алгандарга жардам берүү жетишсиз».

Жапаровдун токтому саясатчыларды камтама кылды

Ал тапта Садыр Жапаровдун насыя алгандарга жардам көрсөткөн токтомго кол коюушунун саясий тарабы талкууга түштү. Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берген саясатчылар 1-декабрда билдирүү жасашып, муну шайлоодо добуш сатып алуу катары баалашты.

Жогорку Кеңештин депутаты, президенттикке талапкерлигин жылдырган Канатбек Исаев буга байланыштуу парламенттик шайлоодогу окуяны мисал кылды.

Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

«Мыйзамда «Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун мөөнөтүн аныктагандан кийин талапкер болом деген адам кайрымдуулук иш жасаганга тыюу салынат» деп жазылып турат. Мына, Дастанбек Жумабеков төрага болуп турганда бирөөнө 50 миң сом жардам берген. Мындайга кылмыш иши да козголот. Бул жерде (Садыр Жапаров) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып «600 миң адамга жеңилдик берем» деп убада кылды. Муну түздөн-түз добуш сатып алуу аракети деп эсептейм».

Мурдагы спикер Дастанбек Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Бул коомчулукта парламенттик шайлоодо добуш сатып алуу катары бааланган.

Президенттик шайлоого катышууну каалаган саясатчылар Клара Сооронкулова, Каныбек Иманалиев, Кубанычбек Исабеков, Токтайым Үмөталиева, Каныбек Иманалиев жана Канатбек Исаев шайлоо алдында бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканын айтып, арызданышты. Алар кол чогултууда тоскоолдуктар болуп жатканын да белгилешти.

«Садыр Жапаров 14-ноябрда президенттикке талапкерлигин көрсөттү. Өкмөттүн насыя боюнча токтому 13-ноябрда чыкты. Берилчү жардам салыктык эмес кирешелерден берилет деп айтышты. Ал эмне болгон киреше? Мүмкүн ал жеке каражаты (Садыр Жапаровдун) же анын тегерегиндеги адамдардыкы болсочу? Бул пиар акция болуп калды», - деди Клара Сооронкулова.

Ал эми Садыр Жапаров 12-ноябрдагы басма сөз жыйынында 100 миң сомго чейин насыясы барларга берилчү жардам чөнтөгү жука жарандарга жакшы эле колдоо болорун айткан.

«100 сомго чейинки насыяны турмушу начар, төмөнкү катмардагы жарандар алат. Бул бюджетке кирбеген акча. Башка булактан таап, 1 миллиард 200 миллион сом жумшадык. Анткени алар бир-эки жылдан бери эле суранып келатышат. Март айында пандемия башталганда базарлар жабылып, бизнес токтоп алар ишсиз калышты».

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Октябрдагы саясий окуялардан кийин өлкөдө бийлик алмашкан жана Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын 15-октябрда мөөнөтүнөн мурда тапшырып берген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG