Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:18

Экономика

Райымбек Матраимовду кармоо учуру. УКМКнын сүрөтү.
Райымбек Матраимовду кармоо учуру. УКМКнын сүрөтү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жыл башынан бери коррупциялык иштерден 2 млрд. 816 млн. сом каражат өндүрдү.

Анын ичинен 2 миллиард сомун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов төктү. Ага каршы бир кылмыш иши тергелип бүтүп, экинчиси жаңы ачылганы белгилүү болду. Атайын кызмат эми Матраимовдун бажыдагы тышкы аткезчилик байланыштарын иликтеп чыгарын кабарлады.

«Матраимов чыгымды толугу менен төктү»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын 2020-жылдагы ишмердиги тууралуу басма сөз жыйынын уюштурду. Анда журналисттерди өлкөдө коррупцияга каршы күрөш боюнча маселелер кызыктырды.

Камчыбек Ташиевдин сөзүнө караганда, УКМК ушул жылдын 1-январынан 23-декабрга чейин коррупциялык иштерден баш-аягы 2 млрд. 816 млн. сом бюджетке кайтарды. Анын ичинен 116 млн. сом алгачкы он айда, калган 2 млрд. 700 млн. сом жаңы бийликтин тушунда - эки айдын аралыгында өндүрүлдү.

Бул каражаттын 2 млрд. сомун бюджетке Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов которду. Ташиев Райымбек Матраимов күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке төгө турган акчаны толук төлөп бүткөнүн билдирди. Анын айтымында, Матраимов 1 млрд. 400 млн. сомду акча менен, калганын бир соода борбору, тогуз батир менен төлөдү.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

«Матраимов өзү биз менен кызматташууну каалады, - деди Камчыбек Ташиев. - Келтирилген чыгымды болсо тергөө аныктады. Мен бир эле эпизодун айтып берейин. Биз: «Бул акчаны кайдан алдыңар?» деп сурадык. Алар Кытай менен Кыргызстандын чек арасынан өткөн ар бир автоунаадан 500 доллардан 3 миң долларга чейин акча алып турушканын айтып беришти. Ал (ред: Райымбек Матраимов) иштеген учурда канча машине өтүшү мүмкүн экенин эсептеп чыгып, чыгым ошол жерден да саналды. Ал бул ишти кимдер менен кылганын ачык айтып берди».

УКМК Райымбек Матраимовго ушул жылдын октябрь айында бажыдагы коррупциялык иштер боюнча кылмыш ишин козгогон. Мекеменин маалыматына ылайык, Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүп, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген. Бул схема азыркыга чейин иштеп турган.

Бул ири коррупциялык ишке аралашкан 40 адамдын тек-жайы жана жүргөн жери аныкталганы, бул тизме дагы узарышы мүмкүн экени кабарланган.

Камчыбек Ташиев 24-декабрдагы басма сөз жыйынында бажыдагы жемкорлукка 38 киши шек саналып анын ичинен 10 адам кармалып кайра коё берилгенин айтты. Алардын бул ишке тиешеси жок экени такталганы жана калгандары иликтенип жатканы маалым болду.

«Үмүт 2020» саясий кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбек Райымбек Матраимов кандай негизде мамлекетке акча төгүп жатканына кызыкты:

«Соттун чечими жок эле Райымбек Матраимов 2 млрд. сом төлөп жатканы мыйзамсыз. УКМК сот эмес, алар акча сураганга да акысы жок. УКМК Матраимовду кармап, ал мамлекетке келтирген чыгымды аныктап, аны сотто далилдеп бериши керек. Азыр 2 млрд. сомду кандай негизде, кантип эсептеп алганы да белгисиз. Бул үчүн мыйзам да жок. Бул коркунучтуу прецедент. Булар муну менен коррупцияны мыйзамдаштырып коюшту. Уурулар байлыгынын бир бөлүгүн берип, боштондукка чыгып кете берет».

«Матраимовдун чет өлкөдөгү байланыштары териштирилет»

Андан тышкары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Ражабалиев казынага 12 млн. сом, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Абдывахап Боромбаев 8 млн. сом төктү. Бажыдагы жемкорлукка катышкан дагы башка адамдардан 31 млн. сом өндүрүлгөн экен. Алардын аты-жөнү ачык айтылган жок.

Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовдун Кыргызстандын ичиндеги кылмыштары боюнча иш изилденип бүтүп, эми анын тышкы аткезчилик байланыштары боюнча жаңы иш козголуп, тергелип жатканын билдирди:

«Эми Матраимовго сырт жакта кылган кылмыштары, башка өлкөлөр (Кытай, Өзбекстан, Казакстан, Орусия ж.б.) менен аткезчилиги боюнча жаңыдан кылмыш ишин ачып, ошону тергей баштадык. Эми биз сырт жакка чыгабыз. Анын сырттагы кайсы бир мүлкү болсо, ошолорду да тактайбыз. Дубайда, Америкада, Европада мүлкү бар деп жатат. Матраимов үй камагында калат. Аны өлкөдөн чыгарбайбыз, иштер такталып бүткүчө».

Матраимовдун чет өлкөдөгү мүлкү демекчи, жакында эле «Азаттык» радиосу, OCCRP, «Kloop» жана «Bellingcat» уюмдары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү ээлик кылган Дубайдагы мурда белгисиз кымбат баалуу пентхаусту таап чыгышты.

Журналисттик иликтөөдө Матраимовдордун Ысык-Көлдөгү кымбат коттеждери, Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын байманасы ашып-ташыган жашоосу көрсөтүлгөн.

Райымбек Матраимов жана анын Жогорку Кеңештеги депутат агасы Искендер Матраимов акыркы иликтөө жана бюджетке которгон каражат тууралуу комментарий бере элек.

Күмөн жараткан жагдайлар

«Үмүт 2020» саясий кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбек Райымбек Матраимов бажыдагы уурулуктан мамлекетке келтирген чыгымдын суммасына макул эмес.

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

«2 млрд. сом чыгымды Бишкектеги батирлери менен жаап койгону күмөн жаратты, - деди ал. - Экинчиден, 2 млрд. сом чыгым деген өтө эле аз. Биздин маалымат боюнча, муну Матраимов аткезчиликтен бир айдын ичинде таап турган. Матраимовдон тышкары бажыдагы коррупцияга аралашкан 40 «жоокер» бар экени айтылган. Алар кармалган жок. Матраимов өзү да эркиндикте. Азыркы бийлик элди адаштырып, мурдагы бийликтин эле жолун улантып жатат. Матраимовдун иши тез эле тергелип бүтүп сотко өткөнүнө караганда ага айып пул салып эле коё берип жибергени жатышат. Андан тышкары УКМК Матраимовдун батирин алып өз кызматкерлерине бергени турат. Бул жаман прецедент. Мындай ыкма «каралардын» ишине окшош. УКМК мамлекет менен Матраимовго ортомчу болуп, ал кызматы үчүн батир алып жатат».

УКМК Райымбек Матраимовдон алынган тогуз батирдин бирөөнү социалдык мекемеге айлантып, калганын атайын кызматтын кызматкерлерине бергени жатат. Ал эми Жибек Жолу проспектиси, 381 дареги боюнча жайгашкан соода борбору мамлекетке өтөт.

Бул даректе «Элдорадо» соода борбору жайгашкан. Ал Райымбек Матраимовдон агасы Искендер Матраимовдун аялы Минавар Жумаевага катталган. Ушул имаратта кеңсеси жайгашкан «Супер-Инфо» гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султан «Элдорадо» Райымбек Матраимовдуку эмес экенин жазды.

Бажыдагы коррупция жана ага Райымбек Матраимовдун байланышы тууралуу бир нече журналисттик иликтөөлөргө катышкан эркин журналист Али Токтакунов УКМК Матраимовдун коррупциялык иштерин үстүртөн эле иликтегенин айтты:

Али Токтакунов.
Али Токтакунов.

«УКМК Матраимовдун Кыргызстандагы кылмыш иштерин толук ача алган жок. Алар керек болсо журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды да дурустап текшерип орду-ордуна коё алышкан жок. Матраимовдун Кыргызстандагы толгон-токой мүлкүн тизмелеп чыгарып бергенбиз. Бул байлык анын жана туугандарынын декларациясында көрсөтүлгөн эмес. Андай болсо мүлк кайдан алынды? Элдин акысынан уурдалган да. Жакында эле АКШ Матраимовду «Магнитский актына» киргизип жатып аны бажыдан 100 миллиондогон доллар уурдаган деп таппадыбы. Муну коомчулук да тааныды. Ошол эле учурда биз «сен миллиондорду уурдай бер да бир пайызын, он пайызын кайтарып бер» деп жатабыз. Уурдалган акчаны толук кайтара албай жатабыз. Ушундан кийин «Матраимовдун Кыргызстандагы ишин иликтеп бүттүк. Эми чет өлкөдөгү байланыштарын карайбыз» деш кыйын».

9-декабрда АКШнын Финансы министрлиги Райымбек Матраимовго санкция киргизген. Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта «Магнитский акты» деген аталыш менен белгилүү «кара тизмеде» Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн. 11-декабрда анын аялы Уулкан Тургунова да бул тизмеге кошулган.

«Биз иликтөөнү элдин уурдалган ырыскысы кайтарылсын деп жасаганбыз. Кыргызстанда жөлөк пул, пенсиясын бир жагына тартса экинчи жагына жетпеген 10 миңдеген, 100 миңдеген адамдар бар. Бул акча алардын тамагынан ашпайт. Биз иликтөөнү уурдалган акча ошолордун жөлөк пулуна, айлыгына кошулсун деп жасаганбыз. Биз УКМКнын тогуз кызматкери үйлүү болсун деп иликтөө кылган эмеспиз. Ошондуктан чоң кылмыш ишин таштап майда-барат мүлкүн мамлекетке кайтарып койгону үчүн УКМК кызматкерлери кол кесер катары батирлерди албашы керек. УКМКнын Матраимовдорго байланыштуу мындай күрөшү бизди ынандырбайт. Элдин акчасы элге кайтарылыш керек», - деди Али Токтакунов.

Ошентип, Матраимовго байланыштуу бир кылмыш иши тергелип бүтүп сотко өткөнү турат. Азыр ал өзү эч жакка кетпөө тууралуу тилкат менен эркиндикте жүрөт. «Factcheck.kg» сайтынын негиздөөчүсү Болот Темиров Матраимов бажыдан кеткени менен ал түзгөн коррупциялык схема күнү бүгүнкүдөй иштеп жатканын айтууда:

Болот Темиров.
Болот Темиров.

«Менин маалыматым боюнча, бажыда аткезчилик токтогон жок. Мурдагы коррупциялык иштер азыр деле болуп жатат. Жогорку Кеңеш коррупционерлер акча төлөп эркиндикке чыкканга шарт түзгөн экономикалык амнистия деген мыйзам кабыл алышты. Бул ушуга окшогон иштерге ылайыкташылып чыгарылган мыйзам. Мамлекеттик бажы кызматынан Матраимовдун адамдары кызматтан кеткени тууралуу да маалымат уга элекмин. Ошондуктан мага ал түзгөн схема дагы эле иштеп жатат деген маалымат жеткен».

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген.

Флорин Кицу румын парламентинде суроолоорго жооп берүүдө. 2020-жылдын 23-декабры.
Флорин Кицу румын парламентинде суроолоорго жооп берүүдө. 2020-жылдын 23-декабры.

Банк адиси, экономист, доктор Флорин Кицу Румыниянын 69-премьери болуп калды. Ал жетектеген батышчыл коалициялык өкмөт 23-декабрда ант берди.

Борбордук Европадагы пост-коммунисттик Румыниянын парламенти 23-декабрда жаңы өкмөттү бекитти. АКШда таалим алган банкир Флорин Кицу жетектеген чордончул-оңчул коалициялык жаңы өкмөт Европа Биримдигин, Батышты жактаган нукту карманмакчы.

Парламенттин 260 мүчөсү коалициялык өкмөттү жактап, 186сы каршы добуш беришти.

Социал-демократиялык партиянын өкүлдөрү Кицунун коалициялык өкмөтүнө каршы добуш беришти. 2020-жылдын 23-декабры.
Социал-демократиялык партиянын өкүлдөрү Кицунун коалициялык өкмөтүнө каршы добуш беришти. 2020-жылдын 23-декабры.

Мурда каржы министри болуп иштеген Флорин-Василе Кицу (Florin-Vasile Cîțu) өз өкмөтү коронавирус илдетинин залакаларын жеңүү жана учурдагы экономикалык кыйынчылыктардан өлкөнү чыгаруу үчүн бар аргасын жасайт деп убада берди:

“Менин өкмөтүм эки башкы милдетти аркалайт: саламаттык сактоо жаатындагы кризистен чыгуу жана экономиканы кайра өз нугуна салуу”, – деди Кицу мырза.

Улуттук Либералдык партиянын буга чейинки азчылык өкмөтүндө каржы министри болгон 48 жаштагы Кицу (ал 1972-жылы 1-апрелде туулган) 2001-жылы америкалык Айова университетинде макроэкономика жана эл аралык экономика жаатында докторлук диссертациясын жактаган экономист адис.

Кицу мырза 2001–2003-жылдары Жаңы Зеландиянын Резерв банкында экономист болуп иштеген. Ал эми 2003–2005-жылдары ал Европа инвестиция банкында иштеп турган.
Андан соң ал 2011-жылга чейин банк ишмердиги менен алектенген нидерланддык “ING Group” каржы конгломератынын Румыниядагы бөлүмүндө капиталдык салымдар жаатында банкир болуп иштеген.
2019-жылдын 4-ноябрынан 2020-жылдын 9-декабрына чейин Кицу мырза Румыниянын коомдук каржы министри болуп иштеп келди.

Румыниянын жаңы өкмөт башчысы Флорин Кицу өз өкмөтүнүн ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарын парламентте атап берди. 2020-жылдын 23-декабры.
Румыниянын жаңы өкмөт башчысы Флорин Кицу өз өкмөтүнүн ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарын парламентте атап берди. 2020-жылдын 23-декабры.

Жаңы өкмөттүн антын ушул эле шаршемби күнү президент Клаус Йоханнис кабыл алды.

Быйылкы 6-декабрдагы парламенттик шайлоодон соң, Улуттук Либералдык партия 2019-жылы түзүлгөн Ю-Эс-Ар-Плюс ынтымагы (USR-PLUS Alliance) жана өлкөдөгү мажарлардын партиясы менен биргелешип, коалициялык өкмөт түзүүгө жетишти.

Алардын атаандаштары – мурдагы коммунисттердин солчул уюму болгон Социал-демократиялык партия шайдоодо эң көп добуш алганына карабастан, коалициялык шерик таба албай, оппозицияда калды.

Жаңы коалициялык өкмөт сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кылууга, жемкорлукка каршы иш-аракеттерди чамдатууга, бир катар олуттуу демократиялык реформаларды жүзөгө ашырууга убада кылууда.

Кицу жетектеген коалициялык өкмөт мүчөлөрү ант берген соң. 2020-жылдын 23-декабры.
Кицу жетектеген коалициялык өкмөт мүчөлөрү ант берген соң. 2020-жылдын 23-декабры.

Румынияда жыл башынан бери 604 251 киши коронавирус илдетине чалдыккан, 516 423 киши айыккан; алааматтуу илдеттин айынан 14 766 киши өмүрүнөн айрылган. (23.12.2020 карата маалымат).

Румынияда коронавируска каршы алгачкы эмдөө аракеттери 2020-жылы 27-декабрда башталмакчы.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG