Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:38

Экономика

Аяз Ата менен жеткинчек Санта Клаустар. Бишкек. 2016-жылдын 29-декабры.
Аяз Ата менен жеткинчек Санта Клаустар. Бишкек. 2016-жылдын 29-декабры.

Кыргызстандагы кесиптик кошуундардын тагдыры. Жыйынтыгы алдын ала белгилүү болгон шайлоо. Ала-Тоо - кышкы туризмдин да аймагы. Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама. 21-27-декабрь, 2020-жыл. Элмурат Асандын макаласы.

“Human Rights Watch” уюму Кыргызстандагы кесиптик кошуундардын ишине бийлик тараптан кийлигишүү болуп атканы жөнүндө материал чыгарды.

Макалада Кесиптик кошуундар федерациясынын башчысын шайлоо үчүн жыйын өткөрүүгө өкмөттүн аппараты тыюу салуу менен профсоюздардын эркин чогулуш өткөрүү укугун бузганы туурасында сөз болот.

Кесиптик кошуундар федерациясынын башчысын шайлоо ушул айдын башында, 4-декабрда өтүшү керек болчу.

“Кыргыз бийлиги кесиптик кошуундардын ички иштерине кийлигишпей, федерациянын конгрессин эч кечиктирбей өткөрүүгө жол бериши зарыл”, — деп белгиленет материалда.

Андан ары макалада кесиптик кошуундардын мүчөлөрүнө соңку жылдары кыргыз бийлиги тарабынан текшерүү көбөйгөнү айтылат. 2019-жылдын октябрындагы кесиптик кошуундардын (профсоюздардын) ишин текшерүү үчүн түзүлгөн парламенттик комиссиянын миссиясы күмөндүү болуп калган. Анда комиссия кесиптик кошуундардын түзүлүшү, каржылык жана экономикалык иш-аракеттери жөнүндө толук маалымат талап кылган эле.

Ал эми кесиптик кошуундун башчылары парламенттик комиссияга андай маалымат берүүдөн баш тартышып, бийликтин талабын жүйөсүз деп аташкан. Себеби “Кесиптик кошуундар жөнүндөгү” мыйзамдын 4-беренесинде кесиптик кошуундар көз карандысыз экени, бийлик тарабынан көзөмөлдөнбөй турганы көрсөтүлгөн.

Макаланын кийинки бөлүгү кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасын шайлоо боюнча ушул жылдын башында болуп өткөн окуяга токтолот. Ошондой эле Жогорку Кеңеште кызуу талкууга алынган “Кесиптик кошуундар жөнүндө” мыйзам долбоору да кесиптик кошуундардын эркиндиктерин чектөөгө багытталганы айтылат.

Аталган мыйзам долбоору экинчи окуудан өтпөй, кайра иштеп чыгууга жиберилген.

“Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынып калса, анда өлкөдөгү көз карандысыз кесиптик кошуундарга зыяны тийип, жумушчулардын өз алдынча уюшуу эркиндигин чектемек. Кыргызстан кесиптик кошуундардын чогулуп уюшуу эркиндигин чектөөнүн жолдорун издебей, кайра коргошу зарыл”, — деп белгиленет “Human Rights Watch” уюмунун материалында.

Жыйынтыгы алдын ала белгилүү болгон шайлоолор...

“The Diplomat” журналы Кыргызстан менен Казакстанда өтө турган шайлоолор тууралуу Колумбия университетинин докторанты Колин Вуддун макаласын чыгарды. Кыргызстанда жаңырган жылдын 10-январында президенттик шайлоо пландалып жаткан болсо, Казакстанда да ошол эле күнү парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттарын шайлоо болуп өтмөкчү. Автор эки өлкөдө тең шайлоонун жыйынтыктары алдын ала белгилүү эле болуп калды деген пикирде.

Колин Вуддун белгилешинче, Казакстандын "Нур Отан" партиясы шайлоодон өтпөй калат деген күмөн жокко эсе. Себеби 2007-2011-жылдары казак президенти Нурсултан Назарбаев башкарган "Нур Отан" партиясы парламенттеги жападан жалгыз партия болгон эле. Ал эми шайлоого ат салышып жаткан калган төрт партия бийликтин камчысын чаппай турган күчкө биригүүсү дээрлик мүмкүн эмес, деп белгилейт автор.

Ал эми Кыргызстандагы президенттик шайлоо, автордун белгилешинче, жандуу жана ачыгыраак шартта өтүп жатат, бирок шайлоонун жыйынтыктары дээрлик сюрприздерге деле бай эмес.

Садыр Жапаров даана эле алдыда баратат. Президенттик шайлоого катышуу үчүн ал өзүнүн мурдагы ыйгарым укуктарын өткөрүп бергени менен иш жүзүндө ал дале чоң бийликке ээ. Ошондой эле ал 18 талапкердин ичинен чүчү-кулак аркылуу тизменин сап башында орун алып, үгүт өнөктүгүндө башка талапкерлерге караганда короткон каражаты алда канча көп.

“Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери Жапаров 44 млн. сом жумшады. Бул андан кийин эле эң көп каражат короткон Бабыр Төлбаевдикине (7 млн сом) караганда 7 эсе көп. [...] Жапаровго эч бир талапкер коркунуч туудурбаганын эске алганда, мындай чыгашанын эмне кереги бар?” — деп суроо салат автор.

Кыргызстандын ачыла элек кереметтери...

“Emerging Europe басылмасында “Кыргызстан Санта Клаустун эле өлкөсү эмес...” деп аталган макала жарык көрдү.

“Лапландияны унуткула, Түндүк уюлду унуткула. Эгерде Санта Клаус чындыгында эле бир түндө дүйнө жүзүндөгү бардык үйлөрдү кыдырып чыккысы келсе, анда ал өз саякатын Кыргызстандан башташы керек”, - деп башталат макала.

Кыргызстан 2008-жылы Санта Клаустун өлкөсү деген туристтик ураан менен чет элдиктердин көңүлүн буруп, ал түгүл ысым ыйгарыла элек чокулардын бирин Санта Клаус деп атаган.

Материал негизинен Кыргызстандагы кышкы туризмди жарнамалайт. Бирок ага өтөрдөн мурда өлкөнүн Санта Клауска болгон мамилеси жөнүндө кыскача баяндалат. Башкача айтканда, Санта Клаус христиан маданиятынын символдорунун бири болсо дагы калкынын басымдуу бөлүгү мусулман саналган Кыргызстанда ал кантип популярдуулукка жеткенин түшүндүрөт.

“Санта Клаустун "Аяз Ата" деген версиясы Борбор Азияга Совет бийлигинин тушунда киргизилген. Мурдагы коммунисттик өлкөлөрдө Аяз Ата деген ысым менен таанымал болгон киши Ыйсанын туулган күнү (Кристмас) майрамында эмес, Жаңы жыл майрамынын алдында жаш балдарга белектерди берчү. Ошондуктан мурдагы коммунисттик өлкөлөрдө болгондой эле, көптөгөн кыргыздар үчүн да Санта Клаус христианчылык менен же болбосо Ыйсанын туулган күнү майрамы менен көп деле айкалыша бербейт”, — деп айтылат макалада.

Материалда андан ары Кыргызстан ачыла элек кереметке ээ экени жана Санта Клаустун бул өлкөсүндө кыш мезгилинде өзгөчө эс алуунун жолдору жөнүндө сөз болот.

Айрыкча лыжа тебүү үчүн Бишкектин чет жакасындагы Чуңкурчак жана Зил базаларынын шарттарына токтолуп, андан кийин Караколдогу лыжа базасы жөнүндө маалымат берилет.

Тоого чыгуу жана жылкы минүү сыяктуу чет элдиктердин кызыгуусун жараткан эс алуу түрлөрү жөнүндө баяндалат. Чет элдиктерге тоонун үстүндө жайгашкан Көл-Төр жана Ала-Көл сыяктуу көлдөргө баруу сунушталат. Ошондой эле окурмандар боз үйдө эс алып, кыргыз даамдарын сызып көрүүгө чакырат.

Эгерде эл аралык аба жолдору каттамдары тоскоолдуксуз иштей баштаса, анда Европа менен Америкадан келе тургандарга Кыргызстанга сөзсүз келип көрүп кетүү керек, деп жыйынтыкталат макала.

Элмурат Асан,

серепчи.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG