Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Экономика

Экономиканы эртең эмне күтүп турат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:59:04 0:00

Коронавирус пандемиясы дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанда экономикага таасирин тийгизип жатат. Учурда өкмөт, парламент жана бир катар саясатчылар өз сунуштарын жолдошууда. Анын алкагында чыгымдарды кыскартуу, экономикалык саясатты өзгөртүү сыяктуу сунуштар камтылууда. Кризистен соң кандай чаралар кабыл алынышы керек? Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Абдывахап Нурбаев, Улуттук Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Эмилбек Каптагаев жана изилдөөчү, саясий илимдеринин доктору Азамат Темиркул катышты.

Жалал-Абад шаары. Май 2020-жыл.
Жалал-Абад шаары. Май 2020-жыл.

Жалал-Абад шаарында өзгөчө абал шартында иштөөгө 83 ишкердүүлүккө уруксат берилген. Алар санитардык нормаларды кантип сактап жатышканын адистер текшерип чыгышты.

Кардарларга эшигин адеп өнөр жай ишканалары, соода чөйрөсү жана чачтарач менен автоунаа оңдоочу жайлар ачты. Эки айга чукул созулган карантин маалында шаар бюджети 63 млн. сомдук салыктан кол жууду.

Жалал-Абад шаарындагы темир бетон заводу 3-майдан тарта ишин жандантып, жумуш ыргагы мурдагы калыбына түштү. 50дөй адам иштеген өндүрүш мекемеси шаар бюджетине ири суммадагы салык төлөй баштады.

Жумушчулардын бири Алмамат Карагулов буларды айтты:

Алмамат Карагулов
Алмамат Карагулов

"Бизге бет кап, мээлей берилген. Кире бериш жерде антисептик коюлган, колубузга сүртүп турабыз. 1-2 метр аралыкта, бир-бириңерге жакын болбой иштегиле деген талап бар.

Азыр станок бузулуп калгандыктан үчөөбүз биригип оңдоп жатабыз. Кийинип жатканда да бөлмөгө беш-алты адамдан, душка бирден гана кирип жатабыз. Маяна толук берилет дешкен, бирок 5 миң сомдон аванс катары алдык. Калган каражат иш башталса төлөнүп берилет чыгаар деп турабыз. Мен сыяктуу 10дон ашык адам айылдан каттап иштейбиз. Бир автоунаага гана өткөрмө уруксаты берилген. Ага баарыбыз батпайт экенбиз. Аргасыз беш-алтыдан тыгылып келүүгө туура келет".

Заводдун дарбазасынын алдында антисептик жана тепловизор кармаган күзөтчү турат. Ал жумушка келген ар бир кызматкердин колуна каражат чачып, текшерүүдөн өткөргөн соң гана жумушка киргизет. Көп адам иштеген ири өнөр жай ишканаларына ушундай талап коюлган.

Жалал-Абад шаарындагы рейд учуру. 5-май 2020-жыл.
Жалал-Абад шаарындагы рейд учуру. 5-май 2020-жыл.

5-майда шаардык мэриянын алдында ар кыл мекеме ишканалардан түзүлгөн адистер 10 топко бөлүнүп, калаада иштей баштаган ишканаларга рейд жүргүздү. Арасында санитардык жана ветеринардык дарыгерлер, салык кызматынын жана ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери бар.

Шаардын биринчи вице мэри Майрамбек Адылбеков кыдырууда ишкерлерди санитардык эрежелерди так сактоого чакырды.

Майрамбек Адылбеков.
Майрамбек Адылбеков.

"Ишкерлерге уруксат бергенден кийин дароо эскертүү ишин жүргүзөлү деп жатабыз. Алар биз койгон талаптарды аткарышы керек. Демек, колунда мээлей, беткап жана антисептик болушу шарт. Кызматаркерлер аралыкты сактап иштөөсү кажет. Бул талаптар жазылган документ менен ар бирин тааныштырып, өздөрүнө кол койдуруп чыгабыз. Экинчи жолу текшерүүдө айтылган талаптар сакталбаса, ошол ишканаларды жабуу боюнча комендатурага кайрылабыз. Рейддин жүрүшүндө уруксаты жок иштеп жаткандарды жаптырып, калгандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү башкы максат. Мындан сырткары ишкерлерге “Жумушчуларда кандайдыр бир оорунун белгилери байкалса, тийиштүү жактарга кайрылгыла” деп оозеки жана кат түрүндө дагы эскертүү бердик".

Жалал-Абад шаарында өзгөчө абал шартында иштөөгө жети түрдүү 83 ишкердүүлүккө уруксат берилген. Өндүрүш тармагы, курулуш, соода чөйрөсү, жеке нотариустар, такси кызматы, чачтарач жана эмерек жасаган цехтер да бар. Кыдырууда санитардык нормаларды сактабай иштеп жаткандарга адистер эскертүү беришти.

Жалал-Аад шаарындагы рейд учуру. 5-май 2020-жыл.
Жалал-Аад шаарындагы рейд учуру. 5-май 2020-жыл.

Калаадагы чачтарачтардын биринде санитардык талап сакталбай, көп адам чогулганына күбө болдук. Адистер аларга алгачкы жолу эскертүү беришти. Чачкарачтын ээси Турсунбек Бакытов кардарларды телефон чалуу аркылуу кабыл алып жатканын айтууда.

"Төрт орундуктуу чачтарачта азыр эки гана мастер иштеп жатат. Жанында эки шакирти бар. Эки адамдан ашык кишини киргизбей, телефон аркылуу гана буюрутма кабыл алуудабыз. Кирген кардардын баарынын колуна антисептик чачып, аралыкты сактоону айтып турабыз. Бир мастерибиз деми кысылып, беткабын чече салыптыр. Бирок баарын коргоочу каражаттар менен толук камсыздаганбыз. Адистер айткан талаптарды сактоого аракет кылып жатабыз".

Өзгөчө кырдаал башка аймактардай эле Жалал-Абад шаарына да 25-мартта кирген. Бирок шаар бийлиги күн мурунтан эле коомдук транспортту токтотуп, калаадагы 240тай ишкананы жапкан. Мындай аракеттерин жергиликтүү бийлик Сузактын шаарга жакын жайгашканы менен түшүндүргөн.

Анткени эң алгачкы коронавирус жугузгандар 18-мартта Сузак районунан табылган. Март, апрель айларында шаардан 63 млн. сомдук салык түшпөй, быйыл төрт ай ичинде бюджет толтуруу 77% гана аткарылган.

Шаар мэри Мураталы Тагаев айрым курулуштарды токтотууга аргасыз болгонун билдирет.

Мураталы Тагаев.
Мураталы Тагаев.

"Быйыл шаардын Шопоков көчөсүн реконструкциялоого каралган 58 млн. сом каражатты токтоттук. Бюджетке өзгөртүү киргизүү менен чыгымдарды кыскартып жатабыз. Буга чейин илдетке каршы күрөшүүгө шаар казынасынан 7 млн. сомго чукул акча иштетсек, алдыдагы кесепеттерди жоюуга кошумча 10 млн. сом бөлдүк. Март айынын аяк ченинен баштап азыркы күнгө чейин бир дагы мекеме-ишкана иштеген жок. Анын кесепетинен республикалык бюджетке 44 млн. сом, жергиликтүү бюджетке 19 млн. сом салык чогултулбай калды. Ошентип жалпылап айтканда, жыл башынан бери пландалган 50 млн. сом салык түшкөн жок. Бул багытта салык кызматы жана башка мекемелерге бюджеттин толук аткарылышын камсыздоо максатында көмүскө экономиканы карап чыккыла деп тапшырма бердик. Алар ишкерлер жана башка тармактар менен сүйлөшүп, казынадан кемиген акчанын ордун толукташы кажет".

Учурда шаардагы ишканалардын үчтөн бир бөлүгүнө гана уруксат берилди. Демек салык чогултуу бул айда да артка тартышы мүмкүн. Жыл башында шаар бюджети 490 млн. сом деп бекитилген. 5-майдагы текшерүүнүн жыйынтыгында cанитардык талаптарды аткарбаган 10дон ашуун жай жабылды.

Коронавирус илдетинен улам Жалал-Абад облусунда иши убактылуу токтотулган мекемелердин ичинен 1452 мекеме өкмөттүн кабыл алган чечимине ылайык 1-майдан тарта ишмердүүлүгүн баштады. Аларда иштеген 7 миңге чукул кызматкер жумушуна кайтты. Облус аймагында дагы 5700дөн ашык ишкана ишин баштай албай турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG