Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:46

Экономика

Эки жумадан бери Түркиянын эсин оодарган өрттүн 220 очогу толук көзөмөлгө алынды. 60 миң гектар жерди жалмаган тилсиз жоо 59 айылдын турак жайына, миңдеген айдоо аянтына залакасын тийгизди.

28 -июлда Түркиянын туристтик аймактарынын бири Манавгатта башталган өрт заматта башка аймактарга да жайылып, 60 миң гектар токойду жалмады. Өрттө эки токойчу жана сегиз айыл тургуну көз жумду.

Түркиянын токой жана айыл чарба министри Бекир Пакдемирли дүйшөмбүдө өлкөдөгү өрттүн 270 очогунун дээрлик көпчүлүгү толугу менен өчүрүлгөнүн кабарлады.

Эки жума өчпөгөн өрт өлкөнүн туризм тармагына жана дыйкандарга чоң чыгым алып келди. Миңдеген гектар токой, жүздөгөн үйлөр, сарайлар жана кампалар күйүп кетти, токой жаныбарлары жабыркады. Манавгат аймагында эле 59 айыл өрттүн ичинде калган.

Анталия соода-өнөр жай палатасынын (ATSO) президенти Давут Четин өзүнө караштуу аймакта 1 миллион гектар токойлуу жер бар экенин белгиледи.

"Мунун 500 миң гектары кайрак жер. Бирок калган 600 миң гектардагы токойдун флора жана фаунасы бай эле. Эсептөөлөр боюнча ошол жашыл токойдун 60 миң гектары күйүп күл болду. Түркиянын эң кооз токойлору дал ушул Манавгат аймагында", - деди Четин.

Ал ошондой эле өрттөн кийинки чыгым такталып жатканын жана зыян тарткан турак үйлөрдүн, сарайлардын, жумуш орундарынын жана күнөсканалардын болжолдуу чыгымы 12 миллион долларга чамаларын кошумчалады.

Түркиянын Мармарис аймагындагы өрттөн кийинки көрүнүш.
Түркиянын Мармарис аймагындагы өрттөн кийинки көрүнүш.

Ал эми өрт менен күрөшүүгө 8 учак, 19 тик учак жана миңдеген кызматкерлер катышып жатат. Жергиликтүү ыктыярчылар материалдык жана азык-түлүк жардамын чогултуп, өрт чыккан жерлерге жеткирүүдө.

Өткөн аптада алатоолук мигранттар да өрт чыккан аймакка барып келишкенин "Азатыкка" кабарлашкан.

Деген менен, социалдык тармактарда түркиялыктар "Help Turkey" деген чакырык менен чет өлкөдөн жардам сурап, ал кыска мөөнөттө чоң талкуу жараткан. Анткени алгачкы күндөрү өрт өчүргүч учактар өлкөдө жетишсиз экени, мындан улам тилсиз жоо күч алганы белгилүү болгон. Бирок ошол эле күнү Анкарадагы Башкы прокуратура мындай чакырыктарды жазгандарга иш козгоп, "эл арасында дүрбөлөңдү жайылтууда" деген айып таккан.

Ал ортодо түрк бийлиги токойдогу өрт диверсиядан улам келип чыкканын ырастады. Президент Эрдоган тергөө полиция жана чалгын кызматы тарабынан жүргүзүлүп жатканын айтты.

Түркиянын Бодрум аймагындагы өрт.
Түркиянын Бодрум аймагындагы өрт.

1 -августта Түркияда террордук уюм деп таанылган Күрдистан жумушчу партиясынын бир бутагы болгон "Оттун балдары" кыймылынын мүчөлөрү токойдо чыккан өрт үчүн жоопкерчиликти моюнуна алды.

""Оттун балдары" Түркиянын туристтик аймактарындагы саботажды өз мойнуна алат. Түрк бийлиги биз менен башка тилде сүйлөшүүнү үйрөнмөйүнчө, аларды от тизелетет", - деп жазылган билдирүүдө.

Быйыл июлда бул кыймылдын мүчөлөрү Түркиянын ар кайсы шаарларында кымбат баалуу кайыктарды, автоунааларды, кампаларды өрттөгөнүн жарыялаган. Кошумчалай кетсек, эки жыл мурда да уюм өлкөдөгү токой өрттөрү үчүн жоопкерчиликти моюнга алган. Түрк серепчилери белгилегендей, өрттөгү "террорчулуктун изи" бийликтин ишине жарайт, антпесе алар климаттын өзгөрүү коркунучу олуттуу жана реалдуу экенин моюнга алууга аргасыз болушарын айтышууда.

Ошол эле учурда, Түркиядагы Үскүдар университетинин окутуучусу Нури Бингөл кайдыгерлик, табиятка карата шалаакы мамиле да токой өрттөрүнүн чыгышына себеп болорун эскертти.

"Токойдо тазаланбай турган кургак чөптүн үстүндө калган айнек бөтөлкөлөр, атүгүл анын сыныгы да өрткө себеп болушу мүмкүн. Анткени ысыкта бөтөлкө ысыйт. Кургак чөптүн үстүнөн от тутанып, өрт чыгышы мүмкүн", - дейт Бингөл.

Түркиянын Бодрум аймагында эвакуацияны күткөн жайкын тургундар.
Түркиянын Бодрум аймагында эвакуацияны күткөн жайкын тургундар.

Тилсиз жоо Түркиянын гана эмес, ага коңшу Грекиядагы токойлорду да жалмады. 8-августта Грекиянын экинчи чоң аралы Эвиядагы өрт миңдеген гектар карагайлуу токойду күлгө айлантып, үйлөрдү жексен кылды.

Туристтер жана жергиликтүү тургундар качууга аргасыз болушту. Өрт түштүк-батыштагы Пелопоннес аймагында күч алып, Афинынын түндүк четиндеги жалын басаңдады.

Буга чейин өрттөн Грекияда эки, Түркияда сегиз адам өлүп, дагы ондогон киши түтүнгө ууланып жана башка жараат менен ооруканага жаткырылган.

Деги эле дүйнө жүзүндө ысык аба ырайына байланыштуу бир канча өлкөлөрдө токойдо чыккан өрт өсүмдүктөр, жапайы жаныбарлар менен кошо адам курмандыктарына да алып келген учурлар катталууда.

Грекияда жергиликтүү калк өрт өчүргүчтөргө жардам берүүдө.
Грекияда жергиликтүү калк өрт өчүргүчтөргө жардам берүүдө.

Калифорнияда үч жумадан бери токойду каптаган өрт 150 жылдык тарыхы бар Гринвилл шаарын жок кылды. Гринвиллде жашаган 800дөй тургун эвакуация болду.

Якутиядагы токойлордогу өрт улам токтобой тутанып жатат. Республиканын аймагындагы алты райондун 13 калктуу конушу коркунуч жараткан кооптуу тилкелерде кала берүүдө.

Жакында Баяс-Көл айылында токойдо жайылган өрттөн 31 үй толугу менен күйүп кетти. Бул аймакта ушул күнгө чейин өчүрүлбөгөн 155 өрттүн очогу бар. Бир күндө 11 өрттүн очогу өчүп, тогузу чектелип, дагы жети жерден жаңы өрт чыкканы катталганы расмий кабарларда айтылды.

Азыркы учурда өрт каптаган аймактардагы калкты коопсуз жайларга көчүрүү иштери жүрүп жатканы белгиленди.

Бийлик өкүлдөрү жана эксперттер окуяларды климаттын өзгөрүшүнө байланыштырууда.

Табият кырсыктары дагы көбөйөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00

Ысык-Көл: момдон жасалган айкелдердин музейи
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы момдон жасалган айкелдердин музейи жылына үч ай гана иштейт. Ал туристтик сезон маалында чет элдиктерди кызыктырган өзгөчө жайлардын бири. Көгүлтүр көл жээгинде жайгашкан бул музейде дүйнөлүк лидерлердин жана жылдыздардын момдон жасалган айкелдери бар. Өзгөчө техниканы колдонуп, момдон фигура жасаган скульпторлор Кыргызстанда жокко эсе.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG