Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Экономика

Социалдык тармактарда тараган видео тасмалардан сүрөт. Тегеран шаары, 26-июль.
Социалдык тармактарда тараган видео тасмалардан сүрөт. Тегеран шаары, 26-июль.

Ирандын башкалаасы Тегеран менен Тебриз шаарларында суунун таңкыстыгына жана жашоо-шарттын оорчулугуна нааразы болгон жарандар “диктаторго өлүм” деп кыйкырып, каршылык акциясына чыгышты.

26-июлда "Фарда" үналгысы жаңы видео тасмаларды жарыялады. Анда ондогон митингчилер көпүрөдө чогулуп, АКШ колдогон жана 1979-жылы тактан кулатылган Мухаммед Реза Пехлевинин атын даңктап, "Басиж" күчтөрүнө каршы ураандарды кыйкырып жатканын көрсө болот.

"Фарда" үналгысы ошондой эле, Караждагы Хомейни ооруканасынын медиктери "Убадага тойдук, дасторконубуз бош" деген сөздөрдү айтышканын кабарлады.

Караждагы башаламандык социалдык тармактарга тарагандан кийин, каршылык акциясы 26-июлда эртең менен Тегерандын чок ортосу болгон Жомхури Ислам көчөсүндө да өткөнү айтылууда.

Ал эми Тегерандын губернаторунун орун басары Хамидреза Гударзи нааразылык акциясы болгонун тастыктап, "демонстрация электр энергиясы жоктугунан" болгонун билдирди.

Ал ортодо Тегеранда тартылган видео тасмалардын биринде өлкөнү башкарып жаткан консервативдик исламчыл саясатчыларды сындап, “курал-жарак, танктар, молдолор кетиши керек” деп кыйкыргандар көрсөтүлгөн. Башка бир видео тасмада Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеинин дарегине сын айткандар болду.

Дагы бир видео тасмада "Газа же Ливанга эмес, мен Иран үчүн жанымды аябайм" деген чакырыктарды айтып жатышат.

Мындай ураандарды расмий Тегерандын Ливандагы палестиналык согушкер топторго жана "Хезболлага" каржылык жардам, курал-жарак берүү саясатына каршы чыккандар ондогон жылдар бою айтып келишет.

Укук коргоочу уюмдар кишилер полициянын огунан каза болгонун айтканы менен жергиликтүү бийлик аны четке кагууда. Буга чейин Ирандын бийлиги демонстранттарды укук коргоо органдарына кол көтөрүп, тартипти бузду деп күнөөлөгөн эле.

Эл аралык Мунапыс уюму 27-июлда "Твиттерге" жарыялаган кыска видеосунда "Иранда адам өмүрүн алып жаткан жазасыздыкты токтотуш керек", - деп билдирди. Уюм ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешин кылмыштарды иликтөө механизмин түзүүгө чакырды.

Лондондо жайгашкан бул укук коргоо уюму Иран режимин ок жана көздөн жаш агызуучу газды митингчилерге каршы мыйзамсыз колдонгон деп айыптады. Уюмдун билдиришинче, Хузестанда сегиз демонстрант анын ичинде бир өспүрүм каза болду.

Ал эми расмий бийлик каршылык акциясына чыккандардан эки киши каза болгонун ырастады.

Буга чейин "Хьюман Райтс Уотч" уюму бул өлүмдөр Иран бийлиги "ашыкча күч" колдонгондуктан болгонун билдирген.

Эл аралык уюм ошондой эле Иран бийлигин өлүм тууралуу кабарларды "ачык-айкын" иликтөөгө жана күнөөлүүлөр менен иш алып барууга чакырды.

Диктатуралык бийлик өкүм сүргөн Иранда өкмөткө каршы демонстрациялар көп деле өтпөйт. Бирок быйыл бул өлкөдө 50 жылдан берки эң оор кургакчылык өкүм сүрүүдө. Суунун тартыштыгынан кыйынчылыкка дуушар болгон өлкөнүн бир катар райондорунда электр жарыгы дагы үзгүлтүккө учурап жатат.

Ирандагы каршылык жүрүштөрү өлкө коронавирус пандемиясынан жабыркап, экономикасы АКШнын санкцияларынан улам кыйын абалга кептелген учурга туш келди. Мунай өнөр-жай тармагында иштеген миңдеген жумушчулар иш таштап, айлык акыны көтөрүү, эмгек шарттарын жакшыртууну да талап кылууда.

Акциялар 15-июлда Ирандын мунайга бай Хузестан провинциясында башталган. Муну менен катар бул аймакта этникалык азчылык саналган арабдар жашайт. Алар буга чейин деле басым-кысымга туш болгонун айтып келишет.

Алексей Гаршин.
Алексей Гаршин.

Өзбекстанда 51 жаштагы ташкенттик белгилүү блогер Алексей Гаршин президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтөрүн жарыялады.

Ал буга чейин "Озод Ватан" партиясын түзүү боюнча уюштуруу иштери башталганын жана жакында партиянын биринчи курултайы өтөрүн билдирген.

"Мыйзам боюнча биз уюштуруу комитетине кеминде 50 адамды чогултушубуз керек. Азырынча 20 адамдан турган топ түзүүгө жетиштик. Албетте, команда түзүү оңой эмес, айрым келишпестиктер бар. Бирок биз бул маселе боюнча иштеп жатабыз жана кечиктирбестен чара көрөбүз", - дейт Гаршин.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда 1996-жылы кабыл алынган "Саясий партиялар жөнүндө" мыйзамга ылайык, партияны түзүүнүн демилгечилери кеминде элүү адам болушу керек.

Алар партиянын уюштуруу документтерин даярдоо, анын курамын жана уюштуруу комитетин түзүшү керек. Бул комитет түзүлгөн күндөн тартып үч айдан ашык эмес иштөөгө милдеттүү.

Алексей Гаршин "Озодлик" радиосуна берген маегинде, Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык учурда саясий партия түзүү шарттары өтө татаал экенин айтты.

"Кандай болгон күндө дагы биз шайлоого өз убагында жетишпей калат окшойбуз. Биринчиден биздин ишибиздин оңунан кетишинен күмөн санайм. Экинчиден, партия тарабынан көрсөтүлгөн президенттикке талапкер жалпы шайлоочулардын бир пайызын чогултушу керек. Бул талапты аткарыш оңойго турбайт. Ушул тапта партия түзүүнүн негизги максаты - чыныгы элдик партияны түзүү. Бул Өзбекстандын учурдагы кырдаалдан чыгуунун бирден-бир мыйзамдуу жолу. Партияны канчалык эртерек түзсөк, көйгөйлөрдү ошончолук жакшы жана тез чече алабыз", - дейт Алексей Гаршин.

51 жаштагы өзбекстандык блогер Алексей Гаршин буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үчүн курулган "Шоввозсой" эс алуу жайынын видео тасмасы жарыяланаган. Интернетке жарыяланган тасмада тоолуу аймактагы президенттин резиденциясын, аны курчаган бак-даракты жана суу сактагычты көрүүгө болот.

Ошондон кийин Алексей Гаршин YouTube каналында өлкөдөгү чоң жана кичине көйгөйлөрдү чагылдырып, кыска убакыттын ичинде жалпы коомчулукка белгилүү болуп кетти.

Ал эми быйыл февралда “Азаттыктын” өзбек кызматы Мирзиёев үчүн курулган хансарай жөнүндө журналисттик иликтөө жарыялап, анда Ташкенттен 100 чакырым алыс Угам-Чаткал улуттук паркынын аймагында жайгашкан ажайып жердеги ак сарай тууралуу маалымат берилген. Кийинчерек Мирзиёев "Шоввозсой" эс алуу жайы боюнча комментарий берип, эс алуу жайы мамлекеттин карамагында экенин билдирген.

Ал арада Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 23-июлдагы жыйынында президенттик шайлоо өнөктүгү башталганы жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Зайниддин Низамхожаев билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Анын айтымында, президенттик шайлоо 24-октябрга белгиленген. Талапкерлерди көрсөтүү 20-августтан башталып, 9-сентябрда аяктайт. Өзбекстандагы шайлоо кодекстерине ылайык, добуш берүү күнүнө чейин алты ай мурун каттоодон өткөн партиялар гана президенттикке талапкер көрсөтө алат. Учурда каттоодон бийликчил беш партия гана өткөн.

Мухаммад Салих.
Мухаммад Салих.

Ал эми оппозициялык саясатчы Мухаммад Салих жетектеген "Эрк" партиясы менен Хидирназар Аллакуловдун жаңы түзүлгөн "Акыйкат жана өнүгүү" партиясы президенттикке талапкер көрсөтүү укугуна ээ болуу үчүн буга чейин бир нече жолу расмий каттоодон өтүүгө аракет кылышкан. Бирок Юстиция министрлиги аларды каттоодон баш тарткан.

Оппозициячыл "Эрк" партиясынан президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн белгилүү ырчы Жахонгир Атажанов саясаттан убактылуу четтеп, ырчылык карьерасына кайра кайтып келерин билдирген. Бул тууралуу 10-июлда Instagram баракчасына жазып, мындай чечимине ата-энеси себеп болгонун айткан.

42 жаштагы өзбекстандык ырчы Жахонгир Атажанов январь айында саясатка бел байлап, президенттик шайлоого аттанаарын билдирген эле. Көп өтпөй Атажановдун Ташкент шаарындагы кеңсесине белгисиз аялдар келип, "бул жер сойкукана" экенин жана "маңзаттар сатыларын" айтып полицияны чакырышкан. Кийинчерек Атажанов социалдык тармактарга билдирүү жазып, укук коргоо органдарынын кысымына кабылып, бир нече жолу суракка чакырылганын айтып чыккан.

Ошол эле маалда Термез мамлекеттик университетинин мурдагы ректору Хидирназар Аллакулов тарабынан түзүлгөн "Акыйкат жана өнүгүү" партиясынын жактоочуларына жана активисттерине кысым күч алганы айтылууда.

Алексей Гаршин жана башка оппозициячыл топтор тарабынан түзүлгөн жаңы саясий партиялар Өзбекстандын Юстиция министрлиги тарабынан каттоого алынабы деген суроо бар. Катталган күндө дагы Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышууга укук берери күмөн.

2019-жылы президент Шавкат Мирзиёев чет өлкөлөрдөгү саясий оппозицияны кайтаруу чакырыктарын четке кагып, "оппозиция өлкө ичинде гана түзүлүшү керек" деген эле.

Бирок азырынча президент Мирзиёев жана Өзбекстанда катталган өкмөттүк саясий партиялар дагы өз талапкерлерин сунуштай элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG