Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Экономика

Казакстан. Жаңы-Өзөн шаарындагы мунай казуучу компанияны тейлеген жумушчулар иш таштады. 19-июль, 2021-жыл.
Казакстан. Жаңы-Өзөн шаарындагы мунай казуучу компанияны тейлеген жумушчулар иш таштады. 19-июль, 2021-жыл.

Казакстандын Мангистау облусундагы Жаңы-Өзөн шаарында мунай өндүрүүчү ишкананы тейлеген бир канча компаниянын жумушчулары жапырт иш ташташты.

Алар маянаны көтөрүү жана эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылышууда. Эми мунайчыларга, айдоочулар, күзөтчүлөр жана “Тазалык” ишканасынын жумушчулары кошулду.

Мунайчылардын иш таштоосун айдоочулар улантты

Казакстандын Мангистау облусунда мунай өндүргөн "Өзенмунайгаз" компаниясын тейлеген "МунайСпецСнаб Компани" транспорттук ишканасынын 130дан ашуун айдоочусу өткөн аптада иш таштаган. Аларга 19-июлда KUNAN HOLDING транспорттук ишканасынын эки жүздөн ашуун айдоочусу кошулду.

Казакстан. «МунайСпецСнаб Компани» транспорттук ишканасынын иш таштаган айдоочулары. 19-июль, 2021-жыл.
Казакстан. «МунайСпецСнаб Компани» транспорттук ишканасынын иш таштаган айдоочулары. 19-июль, 2021-жыл.

Анын артынан мунай кениндеги скважиналарда геофизикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн казуу жумуштарын аткарган "БатысГеофизСервис" компаниясынын 150 жумушчусу 19-июлда иш таштап, акимчиликтин алдына чогулду.

“Биздин биринчи талап – айлык акыбызды 50%га көтөрүү. Экинчиси эмгек өргүүнү 30 күнгө чейин көбөйтүү. Андан сырткары биздин дем алыш күндөрү иштегенибиз мыйзам боюнча эсептелсин. Соңкусу - биздин эмгек укуктарыбызды талап кылып чыккан жумушчулар куугунтукталбасын”, - деди иш таштаган Мамай Гаипов.

Жаңы-Өзөн шаарындагы түрдүү ишканаларда, иш таштаган жумушчулар өз ара тилектештигин билдирип, бардык талаптар аткарылмайынча жумушка чыкпай турууга макулдашканы айтылды.

Иш таштагандардын бири Оразымбек Сапаков эмгек шартына даттанды.

“Биз ден соолукка зыяндуу калдыктар менен иштейбиз. Аба ырайынын кандай экенине карабай иштейбиз. Жумушта эч кандай дем алыш деген жок. Ошондуктан дем алыш күңдөрүн мыйзамдуу түрдө бекитип берүүнү талап кылабыз”.

Жумушчулар көтөрүлгөн маселелер маяна менен эмгек шартына гана байланыштуу экенин, саясий талаптар коюлбаганын белгилешти.

“Биздин жумушчулар маянасы тамак-ашына жетпегендиктен иш таштап жатышат. Бул жерде бийликке каршы же болбосо өкмөткө каршы эч кандай талаптар жок. Болгону биздин айлык акыны көтөрүп беришсе эле болду”, - деди иш таштагандардын бири Бөлеген Айдарбеков.

Талапты аткаруу эмнеге татаал?

Компаниялардын жетекчилиги эмгек келишимин бузуп, ишти үзгүлтүккө учураткандарга чара көрүлөрүн эскертти. "БатысГеофизСервис" мекемесинин жетекчиси Канат Нуркенулы жумушчулардын талабын аткаруу кыйын экенин айтты:

"Биздин ишкана тендер менен иштейт. Тендер болсо, жумуш болот. Тендердин акчасы кандай болору белгилүү. Жалдаган компания ашыкча акча төлөбөйт. Биз болсо тендерди утуп алуу үчүн аз өлчөмдө кызмат көрсөтүүнү сунуштайбыз. Бизге "Өзенмунайгаз", "Казмунайгаз" жумуш берет. Алар кызмат көрсөтүү акысын жогорулатып берсе, анан биз көтөрөт элек. Ансыз айлыкты көтөрө албайбыз".

Тазалыкчылар иш таштады

Буга удаа эле Жаңы-Өзөндөгү "Тазалык-С" коммуналдык ишканасынын жумушчулары да иш таштады. Алардын дагы талабы - айлыкты көтөрүү, эмгек шарттарын жакшыртуу.

“Жумушчуларга шарт каралган эмес. Тазалыкчыларга атайын форма акыркы жолу качан берилгени эсибизде жок. Колкап жок. Айлык аз. Эч нерсеге жетпейт. Азык-түлүк болсо кымбаттап жатат”, - деди “Тазалыктын” жумушчусу Бибигүл Кенжебаева.

Ал эми ишкана башчысы Серик Картаңбаев тарифти көтөрмөйүнчө, айлык жогорулабай турганын түшүндүрдү.

“Биздин таштанды чыгара турган тарифти өкмөт бекитет. Биз калкка кызмат көрсөтүүдө ошол тарифтин негизинде акы ала алабыз, жумушчуларга маяна төлөйбүз. Таштанды ташый турчу машинелерге куя турчу май дагы кымбаттады, чыгымдар көбөйдү”.

Буга чейин мунай казган "КазМунайГаз" компаниясынын курамына кирген KMG-Security ишканасынын күзөтчүлөрү бир жума мурун иш таштаган. Алардын койгон талаптары аткарылгандыктан 19-июлда акцияны токтотушту. Соңку айларда Казакстандын мунайга бай аймактарында нааразылык күчөп, бир катар ишканалардын жумушчулары нааразылык акциясына чыгышкан.

Июль айынын башында КЕЗБИ компаниясынын жумушчулары иш таштаган. Айрым компаниялардын жетекчилери иш таштагандар менен жолугуп, жарым-жартылай талаптарын аткарууга убада берип, шарттарды карап чыгууга убакыт сурашкан.

Мындан он жыл мурун Жаңы-Өзөндө мунай өндүргөн "Өзенмунайгаз" жана "Каражанбасмунай" компанияларынын жумушчуларынын иш таштоосу кан төгүү менен аяктаган.

Полиция ок атуучу курал колдонуп, каршылык акциясына чыккандар каза тапкан. Расмий маалымат боюнча ал окуяда 17 адам окко учуп, жүздөгөн киши жаракат алган.

Өзбекстандагы кургакчылыктан куурап бараткан бадал өсүмдүктөрү.
Өзбекстандагы кургакчылыктан куурап бараткан бадал өсүмдүктөрү.

Өзбекстанда суунун таңкыстыгынан айыл чарба жана токой аянттары жапа чегүүдө.

Өзгөчө ысык аба ырайы жана суунун жетишпестиги эгин талааларын гана эмес, көп жылдык мөмөлүү дарактарды дагы куурата баштады. Суунун таңкыстыгынан улам дыйкандар жергиликтүү бийликке кайрыла берип майнап чыкпагандыктан, эми президент Шавкат Мирзиёевге даттанышты.

Өзбекстандын Наманган облусунун Поп районундагы Абу Али Ибн Сино атындагы дары өсүмдүктөрү, бадал жана мөмөлүү дарактарды өстүргөн чарба быйылкы түшүмүнөн куру жалак кала турган болду. Анткени суу жок сугарырылбай жатат. Бул тууралуу "Эркин Европа "Азаттыктын" өзбек кызматы жергиликтүү булактарына таянып жазды.

Токой чарбасынан алгап иштеткен 5 гектар багы куурап баратканын айткан ижарачы Арифжан Холматов суунун айынан түшүмдөн эле эмес, бакчанын өзүнөн да ажырап калуу коркунучу бар экенин белгиледи:

“Өсүп турган дарактардын көбү куурап калды. Быйыл алтымыш күндөн бери суу бериле элек. Он беш жылдан бери демейдегидей эле келип жаткан суу эки жылдан бери жакшы берилбей калды. Суу чоң каналга бир кыйла аз келип жатканын айтышууда. Өткөн жылы дагы ушундай болуп, үч айдын ичинде болгону эки жолу сугарганбыз. Быйыл таптакыр эле суу бербей жатышат. Дарактар эле эмес, жердин бардыгы кургап калды. Жалпысынан бизде үч жарым миңден ашуун мөмөлүү дарак болсо, ошонун ичинен эки миңге жетпегени гана тирүү калды. Калганы суу жетпей, куурап калды”.

Мында ит мурун жана шилби сыяктуу бадал жана дары өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Багбан дагы он күндөй суу келбесе, бак толук куурап, жок болуп кетиши мүмкүн экенин белгилейт. 15 жылдан бери бул иш менен алектенген багбан түшүмдүн жарымын токой чарбасына тапшырып, жарымын фармацевттерге сатып, жылына бир топ киреше таап келгенин айтты.

"Бакка тургай, пахтага суу жок"

Намагандын Поп райондук суу чарбасынын башчысы Нурилло Рахматуллаев сугат суусу эгин талаасына жетпей жатканын ырастады:

“Аймактагы пахта талааларына дагы суу жеткире албай жатабыз. Пахта куурап, четинен саргайып күйүп жатат. Быйыл суу аябай тартыш. Биздин суу топтоочу жайда 16 млн. куб суу болушу керек эле. Бирок 11 млн. куб гана суу келди. Беш млн. куб суу жок. Андан сырткары күн аябай ысык болгондуктан суу тез эле сиңип, сарталышы да картты. Сууга муктаждык аябай жогору. Бардыгына бирдей жеткизе албай жатабыз. Себеби биз Кыргызстандан ала турган суу үзгүлтүк менен келип жатат”, - деди Рахматуллаев.

Өзбекстанда быйыл бакчалар гана эмес, пахта талаалары дагы суу жок саргаргып, күйүп жатканы айтылууда. Жакында Бухара облусунун дыйкандары президент Шавкат Мирзиёевге кайрылды.

Дыйкан чарбасынын башчысы жетимиш жаштагы Хазрет Эргашев суу таңкыстыгын чечпесе, абал оор экенин айтып, даттанды:

“Урматтуу Шавкат Мироманович, сизге башка аргабыз калбагандыктан кайрылып жатабыз. Жергиликтүү бийликтин башчыларына кайрыла берип чарчадык. Бардыгын чакырып, ыйладык. Эч кимиси келип, жардам беришкен жок. Корообуз куурап калды. Пахта талаасынын абалы болсо бул. Суу жетпей, саргайып күйүп кетти. Суудан дайын жок. Ар бир үй-бүлө 50 сотыхтан ижарага жер алып, пахта айдаганбыз. Эми күздө пахтадан пайда тапмак тургай, жердин ижара акысын кантип төлөйбүз деп турабыз”, – деди Хазрет Эргашев.

Быйыл Борбор Азиянын дыйканчылык зоналары суунун таңкыстыгынан кургакчылыкка дуушар болгону белгилүү. Бирок чөлкөмдөгү мамлекеттер кургакчылык келтирген зыяндын өлчөмүн аныктап, анын кесепеттерин жоюу чаралары тууралуу маалымат берише элек.

Кургакчылык кесепети: жаан жок, суу жок, чөп тартыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:15 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG