Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Экономика

Жахонгир Атажанов.
Жахонгир Атажанов.

Өзбекстандагы оппозициячыл "Эрк" партиясынан президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн белгилүү ырчы Жахонгир Атажанов саясаттан убактылуу четтеп, ырчылык карьерасына кайра кайтып келерин билдирди.

Бул тууралуу 10-июлда Instagram баракчасына жазып, мындай чечимине ата-энеси себеп болгонун айткан.

"Мен 15 күндөн бери саясий темалар боюнча бир дагы эфирге чыга элекмин. Анткени менин мындай онлайн эфирлерим апамдын өмүрүн кеминде беш жылга кыскартканын сезем. Мага мындай жол менен келе турган президенттик кызматтын кереги жок. Буга байланыштуу командабыздан кечирим сурайм. Саясаттан кетүү тууралуу чечим кабыл алдым. Азырынча саясаттан алыстай туралы", – деди Атажанов.

Ал ошондой эле сөзүнүн аягында быйыл апасынын урматына концерт берүүнү пландап жатканын кошумчалады.

Анын апасы жөнүндө айтканындарынын жөнү бар. Анткени Атажановдун саясий карьерасына ата-энеси каршы болуп келет. Мындан улам ал соцтармактарда үй-бүлөнүн мааниси жөнүндө билдирүүлөрдү байма-бай бөлүшүп турчу.

42 жаштагы өзбекстандык ырчы Жахонгир Атажанов былтыр музыкалык карьерасын токтотконун жарыялаган. Январь айында саясатка бел байлап, президенттик шайлоого аттанаарын билдирген эле. Көп өтпөй Атажановдун Ташкент шаарындагы кеңсесине белгисиз аялдар келип, "бул жер сойкукана" экенин жана "маңзаттар сатыларын" айтып полицияны чакырышкан.

Жахонгир Атажанов. Карикатура.
Жахонгир Атажанов. Карикатура.

Кийинчерек Атажанов социалдык тармактарга билдирүү жазып, укук коргоо органдарынын кысымына кабылып, бир нече жолу суракка чакырылганын айтып чыкты.

"Инстаграмдагы" видео кайрылуусунда ушул жылдын 12-майында Түркиядан Өзбекстанга кайтып келгенден кийин анын артынан аңдып жүргөн адамдарды байкап, уюлдук телефону жашыруун тыңшалып жатканын билдирген. Ырчынын айтымында, мекенине кайтып келгенден кийин гана Ташкенттеги кыймылсыз мүлкүнүн бардыгы камакка алынганын билген.

Жахонгир Атажанов социалдык тармактардагы сүйлөгөн сөздөрүндө, ага карата жасалган ар тараптуу "басым" аны саясаттан алыстатуу аракети экенин ачык айтат.

Муну менен катар Атажанов же башка активисттердин Өзбекстандын аймагында оппозициялык партия түзүү аракетине катуу каршылык көрсөтүлүүдө.

Жахонгир Атажанов Instagram баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө, анын үйүнө кол салган калың топ мазактап, сабаганын айткан.
Жахонгир Атажанов Instagram баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө, анын үйүнө кол салган калың топ мазактап, сабаганын айткан.

Былтыр жыл башында Өзбекстандын Юстиция министрлиги "Эрк" партиясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт койгон. Оппозициячыл партиянын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда юстиция министри Русланбек Давлетов: "Өзбекстандын аймагында" Эрк "деген аталыштагы партия жок жана аны кайрадан каттоого мыйзамдуу негиз жок", - деп түшүндүргөн.

"Эрк" партиясы Өзбекстанда 1980-жылдардын аягында түзүлгөн. Анын башында мурдагы президент Ислам Каримовдун 1991-жылкы шайлоодогу башкы атаандашы, акын Мухаммад Салих турган. Кийинчерек Салих өлкөдөн чыгып кетип, учурда Түркияда жашайт. Ушул күнгө чейин партиянын жабылышы же жоюлушу боюнча соттун чечими же башка документтер жок.

Деген менен 2019-жылдын аягында президент Шавкат Мирзиёев 2016-жылы бийликке келгенден бери биринчи жолу саясий оппозиция боюнча билдирүү жасаган. Ал жаштар менен жолугушууда өлкөдө сырттан кирген күчтөрдүн пайда болушуна жол бербей турганын баса белгилеген.

Ошондой эле Өзбекстандын Юстиция министрлиги буга чейин өлкө ичинде түптөлгөн бир дагы жаңы саясий партияны каттоодон өткөрө элек.

Туңгуч президент Ислам Каримовдун тушунда түптөлгөн "саясий салтка" ылайык, Өзбекстандагы президенттик шайлоо учурунда өлкө парламентинде иштеп жаткан беш партия азыркы президенттин "оппоненттери" катары кымзат көрсөтүшөт.

Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл 24-октябрда өтөт. Өлкөнүн шайлоо мыйзамдарына ылайык, президентикке талапкерлер саясий партиялардын атынан гана көрсөтүлөт.

Ош шаарындагы "Кыргыз унаа курулуш" заводу кытайлык Dongfeng компаниясы менен келишим түзүп, 12 жүк ташуучу унаанын тетиктерин алып келип кураштырууда. 9-июнда компания кураштырып бүткөн алгачкы жүк ташуучу чакан унааларын кардарларга сунуштады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG