Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Экономика

Министр: Элге электр баасын көтөрүүдөн баш тарттык
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:12 0:00

Президент Садыр Жапаров калкка электр энергиясынын баасын көтөрүүнү артка жылдырды. Бул маселе бир-эки жылдан кийин каралышы мүмкүн. Бирок ошол эле учурда коммерциялык чарбаларга жана башка категориядагыларга жарыктын наркы жогорулатылат. Жаңы тарифтик саясат быйыл сентябрдан баштап күчүнө кирет. Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев мына ушул жана башка маселелер боюнча “Азаттыкка” маек куруп, бийликтин жүйөлөрүн келтирди.

Кыргызстандагы заводдордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы заводдордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын экономикасы жарым жылдын жыйынтыгында 1,7% төмөндөдү. Кумтөр кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, тескерсинче ички дүң продукту 3,7% жогорулады.

Бул көрсөткүчтөр 2020-жылкы сандар менен салыштырылган. Былтыр пандемиядан улам реалдуу сектор кыйла түшүп кеткен эле.

"Сандардын чатагы"

Бир жыл мурунку кризиске байланыштуу экономиканын быйылкы жагдайлары кескин өйдө-төмөн сандар менен чыгып келатат. Маселен, январда төмөндөө 7,6% түзсө, январь-февралда 8,9% артка кеткен. Үч айдын жыйынтыгында ылдыйлоо 9,4% жетип, терс маанай жараткан.

Төрт айдын эсебинде кыйла түзөлүү байкалган, анда төмөндөө 3,8% гана болгон. Беш айдын соңунда артка кетүү 1,6%, алты айдын жыйынтыгында 1,7% минус менен чыкты.

Республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында Улуттук статистика комитетинин Улуттук эсептер тутуму жана экономикалык теңдемдер бөлүмүнүн башчысы Ырыскелди Өмүралиев:

Ырыскелди Өмүралиев
Ырыскелди Өмүралиев

“2021-жылдын январь-июнь айларында ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоо боюнча 271 миллиардга жакын сомду түздү жана 2020-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 1,7 пайызга төмөндөдү. Кумтөр кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2021-жылдын январь-июнь айларында ИДПнын көлөмү 242 миллиарддан ашык сомду түзүп, 3,7 пайызга жогорулады”,-деди.

Бирок жалпы өндүрүмдүн ичинде өнөр жай продукцияларынын көлөмү кыскарды. Ал көрсөткүч 154 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу 10,6% төмөндөгөн. Курулуш тармагы 14,2% жакын артка кетсе, айыл чарбасы 1,3 пайызга, дүң жана чекене соода жүгүртүү 11% өскөн.

Жогору темп өлкөнүн тышкы соодасында да байкалды. Бирок анын алты айлык жыйынтыгы чыга элек, беш айдыкы гана эсептелди.

“2021-жылдын январь-майында Кыргызстандын товарлардын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2,8 млрд. АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-майына салыштырмалуу 27,7 пайызга жогорулады. Ушул эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр 4,4 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 40,5 пайызга жогорулады. 2021-жылдын январь-майында республиканын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 1,3 млрд. АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-майына салыштырмалуу 34,8 пайызга жогорулады. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 75 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 24 пайызга жогорулаган”,-деди Ырыскелди Өмүралиев.

Бул көрсөткүчтөрдө салыштырмалуу өсүү бар. Бирок маселе ушунда, өткөн жылкы базалык сандар өзү төмөн болчу. Буга коронавирус пандемиясы, андан улам киргизилген чектөөлөр жана чек аралардын жабылышы себеп болгон.

Маселен, 2020-жылы алгачкы алты айда ички дүң продукту 5,3%, Кумтөрдү эсептебегенде 6,9% төмөндөгөн болчу. Ал эми тышкы соода жүгүртүү былтыр жылдын биринчи жарымында 22,7% түшүп кеткен.

Башкача айтканда, быйылкы алты айлык көрсөткүч так ошол төмөндөгөн көрсөткүчкө салыштырылып жатат. Ошол себептен адистер экономикадагы жана финансы тармагындагы сандарды 2020-жылкы көрсөткүчтөргө эмес, ага чейинки жылдарга салыштырууну сунушташкан.

“Муну өсүш деп айта албайбыз. Анткени былтыр ишкерлик токтоп, соода жүрбөй, бардык көрсөткүчтөр түшүп кеткен. Эгер ушул жылдын көрсөткүчтөрүн 2019-жылкыга салыштырганыбызда маселе ачык көрүнүп калат. Албетте, адатта базалык сан катары өткөн жылкы көрсөткүчтөргө салыштырууну адат кылып алганбыз. Бирок ушул жылкы эсепти биз мурдагы жылдар менен салыштырып, анан жыйынтык жасап турганыбыз оң”,-деди экономист Төлөнбек Абдыров.

2019-жылы Улуттук статистика комитетинин такталган эсебинде Кыргызстандын ИДПсы 619 млрд сомдой болгон. Мекеменин баштапкы санагында 2020-жылы бул көрсөткүч 598 млрд. сомду түзгөн.

ИДП - өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү. Ал экономиканын эң негизги көрсөткүчү катары каралат.

Жапаровдун аракеттери

Эл аралык финансылык институттар, анын ичинде Дүйнөлүк банк Кыргызстандын экономикасы быйыл жыл жыйынтыгында 3,8% чейин жогорулайт деген божомол берген. Жергиликтүү эксперттер болсо жалпы дүң жыйым 5-10% минус менен чыгарын эскертишкен.

Кантсе да мунун баары коронавирус пандемиясынан, чек араларда каттамдардын калыбына келишинен жана эл аралык сооданын артышынан көз каранды. Бирок ошол эле убакта бул жагдайлардын оңдолушуна бийликтин аракеттери да себепчи болору айтпаса да түшүнүктүү.

Президент Садыр Жапаров быйыл 5-майда Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу кайрылуусунда экономиканы өнүктүрүүнүн беш кадамын сунуштаган. Алар инвестициянын агымын жогорулатуу, экспорттун көлөмүн көбөйтүү, өлкөнүн изоляцияда калышына жол бербөө, кымбатчылыктын алдын алуу жана антикризистик чечимдерди ыкчам кабыл алуу чаралары.

Садыр Жапаров 23-июнда ишкер чөйрө менен жолугушуусунда да ушул маселелерди кайталап, анын администрациясы бизнести колдоого аларын белгилеген:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн бир нече милдетти ишке ашыруу зарыл. Биринчи милдет — мамлекетке инвестициялардын агымын жогорулатуу жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү. Ал эми Өкмөт менен Улуттук банктын алдындагы эң чоң милдеттердин бири — экономиканы капитал менен камсыздоо. Экинчи милдет — өлкөбүздүн изоляцияда калуусуна жол бербөө. Мунун эки шарты бар: биринчиси, соодадагы негизги өнөктөш мамлекеттер арасында товарлардын эркин жүгүрүшүн камсыздоо. Экинчи шарты, вакцинация маселеси. Калкты эмдөөдөн өткөрбөсөк, пандемия шарттарында жарандардын ары-бери каттоосуна бөгөт болгон маселеге айланат. Өкмөттүн алдындагы үчүнчү милдет — азык-түлүк товарларынын кымбаттап жатышына жол бербөө. Калкты социалдык жактан маанилүү товарлар менен камсыздоо маселесин өкмөт көз жаздымда калтырбай, бааларды тез арада жөнгө салсын. Антикризистик саясаттын кийинки өңүтү — чечимдер тез кабыл алынып, ыкчам аткарылышы керек. Министрлер кабинетинен чукул кырдаалдын режиминде, күнү-түнү иштөөсүн талап кылам! Антикризистик режимдин шартында иштөөнү жергиликтүү бийликтерден да талап кыламын”,-деген мамлекет башчы.

Президент экономиканын өзөгү ишкерлер экенин, алар кооптонбошу үчүн Финансы полициясын жана атайын кызматтын алдындагы Антикоррупциялык кызматты жоюу чечими кабыл алынганын соңку жыйында кошумчалады. Бул органдардын бири быйыл майда жоюлса, экинчиси өткөн айда кыскарып кеткен.

Мурдараак ушул органдардын тергөөлөрүнөн улам бир катар бизнес асоциациялар жана укук коргоо уюмдары кайрылуу жасаган. Адистер укук коргоо органдары козгогон кылмыш иштери жана текшерүүлөр инвесторлор менен жергиликтүү ишкерлерди чочутуп жатканын эскертишкен эле.

Төлөнбек Абдыров.
Төлөнбек Абдыров.

“Негизи президентибиз оор экономикалык мезгилде бийлик башына келди. Кыргызстанда мурдатан бизнес коомчулугуна өгөй баладай мамиле жасалып келчү. Садыр Жапаров жыл башында бизнести, инвестицияны, менчикти коргоо боюнча беш-алты жарлыгын чыгарды. Ишкерликке тоскоол жараткан көрүнүштөрдү, текшерүүлөрдү ооздуктаганга аракет кылып жатат. Алардын анча-мынча жыйынтыгы көрүнүп турат. Бирок ишкерлерди куугунтуктоо Бишкекте кыскарганы менен аймактарда дагы деле уланып жатканы жашыруун эмес. Текшерүү, басым дале болуп жатат. Ошондуктан азыркы мамлекет башчынын аракеттеринин жыйынтыктарын биз эки-үч жылда көрсөк болот”,-деди экономист Төлөнбек Абдыров.

Экономиканын башка бир көрсөткүчү, инфляция да былтыртан бери өлкөнү кекиртектеп турат. Өзгөчө быйыл жыл башынан бери баалар өстү.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде 2021-жылдын январь-июнь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтердин жогорулашы жалпысынан 7,3% түздү.

Мында тамак-аш продуктулары менен алкоголсуз суусундуктардына болгон баалар 11%, алкоголдук ичимдиктер менен тамекиге болгон баалар 7,7%, азык-түлүк эмес товарларга болгон баалар 4,1% өстү. Ал эми калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 1,2% төмөндөгөнү байкалды.

Ушул мезгилдин ичинде эң чоң өсүш картөшкөгө болгон баанын кескин өсүшү 1,7 эсеге, жаңы жер-жемиштер 32,1%, тамак-аш майлары 22,8%, кумшекер 22,5%, жаңы бышкан мөмө-жемиштер 18,8%, гречка азыктары 18,4%, кой эти 17,8%, балык 7,7%, уй эти 5,9%, алкоголсуз суусундуктар 4,5% жогорулаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG