15 миллион калкы бар Стамбулда орточо эсеп менен айына 400 батир чет өлкөлүктөргө сатылат. Түркиялык серепчилердин айтымында, Европа менен Азияны бириктирген бул шаарда үй алгысы келген чет өлкөлүктөрдүн саны жыл сайын өсүүдө. Дүйнөнүн эң ири метрополитенинде батирлердин баасы канча жана чет өлкөлүктөргө кандай шарттарда сатылат? Бул суроолорго жеке риелтор болуп иштеген кыргызстандык Венера Алишова жооп берди.
Экономика
дүйшөмбү 5 Июль 2021
Кыргызстанда тоют жетишсиздиги азыртан байкалууда. Ушул тапта бир түк чөптүн баасы талаада орулган жеринде орточо 300 сомдон сатылууда. Айыл чарба министрлиги буга быйылкы кургакчылыктан улам чөп аз болгонун себеп кылып, маселени чечүү жолдорун караштырып жатканын маалымдады. Бул аралыкта базарда малдын баасы арзандаганы айтылууда.