Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Экономика

Ош шаарындагы "Кыргыз унаа курулуш" заводу кытайлык Dongfeng компаниясы менен келишим түзүп, 12 жүк ташуучу унаанын тетиктерин алып келип кураштырууда. 9-июнда компания кураштырып бүткөн алгачкы жүк ташуучу чакан унааларын кардарларга сунуштады.

Желек көтөргөн молдовалыктар.
Желек көтөргөн молдовалыктар.

Молдовада 11-июлда кезексиз парламенттик шайлоо өттү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, өлкөдө Орусия таасирин солгундатып, көпчүлүк шайлоочулар Европа биримдиги менен жакындашууну каалаган партияларга добуш берди.

Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоого элдин 50 пайыздайы катышты. Көрсөткүч 2019-жылдагы парламенттик шайлоого караганда бир аз жогору экени айтылды.

"Аракет жана тилектешик партиясынын" 45%, "Коммунисттердин жана социалисттердин блогу" болжол менен 31%, Консервативдүү "ШОР" партиясы 8% алды. Ал эми жалпы шайлоочулардын саны болжол менен 3,2 миллион адамды түзгөн.

Шайлоо тилкеси. Молдова. 11-июль, 2021-жыл.
Шайлоо тилкеси. Молдова. 11-июль, 2021-жыл.

Шайлоонун алдында чет өлкөлөрдөгү жана Орусиячыл жикчил Приднестровье аймагындагы шайлоо участкаларынын санына байланыштуу жаңжал чыккан. Мындан улам Приднестровьедагы шайлоо участкаларынын саны 41ге чыгарылган.

Ал ортодо негизинен Майя Сандуга ыктаган молдовалыктар чет өлкөлөрдөгү 150 шайлоо участкаларында, анын ичинде коңшулаш Европа Биримдигине мүчө Румынияда 12 шайлоо тилкелеринде добуш беришти. Ал эми Молдованын аймагында эки миң шайлоо тилкеси ачылды.

Кезексиз шайлоодо коронавируска каршы чектөөлөр киргизилип, шайлоочулар беткап кийип, социалдык аралыкты сактоого милдеттендирилген.

Шайлоо тилкеси. Кишинев шаары. 11-июль, 2021-жыл.
Шайлоо тилкеси. Кишинев шаары. 11-июль, 2021-жыл.

Боршайком жекшембинин кечинде шайлоо тилкелеринде добуш берүү учурунда одоно мыйзам бузуулар катталбаганын ачыктады.

Деген менен Майя Санду негиздеген европачыл "Аракет жана тилектешик партиясынын" лидери, буга чейин премьерликке сунушталган Игорь Гросу шайлоо тилкелеринде добуш сатып алуу сыяктуу мыйзам бузуулар катталганын белгиледи:

Игорь Гросу.
Игорь Гросу.

"Мен бул өлкөнүн демилгелүү жарандарына бүгүнкү жасаган мыкты иштери үчүн ыраазычылык билдирем. Эртеңки күнүбүз жакшы болот деп ишенем. Шайлоо катаал шартта, шайлоочуларга жана диаспорага тоскоолдуктар жаралып турганда өттү. Биз ыплас өнөктүктү жана добуштарды сатып алууларды көрдүк",- деди Гросу.

Ал эми Орусияга ыктаган социалисттик партиянын өкүлү, Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон, өлкөдө башка саясий кризистерге жол бербейбиз деп билдирди:

Игорь Додон
Игорь Додон

"Биздин команда гана өлкөдөгү баш-аламандыкты жоюуга, адамдардын социалдык жактан камсыз кылууга, экономиканы калыбына келтирүүгө жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жөндөмдүү. Мен сызык чийдим. Тирештер жана билдирүүлөр бүттү. Жоопкерчиликтүү бололу, шайлоо бүттү. Эми аны татыктуу жыйынтыктайлы",- деди Додон тарапташтары менен жолугушууда.

Ал ошондой эле 2020-жылдагы президенттик шайлоого караганда, өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да шайлоочулар активдүү катышканын баса белгиледи. Анткен менен Додон парламентке эки гана саясий партия, эң көп дегенде үч партия кирээрин мойнуна алды.

Ошентип, шайлоого бул ирет 20 партия жана блок катышты. Алардын арасынан "Аракет жана тилектешик партиясы" менен орусиячыл "Коммунисттердин жана социалисттердин блогу" башкы атаандаштар болору айтылган.

Шайлоонун жыйынтыгында парламентке 101 депутат төрт жылдык мөөнөткө шайланат. Шайлоо пропорционалдык система аркылуу өтөт, тактап айтканда, депутаттар партиялык тизме аркылуу тандалат. 2019-жылга чейин аралаш система аркылуу өтчү. Бирок мындай добуш берүү өлкөдөн олигарх Владимир Плахотнюк качып кеткенден кийин жокко чыгарылган.

Жекшембиде өткөн кезексиз шайлоо Санду ноябрь айында Додон менен болгон экинчи айлампада жеңишке жетишкенден кийинки узак саясий күрөштүн натыйжасы болду.

Нааразылык акция. Кишинев шаары, 2020-жыл.
Нааразылык акция. Кишинев шаары, 2020-жыл.

Парламенттик шайлоо Молдованын келечегин чече турган референдум катары да каралды, бирок социалисттер көзөмөлдөгөн мыйзам чыгаруу органынын таасири өлкөдө дагы деле күчтүү экени айтылууда.

Бул кадам былтыр декабрда кезексиз шайлоону талап кылган массалык нааразылык акциялары менен коштолуп, Майя Сандунун инаугурациясынын алдында өлкөнүн орусиячыл премьер-министри жана анын министрлер кабинетинин кызматтан кетиши менен жыйынтыкталган.

Сандунун премьер-министрди алмаштыруу аракетинен майнап чыкпагандан кийин, апрель айында парламент таратылып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жараяны башталган.

Жаңы парламент Молдованын көз карандысыздыгын 30 жылдыгына карата, 27-августта алгачкы отурумга чогулат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG