Бул тапта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарында 24 документке кол коюлду. Эки мамлекет чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо грамоталары менен алмашты. Президенттер тар жана кең форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки мамлекеттин ортосундагы алака-катышты камтыган стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга да кол койду.
Экономика
жума 27 Январь 2023
Жалал-Абад шаарындагы жаңы ачылган муниципалдык базарда соода жүрбөй, жер-жемиштер чирип, соодагерлер базарга чыкпай жатат. Соодагерлер жергиликтүү бийлик берген убадасына туруп, маршуруттук каттамдарды базардын айланасына коюп, борбордук базардагылардын муниципалдык катарын толук көчүрүп келиши керектигин айтып жатышат. Айрым соодагерлер он күндөн бери эч нерсе сатпай, аларман жок отурушат. Бийлик базардан орун алып соода кылбай жаткандардын күркөлөрүн башкаларга бергени жатат.