Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:01

Экономика

Ош базары. Иллюстрация сүрөт.

Өткөн жыл Кыргызстан үчүн оңойго турган жок. Өлкөнүн өзүндө жана дүйнөдө болгон окуялар баалардын өсүшүнө, экономикалык каатчылыкка түрткү болду. 2023-жылы Кыргызстанда кайсы тармактарга көңүл буруу кажет? Экономика жана бизнесте кандай өзгөчөлүктөр болот?

Бизнести эмне күтөт?

Өткөн жылы 21-ноябрда президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстанда бизнести текшерүү бир жылга токтойт деген жарлык чыгарган. Ага бизнести өнүктүрүүгө, чет өлкөлүк инвесторлордун келишине тоскоол болуп жаткан көйгөйлөр бар экени себеп болгон.

Укук коргоо, салык жана көзөмөл органдарынын мыйзамсыз текшерүүлөрү, ыйгарым укуктарынан аша чапкан учурлар тууралуу ишкерлерден, коммерциялык банктардан даттануулар көп түшүп жатканы да айтылган.

Бийлик бизнести өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизген жана инвесторлордун качышына жол ачкан көйгөйлөр бар экенин моюнуна алган. Ушундан улам жарлык ишкерлерге колдоо көрсөтүү, алардын ишине негизсиз кийлигишүүлөрдү токтотуу үчүн кабыл алынганы кабарланды.

Мындай мораторийлер буга чейин да киргизилип келгенин, мамлекеттик органдар аны кыйгап өтүп, текшерүүлөрүн уланта берерин айткандар да бар. Өкмөт болсо бул ирет талап катуу болуп, мыйзамды бузган кызматкерлерди жумуштан четтетүүгө чейин барарын ишендирүүдө.

Кыргыз өкмөтүнүн бул жеңилдиги менен экономикалык абал кескин өзгөрөт деп айтуу кыйын. Анткени Орусия Украинага кол салгандан кийин азык-түлүк коопсуздугу күн тартибине чыгып, аны улай АКШ жана Батыштын бир катар өлкөлөрүнүн Кремлге каршы санкциялары бир гана Кыргызстандын эмес, көп өлкөнүн экономикасын олку-солку кылды.

Ошонун айынан өлкөдө доллардын курсу туруктуу болбой, инфляция, кымбатчылык башталды. Өкмөт 2022-жылга пландаган бажы жыйымдарын да толук чогулта албай калды.

Экономист Искендер Шаршеев мындай кырдаал 2023-жылы да уланарын айтып, кыргыз өкмөтү инвестициялык климатты жакшыртуунун камын көрүшү зарыл дейт.

"Инфляциянын айынан баалардын өсүшү тездеп, кирешенин көбөйүшү жай болууда. Алдыда калктын жашоо деңгээлинин начарлашы күтүлөт. Ушуну бир гана экономикалык өнүгүү аркылуу чечсе болот. Бул кошумча жумушчу орундарды түзүү, инвесторлорду тартуу дегендик. Келерки жылы экономикалык рецессия күтүлүүдө. Бирок инфляция маселеси курч болуп тура берет. Келечегин ойлогон ишкер туура эмес ишке барбайт. Өз нугуна түшүп алган ишкер үчүн бул мораторий артыкчылык болбойт. Бул зарыл иш-чара деле эмес".

Шаршеев мындан да маанилүү чара катары инвестициялык климатты жакшыртууну, ал үчүн өлкөдө адилеттүү системаны түзүүнү атады.

Экономист Азамат Аттокуров 2023-жылы экономикада жакшы жылыштар менен катар эле элдин капчыгына сокку урган кымбаттоолор да болушу мүмкүн деп болжойт.

“Жалпылап айтканда, келерки жылдан көпчүлүктүн жакшы үмүтү бар. Мисалы, түрк тилдүү мамлекеттер менен биргеликте иш илгерилей баштады. Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду ачылды. Казакстан, Түркия менен мамиле бекемделди. Түштүк Азияга коридор ачуу аракеттери жасала баштады, түндүк-түштүк жолу курулуп атат, темир жолдун курулушу да башталганы турат. Бул мултипликативдик жакшы жыйынтыктарга алып келет. Креативдүү индустрия мыйзамы кабыл алынып, блогерлер, вайнерлер жана IT-адистер келгенге жакшы өбөлгөлөр түзүлдү. Ошол эле кезде коркунучтар да бар. Маселен, Кытайда мындан эки жыл мурда башталган коронавирус пандемиясынан кийин көп кыйынчылыктар болгон. Азыркы тапта кайрадан карантиндик чектөөлөр болуп, COVID-19 күч алып жатат. Мунун эпкинин биз эки жылдан бери көрүп келатабыз. Ал эми Украинадагы согуштан улам Орусияга болгон санкциялар дагы күчөтүлүп, бизге сырттан келген, тактап айтканда мигранттардын акча которуулары азаят. Быйыл эле инфляциянын деңгээли 15% жетти. Эмки жылы ушул эле тенденция сакталат деп божомолдоп турабыз. Азыр расмий жумушсуздуктун пайызы 4% болсо, кийинки жылы андан да көп болот”.

Мамлекеттин чыгашасы көбөйөт

Өкмөт өкүлдөрү 2023-жылы чыгаша өткөн жылга караганда 18 пайызга көп болорун билдирүүдө. Анын басымдуу бөлүгү айлык акыларды төлөөгө, социалдык блокко жумшалмакчы. 2022-жылы өкмөт мугалим, мамлекеттик кызматкерлердин маянасын, жөлөк пулдар менен пенсияны көбөйткөн эле.

Финансы министри Алмаз Бакетаев бюджеттин чыгымдарын төмөнкүчө тизмектеген:

"2023-жылга чыгымдар 344 млрд. сомду түзөт. 2023-жылы капиталдык чыгымдар 53,6 млрд. сомду түзүп, 2022-жылдын бекитилген бюджетинен 7,4 млрд. сомго көбөйөт. Социалдык маанилүү чыгымдар боюнча, баарыбызга белгилүү болгондой 1-апрелден, июндан, августтан, октябрдан пенсиялар жана күч түзүмдөрүнүн маяналарын көтөрүү боюнча карап бергенбиз. Бул чыгымдардын баары республикалык бюджеттен болжол менен 39 млрд. сомду талап кылат. Атайын эсептеги каражаттарды эсепке албастан, эмгек акы төлөө фондуна 2023-жылы 111,9 млрд. сом каралган. Социалды фондго трансферттерге 2023-жылы 41,3 млрд. сом пландалууда. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 21,9 млрд. сом, социалдык жөлөк пулдардын чыгымдарына 17,5 млрд. сом пландалууда. Жалпысынан социалдык секторго 162,8 млрд. сом каралууда".

Мындан тышкары, 2023-жылы энерготармакка 10,8 млрд. сом, мамлекеттик банктардын уставдык капиталын көбөйтүүгө 3 млрд. сом, ипотекалык насыялоо менен туристтик тармакты өнүктүрүүгө 1 миллиард сом жумшалары болжолдонот.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Абдувахаб Нурбаев экономика жана билим берүү тармагындагы 2023-жылда күтүлүп жаткан оорчулуктарга токтолду.

“Экономикада кыйынчылыкар болушу мүмкүн. Себеби салык кодексин бизнес ассоциациясы менен кеңешпестен кабыл алып алышкан. Эми анын кемчиликтери чыга баштаганда өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы пайда болду. Ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилгени менен ал кагаз бетинде эле калган иш болуп калды. Азыр бюджеттин тартыштыгы 35 млрд. сом болуп атат. Эми бул цифралар мындан да көп болушу мүмкүн. Мунун зыянын 2023-жылы көрөбүз. Анткени өкмөт бюджетти толуктай турган ишкерлерди коркутуп-үркүтүү жолу менен салык чогултуп, аны көтөрүп атат. Экинчи тармак бул билим берүү, бала бакчага бара турган балдардын 76% мектепке чейинки тарбия алуу мүмкүнчүлүгү жок. Демек, алардын укугу чектелип атат. Жогорку окуу жайларда коррупция азайбай, экзамен тапшыруу, диплом алууда да пара берүү уланууда. Билим берүү тармагын оңдобосок, башка тармактарда алдыга жылуу тууралуу үмүт кылбай да койсок болот”.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев өкмөттүн ишинин ийгилигин белгиледи. Анын пикиринде, парламент колдогон мыйзам долбоорлорунун дээрлик баарын Министрлер кабинети сунуштап, депутаттар колдоп берген.

“Быйыл канчалаган мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлдү. Экономикалык каатчылыкка карабастан бул алгылыктуу иш болду. Өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө бут тоспоо максатында биз бардык мыйзамдарды колдоп бердик”.

Темир жолдун курулушу жана "Камбар-Ата"

Дээрлик 20 жылдан бери талкууланып жүргөнү менен ишке ашпай келген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталуу алдында турат.

Бул боюнча талаа иштери аяктаганын 9-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чунхуа билдирген.

Узундугу 454 чакырым турган "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол" долбоорунун техникалык экономикалык негиздемеси (ТЭО) келерки жылдын 1-июнуна даяр болот. Ага чейин 15-январга карата Кыргызстандын борбору - Бишкек шаарында темир жол долбоорунун кеңсеси түзүлөт.

Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин администрациясы декабрдын соңунда билдирген.

Жолдун наркы болжол менен 5 миллиард долларга бааланган. Бирок буга Кыргызстан канча каражат бөлөрү тууралуу маалымат берилген эмес.

Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 2023-жылдын бюджетинен 816,7 млн. сом жумшалары болжолдонгон. Буга чейин 2024-жылга инфраструктура иштери жүрөт.

ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда. Курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт.

Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Каракол лыжа базасы.

Кышкы эс алуу күндөрү Кыргызстандын лыжа базалары элге толду. Өзгөчө Бишкектин чет жакасындагы менен Караколдогу кышкы лыжа базаларында эс алуучулар көп.

Аларды лыжа, сноуборд, чана тебүүдөн тышкары ден соолукту чыңдоочу терапиялар, кышкы турлар жана көңүл ачуу иш-чаралары да кызыктырууда.

Кыргызстандыктар 31-декабрдан 8-январга чейин эс алат. Бул күндөрү чоң шаарлардын көпчүлүк тургундары жылгаяк тээп келүүгө ашыгууда. Андыктан өлкөдөгү жыйырмадай кышкы эс алуу жайлардын дээрлик баарында тең эл толуп турат.

Өлкөдө лыжа, чана тебүү мезгили адатта декабрда башталып, апрелдин башына чейин созулат.

"Чуңкурчак" тоо лыжасы комплексинин администратору Анна Симонова декабрда кардын аздыгы бир аз кедергисин тийгизип жатканын айтты:

"Жаңы жылдык эс алуу күндөрү бардык жерде эл көп. Айрымдары активдүү эс алуу үчүн келсе, шаардагы ыштан качып, жөн гана таза аба жутууга келгендер да бар. Кышкы эс алуу барган сайын кеңири тарап жатат. Быйылкы кышкы мезгил эми гана башталды, дагы кар жаашы керек. Чет өлкөдөн келген туристтер да бар, алар көбүнчө Пакистан менен Индиядан келип окуп жаткан студенттер, араб өлкөлөрүнүн жана анча-мынча Орусиянын жарандары. Бирок басымдуу көпчүлүгү жергиликтүү тургундар".

Бишкек шаарынын тургуну Мелис Абдибаит уулу Жаңы жылды достору менен Каракол лыжа базасына барып тосту.

Анын айтымында, Каракол шаарында мурдагы жылдарга салыштырмалуу дүкөндөр, тейлөө жайлары, накталай эмес төлөмдөр көбөйүп калган. Ал лыжа базасына чыккан жол дагы мурдагыга караганда бир аз жакшырып калганын, бирок автоунаа токтотуучу жайлар жетишпей жатканын, тейлөөдө мүчүлүштүктөр бар экенин байкаган.

"Биз 31-декабрь күнү келгенибизде адам азыраак болчу. Бирок 1-январдан баштап адам аябай көбөйүп кетти. Былтыркыга салыштырмалуу адам көбүрөөк. Бирок көпчүлүгү Бишкектен, Кыргызстандын ичинен келгендер. Бул базада баа бир топ эле өсүп кетиптир. Биз беш-алты киши болуп барганбыз. Төрт күн жүрдүк, 150 миң сомдой кетип калды. Ошол эле убакта ККМ маселеси актуалдуу экен. Бир дагы ККМ берген жок. Мен "ККМ-чек бергиле" деп атайын сурасам, бирөө дагы берген жок. Асма жолдор дагы, кафелер дагы берген жок. Сурасам "ККМ жабдыгыбыз иштебей калды, бир нерсе болду" деген шылтоолорду көп айтып жатты. Өзүңүз элестетсеңиз беш-алты киши болуп туруп эле үч күндө 150 миң сомдой акча берсек, ошондон салык түшкөн жок да. Так айта албайм, бирок ошондой болушу ыктымал".

Быйыл Туризмди колдоо фонду Бишкек-Каракол багыты боюнча атайын автобус каттамын ачкан. Мындан тышкары, Каракол шаарында 5-7-январь күндөрү кышкы фестиваль өтөт.

Кыргызстан туроператорлор ассоциациясынын жетекчиси Сергей Глуховеров кышкы туризм үчүн тоо лыжасы башкы орунда тургандыктан, лыжа базалары кызуу иштеп жатканын айтууда.

Адис туристтер үчүн инфратүзүмдүк шарттарды түзүү зарыл болуп турганын белгилеп, бардык шарттары бар коомдук дааратканаларды куруу да кышкы туризмдин өнүгүшүнө олуттуу түрткү болот деп эсептейт.

"Жалпысынан алганда быйыл кышкы туризм жаатында чоң өзгөрүү деле жок. Кыргызстанда алгачкы коомдук дааратканалар курулуп бүтүп жатат. Биз баарыбыз Кыргызстанды туризмдин өлкөсү, меймандос эл деп даңазалаганыбыз менен, келген туристтер Бишкектен Караколго бараткан жолдо даараткана издегенге аргасыз болушат. Боомдогу дааратканалардын шарты абдан начар, кир болгондуктан аларга туристтер эле эмес, жергиликтүү эл дагы киргиси келбейт. Тилекке каршы, азырынча бүт өлкө боюнча жагдай ушундай. Учурда туризм фонду ушундай курулуштарды баштап жатат. Кыргызстан боюнча ондон ашык коомдук дааратканалар курулат. Алардын көпчүлүгүндө маалымат борборлору, кофе машиналары, намазканалар, жеңил тамак-аш сата турган, жуунуучу жана гаджеттер менен электромобилдерди кубаттоочу жайлары болот. Туристтер эс алып, тамактанып, жуунуп-чайынып ала турган жогорку деңгээлдеги ушундай чакан аралча ачабыз".

Адистер кышкы туристтик мезгилди Кыргызстандын экономикасынын негизги багыттарынын бири катары санашат. Бирок алар бул тармакта алдыда жасала турган иштер өтө көп экенин белгилеп келет. Байкоолор боюнча, кышкы спорттун түрүнө кызыккан чет элдик туристтердин Кыргызстанга агымы жыл санап өсүп жатат.

Эл аралык рейтинг агенттиктеринин сурамжылоолору боюнча, Кыргызстан 2022-жылы КМШ мамлекеттеринин ичинен кышкы эс алууга ыңгайлуу делген үч өлкөнүн бири деп табылган.

Рейтингди түзгөн ТурСтат маалымат тутуму "Кыргызстанда кышкысын туристтерди Каракол лыжа базасы менен Бишкектин чет жакасындагы тоолор, ошондой эле Ысык-Көлдүн Тамга айылы тарабы өзүнө тартып турат" деп жазган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG