Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Экономика

Жахангир Артыкхожаев.
Жахангир Артыкхожаев.

Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарынын мэри Жахангир Артыкхожаев аяздагы энергетикалык кризистен улам кызматтан алынды. Эки жарым миллиондой калкы бар баш калаанын бир катар кичи райондорунун башчыларына сөгүш берилди.

16-январда президент Шавкат Мирзиёев ызгаарда калкты электр энергиясы менен камсыздоо боюнча өткөргөн жыйында Ташкенттин бардык жетекчилерин учурдагы кырдаалга даяр эместиги үчүн катуу сынга алды.

"Ташкенттин акимин иштен алдым. Куру сөз, жалган маалыматтан ары жыла албаганы үчүн, буту жер баспай калган үчүн иштен бошоттум".

Баш калаанын бир катар кичи райондорунун башчыларына акыркы сөгүш берилди. Мирзиёев Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен Башкы прокуратурага кызматтан алынган аткаминерлердин ишмердүүлүгүн иликтеп, мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда аларды жоопкерчиликке тартууну тапшырды.

Gazeta.uz басылмасы дүйшөмбүдө таң эрте Ташкенттеги эл аралык аэропортто Жахангир Артыхожаевди Өзбекстандын күч кызматкерлери кармап кетиши мүмкүн экенин жазды.

Экс мэр үй-бүлөсү менен Түркиянын Стамбул шаарына учуп бараткан жеринен кармалганы айтылат. Бирок бул маалымат расмий тастыктала элек.

Артыкхожаев аралашкан "күмөндүү" келишимдер

48 жаштагы Жахонгир Артыкхожаев кызматка келгенге чейин Tashkent City жана Artel Engineering ишканаларынын жетекчиси болгон. Анын AKFA Group компаниясы Өзбекстанда алюминий жана желим терезе-эшиктерди жасаганы менен белгилүү.

Мирзиёев бийликке келгенден кийин өлкөдөгү эң кымбат мамлекеттик долбоорлор, анын ичинде жалпы баасы 2 миллиард долларлык Tashkent City долбоору тендерсиз эле Артыкхожаев​дин компанияларына берилген.

Буга чейин Ташкенттин мэрине байланышкан табышмактуу схемаларды британиялык Кристиан Ласслетт иликтеп чыккан. Анын айтымында, Артыкхожаев президент Шавкат Мирзиёевдин коррупциялык аракеттерин иликтеген батыштагы журналисттердин көзүн жазгыруу үчүн өз компанияларын Аброр Ганиев аттуу жаранга каттай баштаган.

Артыкхожаевдин аты "акылдуу" газ эсептегич тендерине да аралашкан. 2020-жылы мекеме аралык комиссиянын чечими менен "Худудгазтаъминот" акционердик коому өткөргөн тендерди Жахангир Артыкхожаев жана "Акфа/Артель" корпорациясынын ээси менен байланышы бар Texnopark фирмасы утуп алган.

Келишимге ылайык, "Технопарк" фирмасы "Худудгазтаъминот" акционердик коомуна алты үлгүдөгү 3.546.148 даана газ эсептегич, 2.455.176 даана газ эсептегич кутучасын жана 1.292.969 даана регуляторлорду жеткирип берүүгө милдеттенме алган.

Шавкат Мирзиёев жана Жахангир Артыкхожаев.
Шавкат Мирзиёев жана Жахангир Артыкхожаев.

Көп өтпөй Анжияндагы батирлердин биринде "Остен" газ эсептегичи орнотулгандан эки саат өткөндөн кийин жарылып кеткен. Бул окуядан кийин президент Шавкат Мирзиёев бул газ эсептегичтерди өзбекстандыктардын үйлөрүнө орнотууну тездетүү боюнча атайын жарлыкка кол койгон.

"Озодлик" радиосу 2021-жылы өзбек бийлиги пандемияга каршы күрөшүүгө бөлүп берген 8 миллиард доллардын изин иликтеген. Расмий документтерге ылайык, жоопкерчилиги чектелген үч компания 2020-жылдын март айында чыккан токтомго ылайык объектилерди көзөмөлдөө жана куруу боюнча келишим түзгөн.

Бул келишимдин негизги "олжолуу" аткаминери Ташкендин мэри Жахангир Артыкхожаев болгон. Анткени анын жеке кеңсеси тарабынан көзөмөлдөнгөн ишкана, өзбек өкмөтүнүн медициналык мекемелердин курулушу боюнча буйругу чыккандын эртеси 10 миң орундуу оорукананын курулушуна эки бирдей келишим түзгөн.

Ошол эле учурда, Юкарычирчик шаарындагы 20 миң орундуу оорукананы да Жахангир Артыкхожаевдин кол астындагы ишкана курган.

"Озодликтин" иликтөөсүндөгү документтерде көрсөтүлгөндөй, пандемияда курулган объекттердин дээрлик бардыгын Артыкхожаевге тийиштүү компаниялар жүргүзгөн.

Бирок Ташкент шаарынын мэриясы бул иликтөө боюнча комментарий берген эмес.

"Бекер тамак энергокризисти чечпейт"

Артыкхожаев 2018-жылдын апрель айынын аягынан тарта Ташкент шаарынын мэри болуп иштеди. Өткөн аптада ал сууктан улам борбор калаадагы тойканаларда беш күн бою элге акысыз палоо таратуу демилгесин да көтөргөн.

Шаар жетекчисинин бул демилгеси соцтармактарда кызуу талкуу жаратып, колдонуучулар "Акысыз тамак-аш бул элди энергетикалык көйгөйлөрдөн алаксытуу жолу, Артыкхожаев кырдаалды курчутуп жатат" деп сынга алышкан.

Өзбекстанда кыштын ызгаарында конуштарда, көп кабаттуу үйлөрдө газ жана электр энергиясы эки-үч күнгө чейин өчүп жатканы элдин нааразылыгын күчөгөн. Дем алышта Ташкенттин айрым тургундары үйлөрүнүн алдына каршылык акциясына чогулуп, социалдык түйүндөрдө шаардын мэрин гана эмес, президенттин да кызматтан кетишин талап кылган учурлар болду.

36 миллион калкы бар Өзбекстанда быйыл кыш катуу болуп, жарык менен газ жетишсиз болууда. Өлкөдөгү ири соода борборлоруна кечки саат бешке чейин гана иштөө эрежеси киргизилди.

16-январда Энергетика министрлиги батирлерде бирден гана жылытуучу жабдыктарды колдонууну, жеке ишкана жана уюмдардын кызматкерлерине онлайн режимде иштөөнү сунуштады.

Кыргыз-казак чек арасындагы бажычылар.
Кыргыз-казак чек арасындагы бажычылар.

Бажы кызматы 2022-жылы бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча коюлган план 100,8% аткарылганын же 74,3 млрд. сом каражат чогулганын жарыялады. Бажы жетекчилигинин маалыматына ылайык, мекеме экспорт-импорт ишин көзөмөлдөөдөн тейлөө форматына өтүп, бажылык тариздөө ишинде коррупциялык көрүнүш толук жоюлган.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков өткөн жылы бажы тармагын санариптештирүү боюнча олуттуу иштер аткарылганын белгиледи.

Анын айтымында, өлкө жетекчилигинин жана бажычылардын талыкпас аракеттеринин натыйжасында Кытай менен Өзбекстандан кирген жүктүн көлөмү кыйла өскөн.

"Биз бажы төлөмдөрүн чогултуу көлөмү боюнча Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эң чоң деңгээлдеги көрсөткүчтү камсыз кыла алдык. Буга бирден бир себеби - 2022-жылдын башынан баштап аягына чейинки биздин санариптештирүү жараянын жүргүзүүбүз. Жыйынтыгында жакшы натыйжа алдык. Бул иш-чараларыбыз менен биз коррупциялык схемаларды толук мүнөздө жоё алдык деп ишенимдүү айта алам. Негизги себеп ушул. Коррупциялык схемаларды жоюунун бирден бир натыйжасы ушундай автоматташтыруу-санариптештирүү иштеринин арты менен болду".

Бажы жетекчилиги төлөмдөрдү чогултуу боюнча планды ашыра аткарганын жыл этегинде өзгөртүлгөн бюджетке таянып айтып жатат. Иш жүзүндө өкмөт 2022-жылдын башында бажы кызматынын алдына 98,5 млрд. сом каражат чогултуу планын койгон болчу. Бул жааттан алып караганда, өткөн жылы бажы алымдарын чогултуунун көлөмү 24,2 млрд. сомго аз аткарылды.

Декабрь айы аяктап жатканда парламент 2022-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизген. Буга бюджеттин чыгымы 35,4 млрд сомго өсүп кеткени жана кирешелерди чогултууда бажы төлөмдөрү 25 млрд сомго чукул аз аткарылып жатканы негиз болгон. Өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, бюджеттин киреше бөлүгү 282 млрд сомдун ордуна 272 млрд сом, чыгаша бөлүгү 307 млрд сом болору аныкталган. Бажы кызматынын салыктык кирешелеринин планы 98,5 млрд сомдон 73,7 млрд сомго төмөндөтүлгөн.

Анын ичинде:

- үчүнчү өлкөлөрдөн кирген товарлардан алынуучу кошумча нарк салыгы – 73,4 млрд сомдон 55 млрд сомго (18,4 млрд сом);

- эл аралык соода жана тышкы операциялардан алынуучу салыктар – 24,4 млрд сомдон 18,2 млрд сомго (6,2 млрд сом);

- үчүнчү өлкөлөрдөн кирген товарлардын акциздик салыктары 700 млн сомдон 500 млн сомго (200 млн сом) түшүрүлгөн.

Жыл башында коюлган пландык көрсөткүчтүн аз аткарылышын бажычылар орус-украин согушунун таасирлери жана Кытайдан кирген жүктүн көлөмүнүн өзгөрүшү менен түшүндүрөт. Өкмөт жетекчилиги мында бажы кызматынын да кемчиликтери бар экенин белгилейт.

Бажы кызматы 2022-жылдын август айында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында ары-бери өткөн жүктү эсептеген чагылдырма статистика (зеркальная статистика) порталын ишке киргизген. Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев маалымат алмашуу порталынын иштеши менен эки өлкөнүн статистикалык айырмачылыктары жоюлганын айтат.

«Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чагылдырма статистиканын дал келбегендиги жөнүндө сөздөр айтылып келген. Ошол боюнча аябай чоң жумуш аткарылып, бүгүнкү күндө «Электрондук өз ара аракеттенүү» порталы иштелип чыкты. Жөнөкөй тил менен айтканда, Өзбекстан тараптан тариздөөдөн өткөн жүктөрдү Кыргызстан онлайн түрүндө көрө алат. Ошондой эле, бизден өтүп жаткан жүктөрдү дагы өзбек тарап көро алат. Ал эмнеге алып келет? Бул сөзсүз түрдө бажы кызматынын кызматкерлери үчүн туура эмес маалымат берип коюп, же болбосо кандайдыр бир кызыкчылыктар болуп, жүк өткөрмө пункттан же бажы тариздөөчү жайдан өтүп кетпеши үчүн абдан чоң ачыктыкка алып келген маалымат. Ошол портал август айынан баштап иштеди. Жыйынтыгында өткөн жүктүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу ошол айларда аз келгени менен, төлөмдөрү 1,6 эсеге көбүрөөк төлөнгөн. Жөнөкөй сумма менен айтканда, 663 млн сомго ашыкча төгүлдү».

Планды жеткиликтүү аткара албагандыгы үчүн бажы кызматынын жетекчилиги депутаттардын жана өкмөттүн сынына кабылып келет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажы жетекчилигинин жоопкерчилиги караларын, зарылчылык болсо мекеменин кызматкерлерин толугу менен кетирип, кайра жаңылоого да даярдыгын билдирген.

Экономист Элдар Абакиров бажы тармагы толук автоматташтарууга өтүп, коррупция жоюлду деген сөзгө кошулбайт.

«Кытай менен айырма өтө чоң болуп жатпайбы. Чагылдырма эсептеги айырма өтө чоң. Демек, баары бир ишениш кыйын. Экинчиден, бул сөз түрүндө эле айтылып атат. Товар Торугарттан өтөт да, жүк ошол жерден өтүп атканда, эгер рентген иштеп, товарды автоматтык түрдө аныктап, ошого жараша автоматтык түрдө бажы төлөмдөрү саналып, бюджетке түшүп атса, анда ишенсе болот эле. Бирок, мен билгенден андай нерсе жок».

ЖИА ишкер ассоциациясынын президенти Жоодар Омошев бажы тутумун реформалоо иши ар дайым актуалдуу болуп турарын айтат. Деген менен, эксперт көмүскө экономиканы, анын ичинде бажыдагы аткезчиликти жоюу өкмөттүн экономикалык ишмердигинин өзөгүн түзүшү зарыл деп эсептейт.

«Бул жерде кеп 50% болгон көмүскө экономиканы кантип легалдаштыра алабыз дегенде турат. Мисалы, мен ишкер катары чет өлкөдөн товар алып келип атсам, очойтуп КНС менен бажы алымын төлөп атсам, анан менин атаандашым ошол эле товарды алып кирип атканда мен төлөгөн сумманын 1/3 төлөп атса – ал соода баштай элек эле мага караганда эки эсе кирешеге ээ болуп атпайбы. Албетте, бажы тармагы реформаланып, Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынып турушу керек. Бирок, негизги максат көмүскөдө жаткан экономикадан кантип өлкө бюджетин толтура алабыз деген суроо болушу керек. Эгерде биздин Кытай, Өзбекстан, Казакстан менен болуп аткан сооданын жарымы чек арадан аткезчилик жол менен өтүп атса, биз бюджетке акча толтурмай бул жакта турсун, ачык иштеп бюджетке акча төгүп аткан ишкерди да коркутуп, качырып жиберебиз. Көмүскө экономика менен күрөшүү жөнүндө 2020-жылы Садыр Жапаров өлкө башына келгенде айткан, өкмөт дагы жарыялап жатат – ошону ишке ашырса, бюджетке толтура акча түшөт».

Бажы кызматынын алдына 2023-жылы 94,6 млрд сом чогултуу тапшырмасы коюлган. Анын ичинен 73 млрд сомун Евразиялык экономикалык биримдикке кирбеген, үчүнчү өлкөлөрдөн кирген товарлар үчүн алынуучу кошумча нарк салыгы түзөт. Ал эми беш мүчө мамлекеттин ЕАЭБдин казынасына чогулткан бажы төлөмдөрүнөн Кыргызстандын үлүшүнө 1,9% тиет.

Кыргызстанда бажы системасы эң коррупциялашкан тармактардын бири катары саналат. Бул коррупциялык схемалар боюнча жаңжал 2018-жылдан тарта коомчулуктун назарында болгон. Бул темадагы журналисттик иликтөөнү «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP) жана «Клооп» порталы жарыялаган.

Анда бажыдагы коррупцияга Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан. Бул иликтөө коомчулукта резонанс жаратып, коррупциялык схеманы түзгөндөрдү жоопко тартуу талабы менен Бишкекте «Реакция» аттуу нааразылык акциялар өткөн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG