Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:28

Экономика

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылдын 11 айында жеке адамдар Кыргызстандан чет өлкөлөргө 1 млрд. доллардан ашуун каражат которгон.

Акчанын сыртка агымы мурдагы жылга караганда эки эседен көп. Анын 97% Орусия менен Түркияга которулган. Улуттук банк каражаттар кандай максаттар менен чыгарылганын так айта албай турат.

Эксперттер муну орус-украин согушунун таасири, ички инвестициялык климаттын абалы жана чайкоочулардын аракети менен байланыштырат.

Кыргызстандан чет өлкөлүк накталай акчаны алып чыгууга 16-январдан баштап убактылуу тыюу салынды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукта «финансы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоону» максат кылары жазылган.

Чечимге ылайык, резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден, Кыргызстандын жарандарына 10 миңден көп АКШ долларын алып чыгууга тыюу киргизилди. Кыргызстандын жарандары менен резиденттери (Кыргызстанда каттоодо турган адамдар) 10 миңден көп накталай АКШ долларын алып чыккан учурда, лимиттен ашкан сумманын 10% өлчөмүндө төлөм алынат.

Ал эми акча алмаштыруу бюролору менен микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга накталай АКШ долларын өлкөдөн алып чыгууга убактылуу тыюу былтыр 11-марттан бери иштеп келет.

Өкмөттүн мындай чечимге келишине эмне себеп болду? Түшүнүүгө аракет кылалы.

Улуттук банктын эсептөөлөрү боюнча, 2022-жылдын январь-ноябрь айларында жеке жактар башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга 2 млрд. 738 млн. доллар жөнөтсө, чет өлкөлөргө 1 млрд. 82,5 млн. доллар каражат которгон. Өлкөгө жеке жактар тарабынан кирген акча негизинен кыргыз мигранттарынын мекенине которгон эмгек акысы болуп эсептелет. Мурда дагы ушундай болуп келген.

Ал эми сыртка чыгып кеткен акчанын көлөмү мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө караганда 215% көбөйгөн. Анын 80% Орусияга, 17% Түркияга, калган 3% АКШ, Германия, Казакстан өңдүү чет өлкөлөргө которулган.

Орусияга акча жөнөтүүлөрдүн көлөмү апрель айынан баштап чукул өстү. Эң ири сумма август айында которулуп, 120 млн. доллардан ашкан. Ал эми Түркияга которулган акчанын агымы сентябрь-октябрь айларында 55-57 млн. доллар менен жогорку чекке чыккан.

Чет өлкөлөргө акча которуулардын кескин өсүшүнө эмне себеп болду? Ал Кыргызстан үчүн пайдалуубу же зыянбы?

Четке кеткен валюталык операциялардын мазмунуна үңүлө турган болсок, негизинен Кыргызстандан Орусияга накталай доллардын агымынын көбөйүшүн жана экспорт-импорт ишинде орус экономикасына көбүрөөк тартылганын көрүүгө болот. Мындай тенденцияга орус-украин согушунун тутанышы башкы себептерден болууда.

Валюта каатчылыгы жана Орусияга "сорулган" доллар

Орус-украин жаңжалы демекчи, 2022-жылдын 24-февралында башталган согуштан улам АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга карата катаал санкцияларды киргизген. Анын ичинде орус банктары SWIFT тутумунан чыгарылган. Мунун айынан Кыргызстандын валюта базарында да олку-солку кырдаал курчуп, накталай чет өлкө валюталарынын тартыштыгы жаралган.

Доллардын курсунун өйдө-ылдый серпилүүсүнөн улам, Улуттук банк өткөн жылы сегиз ирет интервенция жасап, жалпысынан 486,5 млн. доллар саткан жана 190,7 млн. долларды кайра сатып алган. 10-январда дагы 104 млн. 250 миң долларды сатыкка чыгарды. Соңку жылдардагы ушундай рекорддук көлөмдөгү валюталык интервенция АКШ долларынын курсунун серпилүүсүн ооздуктоого багытталган.

Эксперттер Улуттук банкты валюта базарында жаралган кырдаалды ооздуктай албады деп сындап келет. Анын чабал жана жаңылыш саясаты Кыргызстандагы финансылык уюмдардын катышуусундагы спекуляциялык иштерди күчөткөнүн айтышат.

Июнь айынын аягында Улуттук банк Орусиядан Кыргызстанга келген накталай эмес доллардын агымы кескин өскөнүн жана алар накталай түрдө кайра чет өлкөгө чыгып кетип жатканын билдирген.

Мекеменин төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев накталай долларды Орусияга "мүшөктөп" чыгарып кетип жатышканын айткан.

Маселен, 2022-жылдын 10-ноябрында кыргыз жарандары Орусиянын "Домодедово" аба майданында 4 млн. 840 миң доллар накталай акчасын карактатканы кабарланган. Алар акчаны Орусияда дүкөндөр тармагын ачуу үчүн Кыргызстандан алып келатканын айтышкан.

Улуттук банктын төрагасынын ошол кездеги орун басары Нурбек Жеңиштин парламентте берген маалыматына ылайык, валюталык каатчылыктан улам Орусия менен Кыргызстандын ортосунда ары-бери акча которуп, курстан пайда тапкандар көбөйгөн.

"Бул жагдай валюталык спекуляцияга жол ачып берди. Бул учурдан пайдаланып айрым адамдар Орусиядан которуу системалары аркылуу акча которуп жатканда салып жаткан рублдарын накталай эмес долларга жагымдуу курс менен конвертация жасап, Кыргызстанга которушат. Мисалы, жогоруда айткандай, биржадагы курс 51 рубль болсо, алар 53-54 рублден накталай эмес долларга конвертация кылышат. Кыргызстандан болсо которгон каражатын "накталай доллар менен берилсин" деп талап кылышат. Накталай долларды Кыргызстандан алып, Орусияга чыгып пайда көрүп жатат. Ушундан улам, биздин рыногубузда накталай доллар банктарда тартыш болууда".

Улуттук банктын маалыматтарын акча алмаштыруу жайларында иштегендер менен эки өлкө ортосунда валюта которуп иштеген адамдар да ырасташат. Асылбек 2022-жылы Бишкекте туруп Орусияга рубль которуп, ал жактагы тааныштары аркылуу Кыргызстанга накталай эмес доллар котортуп иштеди. Ортодогу курстан тапкан пайда аларга киреше болуп түшөт. Анын айтымында, былтыр коммерциялык банктар аркылуу ушундай валюталык операциядан киреше таап иштеген адамдар көп болду.

"Бул жактан рубль саласыз дагы, ал жактан доллар которттурасыз. Телефондон эле кайтарып бул жакка которуп коюшат. Кээ бирлер 100 миңди (рублди – ред.) доллар кылып которот, кээ бирлер 4-5 миңди которот. Лимит 300 миң рублге чейин. Банктардан барып аласыз, кээ бир филиалдар берет, кээ бирлери бербейт. Бул жактан рубль салсаңыз 1%, кээ бирлери андан өйдө алышат. «Контакт» же «Золотая корона» менен которосуз. Атыңызга которот, 10 миң доллар алгандан кийин лимит толот. Бир кишиге бир айга 10 миң доллар. Өзүңүздүн атыңызга бүтсө, 10 миң долларды дагы башка кишиге которот. Башка бирөөлөргө, тааныштарга которо берет. Бизде мурдараак миң доллардан 10 миң дагы калды, сегиз миң, беш миң, эки миң калды. Миң сом калган күндөр да болду. Бир күндө 15-20 миң доллар которобуз да. Андайда менин эле 7-8 таанышыма бир которгондо лимит бүтүп калат".

Четке которулган акча жана экспорт-импорт

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандан капиталдын Орусияга көп чыгып кетип жатышынын негизги себебин банктардын операциялык саясатына байланыштырат.

Депутаттын айтымында, Кыргызстанда валюталык каатчылык жүрүп турган маалда орусиялык жарандар рубль түрүндөгү ири көлөмдөгү каражаттарын алып келип, кыргыз банктарынан накталай долларга алмаштырып кетип жатышат.

"2019-жылда банктар 2 млрд. 100 млн. сом киреше табышкан. 2020-жылы 2 млрд. 600 млн. сом, 2021-жылы 3 млрд. 500 млн. сом киреше табышкан. Ушул жылдын 10 айын карасак, 19 млрд. 700 млн. сом киреше тааптыр. Көбүнчөсү бул жерде алмаштыруу операцияларынан киреше табышкан. Пайызга берип эмес, комиссия алуу, акча алмаштыруу операцияларынан пайда табышкан. Бул ашыкча пайда (сверхприбыль) болуп атат. Булар, орусиялык жарандар менен ишкерлерге акчаны сатып, биздин жарандарга баш тартып атышат".

Кыргызстандан накталай доллардын Орусияга чыгып кетип жатканы тууралуу ар кайсы тармакта такай айтылып келет. Кыргыз өкмөтү да накталай доллар Орусияга чыгарылып кетип жатканын бир нече жолу ырастады. Бирок Улуттук банк накталай акча каражатын ары-бери ташууга тоскоолдук кылууга мыйзам жол бербестигин билдирүү менен чектелип турат.

Экономист Элдар Абакиров буга чейин "Азаттыкка" курган маегинде бул көрүнүштү Украинадагы согуштан улам Орусиядагы экономикалык кырдаалга байланыштырган.

“Мигранттар жиберген акчадан тышкары Орусиядагылар биз аркылуу долларды чыгарып кетип жатат же накталай долларды сатып алууда. Биз аркылуу дегенде Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан да бар. Түшкөн да, сыртка чыгарылган да акчанын суммасынын көбөйүшүнүн башка себеби жок. Мен ушундан эле көрүп турам. Орусиянын өзүнөн долларды алып чыгыш кыйын жана аны сатпайт. Элде болсо доллар жок. Бирок Орусиянын өзүндө өндүрүлбөгөн чийки затты чет жактан сатып келген компаниялар бар. Аларга доллар керек. Ошондуктан ал ишканалар евро жана доллар издейт. Экинчи жагынан Орусиядан кетип жаткан адамдар. Алар чет өлкөгө чыгып жатканда үйүн же машинасын рубль менен сатат. Акчасын кайра биздин мамлекеттен долларга алмаштырып атышат”.

Дээрлик бардык тармакта каатчылык өкүм сүрүп, чыгымга учурап жаткан чакта кыргыз банктары чындап эле эбегейсиз пайда таап жатышабы жана алар кандай операциялардан табылган? BNC Finance инвестициялык компаниясынын талдоосуна ылайык, жалпысынан кыргыз банктарынын 2022-жылдын январь-сентябрь айларындагы валюталык операциялардан тапкан кирешеси былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 539% өскөн. Тагыраагы, банктар 2021-жылдын тогуз айында валюталык операциялардан 11 млрд. 11 млн. сом таза киреше тапкан болсо, 2022-жылдын ошол мезгилиндеги пайдасы 59 млрд. 302 млн. сомго жеткен. Валюталык операцияларга акча которуулар, чет өлкө валютасын накталоодон комиссия алуу жана акча алмаштыруу өңдүү иштер кирет.

Финансылык талдоочу Арсланбек Кененбаев Кыргызстандан чыгып кетип жаткан каражаттын көбөйүшүнө эки жүйөнү келтирет. Биринчиден, орус-украин согушу тутангандан бери валюталык каатчылыкты баштан кечирип жаткан Орусиядан рубль түрүндө ири көлөмдөгү каражаттар келип, долларга же башка чет өлкө валютасына алмаштырылып кайра чыгып кетип жатат. Мында Кыргызстан офшордук аймактын милдетин аткарып калууда.

"Же жеке ишкерлер чыгарып кетип атышат, же соода операциялары жүрүп жатат. Бул акча которуу эмес, бул төлөм, соода үчүн төлөп атышат. Товар Кытайдан келип, ал үчүн Түркияга, Дубайга, Европага акча которушарын угуп жүрөбүз да. Бул товардык транзит. Мисалы, Европадан Орусияга товар баратат дейли. Санкциядан улам ал жакка түз бара албайт. Ошондуктан, алар товарды жөнөтүшөт. Товар Кыргызстанга келбейт, бирок эсептешүү биздин банктар аркылуу жүрөт. Карап көрсөңүз, бул жылы банктардын акча жүгүртүүсү, эл аралык операциялары абдан көбөйдү. Орусиядан келген кишилер жана ал жактык компаниялар Кыргызстанга рубль алып келип, бул жерде евро, доллар, юанга алмаштырып, ал валюталарды Кытайга, Түркияга, Дубайга жөнөтүшөт. Орусияга эле эмес, башка өлкөлөргө да чыгарышат. Бул жерде болгону алмаштырышат. Ошондуктан, бул жакка абдан көп рубль келип атат, аларды алмаштырып башка жакка которушат. Ошондуктан, доллар жетпей жатат".

Ошондой эле, бийликтин кустуруу саясаты ишкерлердин келечекке болгон ишенимине бүлүк салып, капиталын чет өлкөгө чыгарып кетүүгө түртүп жатканын боолгойт талдоочу. Анын пикиринде, санкциялардан каржалып турган Орусия үчүн экспорт-импорт жана валюталык алакаларда Кыргызстан транзиттик өлкө озуйпасын аткарып жаткандыктан, ал жакка агылган каражаттын көлөмү да жогору болууда.

Бул бир сөз менен айтканда жеке адамдардын же соодагерлердин чет өлкөгө, өзгөчө Орусия менен Түркияга товардын экспорт-импорттук операциялары үчүн которгон төлөмдөрү деп айтылат.

Кыргызстандан чыгып кеткен инвестиция

Кыргызстандан сыртка чыгып кеткен каражаттар тууралуу айтканда, жеке жактардын акча которууларынан тышкары, инвестициялык капиталдын агымына да көңүл буруу зарылчылыгы турат.

Улуттук статистика комитети Кыргызстанга кирген жана өлкөдөн агылып чыккан чет элдик инвестициянын эсебин жүргүзүп турат. Азырынча 2022-жылдын тогуз айынын статистикасы жарыяланган, ага ылайык, 2022-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанга 958,3 млн. доллар инвестиция кирсе, өлкөдөн 563,5 млн. доллар капитал чыгып кеткен. Бул кирген инвестициянын мурдагы жылга караганда 90,3% өскөнүн жана өлкөдөн чыккан каражаттын 1,5% азайганын көрсөтөт.

Сыртка агылган инвестициялык каражаттын көлөмү мурдагы жылга караганда бир аз азайганы менен, колдогу маалыматтын түзүмүн карай турган болсок, чет өлкөлүк жактардан алынган насыялардын кайра чыгып кетиши 2021-жылдын ушул мезгилине караганда үч эседен (310%), ал эми товардык насыялардын агымы эки эседен (205%) ашкан. Башкача айтканда, чет элдик инвесторлор Кыргызстандан тапкан кирешесин же дивидендин кыргыз экономикасына кайра инвестициялаган эмес жана мурда берген насыяларынын бир бөлүгүн артка кайтарып чыгарып кеткен.

Алар өткөн жылы капиталын Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Европа өлкөлөрүнө чыгарып кеткен ишкерлер көп болгонун айтышат.

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров жогорку жетекчиликтин ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү аракеттерин көп учурда калыптанып калган системалык мүчүлүштүктөр жокко чыгарып жатат деп эсептейт.

"Президенттин акыркы жарлыктарын деле карап көрсөңөр, ал деле ишкерлерге шарт түзүп берүү боюнча эле чыгарып атат. Текшерүүлөрдү токтотуу, бизнеске көмөк көрсөтүү, антикризистик программаларды түзүү, аларга айыл чарба болобу, башка жагынан болобу каржылоо маселелери боюнча. Карап көрсөк мамлекет тарабынан көп эле жакшы иштер жасалып атат. Бирок мен дайыма эле айтам, президентибиз, өкмөт башчылары келет, бирок өкмөттө болобу, министрликте болобу илгертен келаткан калың катмар адистер иштеп атат. Алардын жеке кызыкчылыктары же дагы бир нерселери бар болгондуктан, президенттердин жасап жаткан жакшы иштерин аягына чыгарбай, орто жолдон өзүнүн кызыкчылыктарын көздөп кандайдыр бир иштерди жүргүзүп, көп учурда ишкерлерди чочутуп алган учурлары болот".

Чыгып кеткен инвестициянын 58% ашууну же 328,7 млн. доллары компаниялардын Кыргызстандагы пайдалуу кендерден алынган кирешеси болгон. Бул тармактан чыгып кеткен капиталдын көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 18 эсеге өскөн.

Сыртка чыгып кеткен инвестициянын дээрлик 63% же 354,2 млн. доллары Жалал-Абад облусунан кеткен. Мындай сумма менен бул аймактан чыккан инвестициянын көлөмү 2021-жылга (январь-сентябрь) салыштырмалуу беш эсеге көбөйгөн.

Ал эми чыгып кеткен инвестициянын 75% чукулу Түркия (247,2 млн. доллар же 43,8%) менен Кытайга (173,6 млн. доллар же 30,8%) барып түшкөн. Муну менен Түркияга чыгып кеткен капиталдын көлөмү 2021-жылдын тогуз айына караганда тогуз эсеге көбөйүп, Кытайдын үлүшүнөн 5,7% азайган.

Бул инвесторлор өлкөдөн качып жатат дегенди билдиреби? Албетте, ушундай деп бир жактуу айтыш кыйын.

Эксперттер болсо инвесторлор тапкан пайдасын Кыргызстандын экономикасына кайра салууга жана бизнесин кеңейтүүгө ашыкпай жатат деген пикирде.

ОСАГО: машинени кантип камсыздандыруу керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00

Кыргызстанда 1-январдан тарта айдоочуларды камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирген мыйзам күчүнө кирди. Эми талапты аткарбаган автоунаа ээлерине апрель айынан баштап айып пул салынат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG