Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Экономика

Баткен: ызгаар сууктагы курулуш, 45 үй бүткөрүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:28 0:00

Баткенде чек ара жаңжалында өрттөлүп, тонолгон үйлөрдүн курулушу менен таанышкан президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев калган үйлөрдү куруу 1-мартка чейин толугу менен аяктаарын айтты. Курулушчулар суукта тынбай иштеп жатканын, бирок эмгек акысы кечиктирлип жатканын билдирүүдө.

Жогорку чыңалуудагы электр линиялары. Кыргызстан. (архивдик сүрөт)

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Кыргызстандагы энергетикалык каатчылык тууралуу билдирүүсүн жарыялады. Анда өлкө башчы учурдагы маал-маалы менен өчүрүүлөр жана электр энергиясынын тарифин көтөрүү зарылдыгы тууралуу кеп козгоду. Эксперттер тарифти көтөрүү менен көйгөй чечилбесин айтууда.

Президент Садыр Жапаров учурда Кыргызстандын бүткүл аймагында болуп жаткан маал-маалы менен өчүрүүлөрдү "веердик" эмес, "авариялык өчүрүүнүн алдын алуучу чаралар" деп атады.

"Азыркы учурдагы энергетика тармагында болуп жаткан жагдайлар боюнча түздөн түз маалымат алып жатам, веердик өчүрүүлөр болгон жок, катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө кыйла жогорулап, электр жабдууларга күч келүүдө. Ошого байланыштуу, электр жабдыктарды сактоо максатында жана авариялык өчүрүүнүн алдын алуу үчүн электр энергиясын өчүрүүгө аргасыз болууда. Эгерде электр керектөө кубаттуулугун азайтуу иштери өз убагында аткарылбаса, бул Кыргызстандын энергетикалык тутумун гана эмес жалпы Борбордук Азиянын бириккен энергетикалык тутумун системалуу аварияга алып келиши мүмкүн".

Президент авария деп 2022-жылдын 25-январындагы Борбор Азия энергетикалык шакекчесиндеги жарык үзгүлтүккө учураган окуяны айтып жатат. Анда керектөөнүн чектен ашкан чыңалуусунан улам Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын ири шаарлары менен облустарында жарык жапырт өчүп калган.

Кыргызстан бир нече сааттан кийин аймактык энергошакекчеден чыгып, өзүнүн энергобулактары аркылуу иштеп кеткен.

Бишкек шаарынын тургуну Рита Кашкараева шаардын түндүк тарабындагы Фере көчөсүндө жарык күн сайын 4-5 жолу өчүп жатканына камтама.

"Өкмөтүбүз кыш башталарда сыналгыдан кайра-кайра "жарыгыбыз даяр, эч кандай өчүрүү болбойт" деп айтып аткан. Кандай өчүрүү болбойт? Күн сайын 24 сааттын 12 саатын свети жок өткөрөбүз. Мына, жана саат үчтөн өткөндө өчтү эле, силер менен сүйлөшүп атканда гана күйдү".

Жыл жаңыргандан бери Кыргызстандын бардык аймактарында электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлүп келет. Жарыктын күтүүсүз жана узак убакытка өчүп жатканына нааразы жарандар жок дегенде өчүрүүлөрдүн туруктуу графигин түзүп, элди кабардар кылып коюуну талап кылууда.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 19-январда парламентте өлкө боюнча электр жарыгын графиктин негизинде маал-маалы менен өчүрүү болуп жатканын айткан.

"Бизде суук түшкөнгө чейин эле дагы бир график түзүлөт. Чыңалуу ашып кетсе, ошол график боюнча чектешибиз керек. Ага кошумча биз дагы бир график түздүк. Бүгүнкү күндө бир сааттык өчүрүүлөрдү чыңалуусу ашып кеткен райондорго киргиздик. Бирок, биз эртең кайсы көмөк чордондо кандай чыңалуу болорун алдын ала билбейбиз да. Биз азыр аны аныктадык, кечээтен баштап күндөлүк графикти бардык райондук администрациялар менен электр тармактары алышты".

Ал эми "Улуттук энергохолдингдин" башкы директору Таалайбек Байгазиев керектөөнүн улам өсүп жатышы менен электр кубаттуулугунун жетишсиздиги маал-маалы менен өчүрүүгө мажбур кылып жатканын билдирген.

"Мурда веердик өчүрүү жок болчу. Чыңалуусу ашкан жабдыктарды даректүү түрдө өчүрүп жатканбыз. Бирок, акыркы күндөрдө суткалык керектөө 77 млн. киловаттка чейин чыгып кетти. Газ чектелгенден баштап бүт жүк электр жабдыктарына түшүп жатат. Өзүбүз чогулуп эми мындай кезектешип өчүрүүгө өтөлү деп чечим кылдык. Кышка даярданып жатканда керектөө мынча көп болот деп ойлогон эмеспиз. Декабрда деле суук болуп аткан, ал кезде суткалык керектөөбүз 64-66 млн. киловатт болчу, бүгүнкү күндө 77 миллионго чыкты. Ошондуктан, ушундай чектөөлөр кирип жатат. Бул аргасыз чара".

Мындан улам 19-январда Энергетика министрлиги өлкө боюнча электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүүнүн графигин жарыялаган. Ага ылайык, жарык ар кайсы аймактарда кезектештирилип күн сайын эки жолу эки сааттан өчүрүлүп турат.

Садыр Жапаровдун билдирүүсүндө соңку 15 жылдан бери Кыргызстан жыл сайын коңшу мамлекеттерден 3 млрд. кВт электр энергиясын 3 сомдон сатып алып, элге 77 жана 50 тыйындан берип жатканы жазылган. "Мындан улам энергетика тармагынын 137 млрд. сом карызы улам барган сайын көбөйүп келет" дейт ал.

Президент өз билдирүүсүндө өлкөнүн энерготутумун жаңылоо жана кардиналдуу өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн электр жарыгынын баасы 77 тыйындан 1 сомго көтөрүлөрүн жарыялады.

"Жогорудагылардын баарын эске алуу менен, ушул жылдын май айынан баштап, электр энергиясына болгон тарифти 0,77 тыйындан 1 сомго көтөрөбүз. Антпесек, энергетика тармагыбызды биротоло жоготуп алуу коркунучу бар. Себеби, бүгүнкү күндө өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы Токтогулда чыккан жерде 21 тыйын болгону менен, энергетиктердин эмгек акысы, эскилиги жеткен трансформаторлорду, зымдарды, мамычаларды алмаштыруулар кошулуп отуруп 1 кВт саат электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт".

Кыргызстанда электр энергиясын кымбаттатуу маселеси соңку бир нече жылдан бери көтөрүлүп келген. Акыркы жолу 2021-жылы октябрь айында электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирген. Ага ылайык аз камсыз болгон 110 миңден ашуун үй-бүлө 2022-жылдын башынан бери 700 кВт чейин 50 тыйындан төлөп келет. Калган калк мурункудай эле 700 кВт чейин 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Ал эми мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейинки тариф бекитилген.

Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков энергетика тутумун башкаруунун натыйжалуулугун жакшыртмайынча, тарифти көтөрүү менен көйгөйдү чечүүгө үмүт артууга болбостугун айтууда.

"Тарифти көтөрүүдөн мурда алгач ошол системага тартип киргизүү керек. Эгерде азыркыдай туура эмес иш алып барса, тарифти 10 сом кылса деле ушундай боло берет. Мына, 2014-жылы Атамбаевдин убагында тарифти 300% көтөрбөдү беле? Эмне, система оңолдубу? 700 киловаттан жогору 2 сом 16 тыйынга көтөргөн. Эмне, оңолдубу? Оңолгон жок да, туурабы? Азыр болсо мен айтаар элем, керек болсо 10 сом кылып кой, бирок энергетика тармагы ушундай башкаруу, ушундай саясаты менен оңолбойт. Свет өчө берет. Дагы үч-төрт жылдан кийин кайра көтөрүш керек дейт. Көтөргөнгө жараша адилеттүү болуш керек да. Ал жакты дагы бир аз тазалап, ордуна коюп, оптимизация кылып, кирешелүү кылыш керек да. Башкармалыгын кыскартып, 12 ортомчу бар экен, баарын улутташтырып салыш керек. Алар кирешесинин баарын илгери эле алып алган".

2022-жылы Токтогул суу сактагычына чогулган суунун эң көп көлөмү 18-октябрда 13 млрд. 700 млн. м3 чейин жетти. Бул 2021-жылдагыга караганда 1,4 млрд. м3 көп. Ага карабай, бул көлөм кыштан жылуу-жумшак чыгууга жетпейт. Кыштан ыңгайлуу чыгыш үчүн 16-17 млрд. м3 суу керектелет.

Октябрь айында Министрлер кабинети энергетика тармагын өнүктүрүүгө 12 млрд. сом бөлгөнү, каражат тармакта башталган реформаларды аягына чыгарууга жумшалары маалым болгон. Ал эми Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы өлкөнүн энергетика тармагы менен күз-кыш мезгилин өткөрүүгө байланышкан иш-чараларды каржылоого 15 млрд. 284 млн. сом бюджеттик каражат бөлүнгөн.

Кыргызстан 2022-2023-ылдын күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Түркмөнстан менен Казакстандан 2 млрд. киловаттан ашуун электр энергиясын импорттоп жатат. Ал үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн. доллар карыз алган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы Түркмөнстан менен Казакстандан 52 млн. долларга 2 млрд. киловаттан ашуун электр энергиясы импорттолгон. Казак энергиясынын киловаттынын жериндеги импорттук баасы 1,72 сом турса, түркмөн жарыгы 2,48 сомго айланган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG