Кыргызстанда акыркы кезде бир катар азык-түлүк, курулуш товарлары кымбаттады, машиненин тетиктеринин баасы да көтөрүлдү. Бир литр суу май 160 сомго чейин сатылып, колдонуучулардын нааразы пикирин жаратууда. Премьер-министр Улукбек Марипов өкмөт бул көйгөйдү чечүүгө аракет көрүп жатканын айтты.
Экономика
бейшемби 18 Февраль 2021
Кыргызстанда жумушсуздар көбөйдү. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылы жумушсуздардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 4 пайызга өскөн жана аталган министрликтен жумушсуз катары 98 700 киши расмий каттоодон өткөн. Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматынан 2020-жылы пандемиядан улам Кыргызстанда ар бир үй-бүлөнүн эч болбогондо бир мүчөсү жумушсуз калганын көрүүгө болот.