Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:05

Экономика

шаршемби 3 Февраль 2021

Мигранттарды айылга чакырган ишкер
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:10 0:00

Нарындын Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынын келини Айдай Адылбек кызы бир жыл мурун чакан кийим тигүүчү чех ачып, онго жакын келинди жумуш менен камсыз кылган. Миграциянын ачуу-таттуусун таткан келин үй бүлөлөр өз мекенинде иш менен камсыз болсо деп тилейт.

Кыргызстандын Конституциясы.
Кыргызстандын Конституциясы.

Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип жазылган Конституциянын жаңы долбоору парламентке жиберилди. Мыйзамга ылайык, долбоор эми элдик талкууга чыгып, парламенттин үч окуусунан өтүшү керек. Бирок айрым депутаттар документ парламентке келе электигин билдиришүүдө. 

Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоорунун акыркы вариантын иштеп чыгып, 2-февралда Жогорку Кеңешке жиберди. Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев 2,5 айдан ашык иштеген топтун миссиясы аяктаганын билдирди.

“Бул биздин долбоор эмес, Жогорку Кеңештики. Биз ошону алып, алымча-кошумча кылып кайра жибердик. Бул жаңы долбоор эмес. Эми Констутициялык кеңешме 2,5 ай иштеди. Талкуулар ачык болду. Талаш-тартыштар болду. 2010-жылдагы Конституция кандай иштеди эле, ал эми азыркы кандай болду? Салыштырып көргүлө. Мен кемчилиги жок деп айтпайм. Бирок бардыгынын оюн уктук. Коомдо ар кандай социалдык топтор бар экен. Алардын да оюн уктук. Конституцияны “Ханституция” деп сындагандар болду. Эми “ханство” же монархиялык түзүлүш менен республикалык түзүлүштүн айырмасын билбегендер сүйлөй беришет. Сындагандар сунуш бериши керек. Эгер анын сунушу менин кылган ишимден жакшы болсо, коомчулук аны жакшы деп кабыл алса, ал сынды биз көтөрөбүз. Бирок жөнү жок кыйкыра берүүнүн кереги жок”.

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү. 27-январь, 2020-жыл.
Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү. 27-январь, 2020-жыл.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн болчу.

Аталган кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 27-январда кабыл алган.

Ошентсе да долбоордун акыркы варианты парламентке жиберилди деп айтылып жатканы менен Жогорку Кеңештин айрым депутаттары долбоор колдоруна тие электигин айтышууда. Бул маселени депутат Дастан Бекешев 3-февралда парламенттин жалпы жыйынында көтөрдү.

“Мыйзам долбоорлорун бизге эрте берсеңер жакшы болот эле. Электрондук түрүндө болобу же кагазга чыгарып бергилечи. Мисалы, биз Конституциянын жаңы долбоорун жалпыга маалымдоо каражаттарынан эле окуп жатабыз. “Мына Жогорку Кеңешке тапшырдык” деп айтылды. Кана ошол долбоор? Каяктан алсак болот? Же аны караган күнү бересиңерби? Мен түшүнбөй калдым. Кайсы мыйзам долбоору болбосун ал коомдук талкууга чыгышы керек. Эмне себептен мыйзамдарды коомдук талкууга чыгарбай жатасыңар? Андай болбошу керек. Конституцияда так жазылган. Жаманбы-жакшыбы, мыйзам долбоорлору талкууланышы керек”.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Баш мыйзамдын долбоору парламентке келгенин айтууда.

“Конституциялык кеңешме өзүнүн ишин ачык-айкын жүргүздү. Ким болбосун ал жакка барып сунуштарын беришти. Ошондой эле керектүү материалдарын ошол жерден ала алышты. Баш мыйзамдын жаңы долбоору бүгүнкү күндө парламентке келип түштү. Анан силерге таратып беребиз. Калган иштер регламенттин негизинде болот”.

Мыйзамга ылайык, долбоор бир ай элдик талкууда турушу керек. Андан соң парламенттин үч окуусунан өтүшү керек. Бул жол-жоболордон кийин парламент аны референдумга алып чыгуу боюнча демилге көтөрүшү мүмкүн.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум быйыл апрель айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо өткөрүлүшү ыктымал экенин билдирген.

Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева Конституциялык кеңешменин ишин сынга алды.

Сания Токтогазиева.
Сания Токтогазиева.

“Конституциялык кеңешменин иштеген форматы мыйзамсыз, легитимсиз деп айтып келе жатабыз. Президенттин милдетин аткарып жаткан адам жарлык чыгаруу менен мындай кеңешме түзө албайт. Форматы боюнча алар даяр документ менен иштеди. Бирок эл аралык практикада Конституциялык кеңешме түзүлгөндө концепциядан баштап Баш мыйзамды өздөрү түзүшү керек эле. Бизде андай болгон жок. Мындан тышкары 10-январдагы референдумдан кийин кайра кеңешме түзүлүшү керек болчу. Бул жагы да туура эмес болду. Ошондой эле эң чоң көйгөй - долбоордун акыркы вариантын коомчулукка көрсөткөн жок. Балким Жогорку Кеңеш таптакыр башка долбоорду чыгарып салат. Коомдук талкуу болбогону да күмөн ойго жетелейт”.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындалып, аны менен кошо Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 10-январда өттү.

БШКнын расмий жыйынтыгына караганда, референдумда добуш бергендердин 81% президенттик башкаруу формасын колдоду.

Эми Конституциялык кеңешме сунуш кылган Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламентте колдоо тапса, референдумда элдин тандоосуна коюлат. Мыйзам боюнча референдумга жалпы шайлоочулардын 30% катышканда ал өттү деп эсептелинет. Эл колдоп берсе, ошондон кийин гана жаңы Баш мыйзам иштеп баштайт жана Кыргызстан президенттик башкаруу формасына өтөт.

Баш мыйзамдын жаңы иштелип чыккан долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. Президент аткаруу бийлигин жетектейт, министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктайт, президенттин администрациясын, Коопсуздук кеңешин түзөт жана башкарат. Мындан тышкары башкы прокурорду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун жетекчилерин, судьяларды дайындайт. Өзүнүн демилгеси менен референдум жарыялай алат. Мыйзам чыгаруу укугуна да ээ.

Ошондой эле премьер-министрлик кызмат жоюлат. Президенттин администрациясынын жетекчиси бир эле учурда министрлер кабинетин да башкарат. Финансы министри министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болот.

Ал эми Жогорку Кеңеш жогорку өкүлчүлүктүү, мыйзам чыгаруу бийлиги болуп саналат. Анын курамы 90 депутаттан турат. Долбоорго депутаттарды чакыртып алуу боюнча сунуш киргизилген. Анын жол-жобосу конституциялык мыйзамда аныкталат. Эл өкүлдөрү фракцияларга жана депутаттык топторго бириге алат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG