Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

Экономика

ишемби 6 Февраль 2021

Райкүл Жапарова. Сүрөт "Фейсбуктан" алынды.
Райкүл Жапарова. Сүрөт "Фейсбуктан" алынды.

Жогорку сот президенттин бир тууган эжеси Райкүл Жапарованы күнөөлүү деп тапкан сот чечимдерин жокко чыгарды. Эми иш Финансы полициясына тергөөгө жиберилди. Садыр Жапаров эжеси "саясий куугунтуктун курмандыгы" болгонун билдирген.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкты» тартып алган деген айып менен сыртынан кесилген Райкүл Жапаровага карата мурда чыккан сот чечимдери Жогорку сот тарабынан 25-январда жокко чыгарылгандыгы эми гана белгилүү болду.

10 күндөн кийин белгилүү болгон сот чечими

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-февралдагы маалымат жыйында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Жапарова чет өлкөдөн Кыргызстанга ээн-эркин келе берсе болоорун айтты.

“2021-жылы 25-январда Жогорку соттун токтомунун негизинде Райкүл Жапаровага катара соттук чечимдер жокко чыгарылып, бөгөт чарасы өзгөртүлгөн. Ага карата мурда издөө жарыяланган экен, Жогорку сот тарабынан жокко чыгарылса, Кыргызстанга эркин келсе болот”, - деди Зулушев.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Райкүл Жапарованын иши Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финпол) тергөөгө жиберилген. Башкы көзөмөл орган бул иш боюнча кенен маалымат кийинчерээк болорун маалымдады. Азырынча Финансы полициясынан кылмыш иш боюнча маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Жапарованын иши кайра тергелет

Ал эми Жогорку соттун басма сөз кызматы Жапарованын адвокаттарынын ишти жаңы жагдайлардан улам кайра кароого жиберүү тууралуу өтүнүчү ушул жылдын 25-январында канааттандырылганын “Азаттык” радиосуна билдирди. Мекеме буга чейинки үч инстанциянын чечимдери жокко чыгарылып, кылмыш иши кайрадан тергөө үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Президентке айтылган сын

Алты жыл мурун он жылга кесилген Жапаровага карата сот чечимдеринин Жогорку сот тарабынан жокко чыгарылышы анын бир тууган иниси Садыр Жапаровдун бийликке келген учуруна туш келгенин оппозициялык саясатчылар кескин сындап чыгышты.

Алардын бири, парламенттин мурдагы депутаты Бектур Асанов Жогорку сот бийликтин басымы астында Жапаровага карата чечимдерди жокко чыгаруу токтомун жазып берди деп эсептейт:

“Сот ачык болуп, баарын ачык көрсөтүшү керек болчу. Ал эмес элге кабар 10 күндөн кийин чыгып жатат. Мунун баары шек жаратат. Элде дагы деле жаңы бийлик келсе сот көз каранды экен деген ой калды. Сот мурункудай эле бийликтин буюртмасын аткарып отурат”.

Жарандык активист Рита Карасартова Жапарованын кайра иликтөөгө жөнөтүлгөн иши тергөөдө кыскарытылып калышы мүмкүн экенин белгилейт. Карасартованын пикиринде, өлкөдө сот, укук коргоо системасынын жетекчилери жаңы мамлекет башчыга жагынуу аракетин кылууда.

“Бакандай банкты менчиктештирип алганын баары билет. Акырында банк дагы, өзү дагы жок болгон. Бул иши - далилденген факт. Азыр сот чечимдерин жокко чыгарып койгону - соттордун биринчи кишиге кызмат кылгысы келип жатканын көрсөттү. Тергөө жана сот бизде көз карандысыз катары иштегиси келбейт”, - деди.

Азырынча президенттик аппарат жана президент Садыр Жапаров бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Буга чейин 2020-жылдын октябрь айында элдик толкундоолордун натыйжасында бийлик алмашканда мурдагы премьер Кубатбек Бороновдун өкмөтүндө иштеген вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Райкүл Жапаровага байланыштуу иш боюнча шек саноосу бар экенинен улам жаңы бийлик менен иштешүүдөн баш тартканын айтып чыккан болчу.

Ошол кезде президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров бир тууган эжесинин иши жана ал тууралуу мурдагы вице-премьер-министрдин айткандары боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берген.

Анда Жапаров эжесине "саясий буюртма менен кылмыш иши козголгон" деп айткан болчу.

«Эркин Асрандиевдин эжем боюнча жазганын окудум. Банкты жетектеген, акчаны чыгарып кеткен деген экен. Бул өзү толук маалыматы жок, ошол убакта мага оппонент катары жүргөн саясатчы экенин билдим. Мунун баары, менин эжекем боюнча саясий буюртма болгон. Кылмыш иши буюртма менен ачылган, бул сыр эмес. Барып, таанышып көрсөңүздөр болот. Эгерде сиздерди кызыктырса, өзүм деле көчүрмөлөрүн алып сиздерге берсем болот. Ошол жерден анан көрөсүздөр. Бул да саясий куугунтук. Мени 8-10 жыл куугунтуктады. Мени эле эмес, бүтүндөй бир туугандарымды, үй-бүлөмдү, жакын досторумду куугунтуктады. Кызматтан алды. Кээ бирөө качып чет өлкөдө жүрүштү. Менин бир тууган эжем да ошондой болгон. А бул Асрандиев банк жоюлган кезде консерватор болгон турбайбы. Ошондо козголгон кылмыш ишин окуп алып эле... Биринчи жазганга жамандаса эле элдин баары ишене берет эмеспи. Убакыт өтүп чындык чыкканда кайра ойлонуп калышат».

Жапаров буга чейин дагы журналисттер менен курган маегинде эжесинин банктагы мыйзамсыз иштерге тиешеси жок экенин айтканы бар.

Банк ишинин чоо-жайы

2020-жылы 26-майда Ички иштер министрлиги Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Райкүл Жапарова Польшадан кармалганын кабарлаган.

Кыргызстандын ИИМи Жапаровага карата Бишкектин Октябрь райондук жана Бишкек шаардык сотторунда сырттан чечим чыгарылып, 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде Жазык кодексинин «Кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу», «Алдамчылык» жана «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылганын билдирген.

Ошол кезде өлкөнүн Башкы прокуратурасы Жапарованы экстрадициялоо маселесин караштырып жаткандыгы да кабарланган.

Аравандык дыйкандар картошка тиге баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00

Кыш чилдесинде жазгы талаа жумуштарын баштаган айылдыктар май айында биринчи түшүмдү алабыз деп тилек кылып турушат. Өткөн жылы бул аймакка кыш эрте келип, кеч күздө эгилген жашылчалар терилбей калган. Бул жылы кар астында калган сабиздер казылып базарга чыга баштаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG