Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:23

Активист акциядан кийин аңдууга кабылды


«Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун сөзүнө каршы уюштурулган «Кул болбо!» акциясы.
«Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун сөзүнө каршы уюштурулган «Кул болбо!» акциясы.

Активист Улан Үсөйүн «Фейсбуктагы» баракчасынан белгисиз адамдар аңдып жүргөнүн жазып чыкты.

Шайлоого катышып жаткан оппозициялык маанайдагы кээ бир талапкерлер да артынан түшүп алган адамдар жөнүндө айтып жатышат. Алардын божомолунда, аңдыгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери болушу мүмкүн.

«​Артыбыздан түшүп алгандар көбөйдү»

Жарандык активист Улан Үсөйүн 27-сентябрда «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун сөзүнө каршы уюштурулуп, бийликтин дарегине да сын айтылган «Кул болбо!» акциясынын башында турган.

Улан Үсөйүндүн айтымында, митингден кийин эле артынан түшүп алган адамдарды байкай баштаган. Алар 1-октябрда Улан иштеген кеңсеге жана активист катышкан жолугушууга чейин келип кетишиптир.

«Биз уюштурган «#REакция» акциясынан кийин да артымдан аңдыгандар болуп, кийин тынчып калышкан. Бийликчил «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловго каршы чыккандан бери баягылар кайда болду. Алгач телефон чалып, «УКМКдан болобуз, таанышалы» деп жатышкан. Андан кийин иштеген жериме келип, издеп кетишиптир.

Видео камерадан карасам, медициналык беткап кийип алышыптыр. Алар өзүмө келишпейт. Бирок мени тааныган адамдарга «Уланды издеп жүрөбүз» дей беришет. Алар бул жолкусунда ушундай технология колдонуп жатышат».

Эгемендикти коргогондордун акциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00

Улан Үсөйүн бул окуя боюнча күч түзүмдөрүнө кайрылган жок. Анткени эч кандай жыйынтык чыкпайт деген ойдо.

Оппозициялык маанайдагы«Реформа» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Азият Жекшеев Нарын облусунан ак түстөгү машине эки күн артынан калбай жүргөнүн айтып берди. Анын маалыматына караганда, аңдып жүргөндөр «реформачылардын» ар бир кадамын видеого тартып жатышыптыр.

Азият Жекшеев.
Азият Жекшеев.

«Шайлоочулар менен болгон ар бир жолугушуубузга бизди аңдыгандар келип турат, - деди ал. - Нарын шаарына барганда артыбыздан такыр калбай биз жайгашкан мейманканага чейин келишти. Ошол жердеги милицияда иштеген тааныштарыбыз бизди аңдып жүргөндөр УКМКнын кызматкерлери экенин айтып беришти. Ал эми Ат-Башы районунан бизге каршы чагым уюштурулду. Машинеден түшөрүбүз менен беш-алты жаш бала жана аялдар оозго алгыс сөздөрдү айтып, айылдан чыгып кетишибизди талап кылышты. Алар бизди «гейлердин партиясы» деп аташты. Булардын баары оппонент партиялар тарабынан уюштурулуп жатат деген ойдобуз».

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова да ушундай эле окуяга туш болгон билдирди. Анын айтымында, «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларына байланыштуу иштер БШКда каралып жаткан учурда артынан калбай ээрчип алган адамды байкаган.

«Тилекке каршы күч түзүмдөрү шайлоого байланыштуу окуяларга кош стандарт менен мамиле кылып жатышат. №2 форма боюнча чара көрүүнү талап кылып эле жатам. Бирок бул боюнча такыр жылыш болгон жок. Ошол эле учурда биздин жекече маалыматтар үчүнчү тараптардын колуна тийип калып жатат. 1-октябрда мен жана БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаева экөөбүз УКМКнын кызматкерлерине Интернетке тарап жаткан чагымчыл маанайдагы видеолорго атайын кызматтын тиешеси бар экенин ачык айттык. БШКга келген УКМКнын өкүлү бул сөздөрүбүздү четке кагып койду».

УКМК өз дарегине айтылып жаткан сын боюнча билдирүү тарата элек. Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков мекеменин сынга алынып жаткан кадамдарына мындай түшүндүрмө берди:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

«УКМК партиялардын мүчөлөрү же лидерлери элди терс тарапка үндөп, радикалдык кадамдарга барар-барбасын талдаш үчүн ушундай кадамга барат. Алар өз кызматкерлерин видео тартканга же укканга атайын жиберет. Анткени атайын кызмат өлкөдөгү коопсуздук үчүн жооптуу да. Ошол эле учурда аңдыгандардын баары эле УКМКнын кызматкерлери деген да туура эмес. Шайлоого катышып жаткан партиялар деле киши жалдап атаандаштарын аңдытып коюшу мүмкүн».

Артур Медетбеков УКМК жашыруун иштердин жыйынтыгы менен чогулткан материалдарды үчүнчү тараптын же кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн колдонбошу керек экенин кошумчалады.

Кара пиар жыттанган каттар же ээси белгисиз СМСтер

1-октябрда «MegaCom», «Beeline» жана «О» операторлорунун абоненттерине «Реформа» партиясынын атынан деп СМС келген.

Ал жерде «Бишкектиктер, «Реформа» партиясы кумсалардын укугун коргоону жана сүрөөнү улантат» деп жазылган. Жарандык коом бул окуяга уюк байланыш операторлорунун тиешеси бар экенин айтып, аларды «жарандардын өздүк маалыматтарын таратып жатат» деп айыпташты.

«Реформанын» лидери Клара Сооронкулова мамлекеттик компания «MegaCom» менен соттошууга даяр экенин билдирген. Ал эми БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева күч органдарына кайрылуу жибергенин айтты:

Гүлнара Журабаева.
Гүлнара Журабаева.

«БШКдагы ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна кайрылгам. Алар Башкы прокуратурага маалымат жибергенин айтышты. Мындан тышкары биз менен иштешип жаткан прокурордун көзөмөлгө алышын айттым».

«MegaCom», «Beeline» жана «О» операторлору бишкектиктерге келген СМСке тиешеси жок экенин расмий билдиришти. «MegaCom» компаниясынын расмий өкүлү Жыргалбек Өмүрканов чуу жараткан билдирүү «MegaCom» ишканасынын 32 абонентине келгенин айтты. Компаниянын адистери ар бир СМСти талдап, каяктан жиберилгенин аныктаганын кошумчалады:

«СМСтер Кыргызстандын аймагынан жиберилгенде IP-дарек аркылуу эле таап алмакпыз. Ал билдирүүлөрдүн түбү Швейцарияга барып такаларын биздин техникалык адистер аныкташты. Кимдир-бирөө Швейцарияда жайгашкан, мессенжерлик кызмат көрсөтүүчү «Global Message Services» компаниясынын кызматын колдонуп биздин абоненттерге СМС жазган. Буга биздин тиешебиз жок».

Ошондой эле «Instagram» социалдык тармагында Кыргызстанда популярдуу болгон «One Million Kyrgyz Stories» (OMKS) көңүл ачуу долбоорунун негизги аккаунту ачылбай турат. Бул долбоорду иштеткендерге тиешелүү болгон «Omks_kg», «omks_video» сыяктуу баракчалар да колдонуучулар үчүн жабык.

Алып баруучу Нурсултан Майназаров 2-октябрда OMKSтин негиздөөчүлөрүнө тилектештик билдирип, алардын расмий билдирүүсүн бөлүштү. Анда негиздөөчүлөр «Instagram» сайтындагы көп талкуу жараткан билдирүү жарыяланган баракчалардын бири белгисиз адамдар тарабынан бузулганын, ушундан улам коопсуздук үчүн башка аккаунттарды да убактылуу иштетпей турууну чечишкенин билдирген.

Ал баракча өздөрүнө кайтарылып берилгенин, аккаунттардын коопсуздук боюнча маселеси жарым-жартылай чечилгенин айтты. Бирок өзүнүн жана администраторлордун коопсуздугу суроо жаратып жатканын, «Телеграмдагы» баракчаларын да бузуу боюнча аракеттер болгонун кошумчалаган.

«Omks_video» баракчасында акыркы жолу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы тууралуу видео жарыяланган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG