Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

ДССУ: Вакцина менен кошо эле вирустун жаңы типтери пайда болуп жатат


 COVID-19 вирусуна каршы иштелип чыккан «Biotech» вакцинасы. Бразилия. Январь, 2021-жыл.
COVID-19 вирусуна каршы иштелип чыккан «Biotech» вакцинасы. Бразилия. Январь, 2021-жыл.

Акыркы жылы коронавируска каршы вакциналар иштелип чыкты. Ошол эле учурда вирустун өзгөргөн, күч алган жаңы типтери пайда болуп жатат. Бул маалыматты Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европадагы аймактык бюросунун жетекчиси Ханс Клюге бүгүн, 14-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, былтыр аймакта 26 миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыкса, жыл башынан берки бир эле жумада 1,8 млн. адам COVID-19 вирусун жугузганы белгилүү болду.

Ханс Клюге оору азая баштаган аймактарда да этияттыкты сактоо зарылчылыгын белгиледи. Ал ошондой эле учурда кооптуу болуп жаткан коронавирустун жаңы штаммы аймактагы 25 өлкөгө тараганын айтып, анын таркашына тоскоолдук кылынбаса, ансыз да коронавирустан шаштысы кетип турган саламаттык сактоо тармагына көп күч келерин эскертти. Клюгенин пикиринде бул үчүн бийлик чектөөлөрдү күчөтүп, санитардык-эпидемиологиялык чараларды катаалдаштырышы зарыл. Карапайым эл оорудан сактаныш үчүн дайыма беткап тагынып, массалык иш-чараларды чектеп, социалдык аралыкты сактоого, учурунда тест өтүп турууга жана колду дайыма дезинфекциялап турууга тийиш.

2021-жылдын башынан тартып АКШ жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө «Pfizer/BioNTech» жана «Moderna» вакциналары, Орусияда «Спутник V», «ЭпиВак-Корона» вакциналары, Кытайда да жергиликтүү вакциналар эмдөөдө колдонулуп жатат.

Ал эми коронавирустун жаңы штаммы – мутацияланган түрлөрү Улуу Британияда, андан соң Швейцария, Словакия, Румыния сыяктуу Европа өлкөлөрүндө, акыркы жумада Орусияда аныкталган. Мындан тышкары, коронавирустун дагы бир башка түрү Жапонияда аныкталган. Ал Бразилиядан келген болушу ыктымал экени айтылууда. Токиодо 7-февралга чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Пандемия башталгандан бери дүйнөдө коронавирус илдети 90 миллиондон көп адамга жугуп, эки миллиондой киши бул илдеттен көз жумду.

Вирустун жайылышы боюнча биринчи орунда - АКШ, андан кийин - Бразилия, ал эми Орусия - үчүнчү орунда турат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG