Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Өсмө илдетине каршы сыйлык негизделди


Салтанат Саматова.
Салтанат Саматова.

Кыргызстанда онкологиялык ооруларга (өсмө илдетине) каршы күрөшүп, кайрымдуулук менен алектенген адамдарга ыйгарыла турган сыйлык негизделди. Бул тууралуу 8-февралда аны негиздеген “Жардам берүү оңой!” коомдук фонду билдирди. Сыйлык белгилүү алып баруучу, рактан каза болгон Салтанат Саматованын ысымында болот.

Сыйлык тапшыруу иш-чарасы апрель айында өтөт. Сынакта (1)кайрымдуулукка кошкон зор салым; (2) рак оорусуна каршы күрөшкө кошкон өзгөчө салым жана (3) онкологиялык диагнозуна карабастан мындай илдеттерге каршы күрөшүп, коомдук маанилүү иш жүргүзгөнү үчүн деген үч номинация бар.

Белгилүү алып баруучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Салтанат Саматова 2018-жылы узакка созулган оорудан кийин каза болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда 27 миң адам онкологиялык ооруга чалдыккан, алардын 18 миңи аялдар, 2,5 миңге жакыны балдар. (RK)

XS
SM
MD
LG