Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:53

Муфтияттагы чатак окуя, айкындык жана абийир


Убактылуу кармалган Максатбек ажы Токтомушевдин жактоочуларынын нааразылык иш-чарасы. Бишкек. 2021-жылдын 11-февралы.
Убактылуу кармалган Максатбек ажы Токтомушевдин жактоочуларынын нааразылык иш-чарасы. Бишкек. 2021-жылдын 11-февралы.


Дин таануу адиси Элмурат Кочкор уулу муфтияттагы “арам акча айлампасы” тууралуу айтылгандарды калыс жана адилет тергөө керек деп санайт. Өзүнүн кезектеги блогунун мааниси тууралуу: “Бул макаланы эч кимди табалоо үчүн эмес, аксагыбызды дабалоо үчүн калемге алгандыгым аңдалса экен”, – деп Э.Кочкор уулу мырза баса белгилейт.

Негизи Кыргызстандын муфтиятындагы соңку окуялардын чын же жалган болуп чыгуусу «ишенимге» эч кандай таасирин тийгизбөөсү керек. Ишеним же ыйман, илимий принципке негизделээринен, муфтияттын же муфтийдин абалынан толугу менен көз карандысыз кабыл алынышы керек. Андыктан бул абалдан көп тыянак чыгарып, жалпы мусулман коомчулугунун ишенимин каралоого аракет кылуу – тайыздыктын, пастыктын белгиси десек болот.

Болгону мындай окуялардын жүз берүүсү жалпы исламдык дүйнөнүн эмес, биздин мусулман жамаатыбыздын айрым өкүлдөрүнүн гана өксүгү катары кабыл алынууга тийиш.

Диний аң-сезимдин кризиси
Анда кеп башынан болсун. Соңку бир канча жылдан бери, диний (исламий) мааниде агартууга багытталган макалаларды калемге алып келем. Максат-мүдөөм – өлкөбүздөгү диний түшүнүктөрдү илимий-айдыңдык түшүнүктөр менен айкалыштырып, дин маданиятын өстүрүүгө салым кошуу болду.

Дин маданиятынын өсүүсү – дээрлик, бүт тармактын өнүгүп-өсүүсүнө түз жана кыйыр түрдө таасирин тийгизээрин айтып келдим. Ал эми диний маанидеги аң-сезимдин аркада калуусу – көп жааттын арка кетүүсүнө түз таасирин тийгизет. Муфтияттагы учурдагы абал да (эгер чын болсо) айрым жарандарыбыздагы так ошол диний аң-сезимдик кризистин натыйжасы болуп саналат.

Ислам дининин эң башкы максаты – адеп-ахлактуу кишини калыптандыруу, мунун сыртындагы бардык жөрөлгөлөр, ибадаттар (жөрөлгөлөр) экинчи орунда экенин баса айтуу зарыл.

Муну Осмон султандыгы (империясы) жаңыдан түптөлгөн жылдары жашап өткөн сопу ойчул (мутасаввуф) Давут Кайсери «Кишинин ичиндеги жамандыкка үндөгөн күчтү (напсини) эритүү – ибадаттын негизин түзөт. Ал эми андан башкасынын бардыгы – ибадаттын кабыгы болуп гана саналат», – деп таамай белгилеген.

Мен бул принциптерди айтып чыгып, калың катмарга жакшы жуктура албаганым, ал эми муфтиятка такыр жуктура албаганым өкүндүрбөй койбойт... Намаздарды калтырбай окуп, орозону тутуп, ажыга каттап, ат тезегин кургатпай умрага чуркагандын жанында муфтият өкүлүнүн (бухгалтериби же башкасыбы) мындай кадамга баруусунун башка кандай себеби болмок эле?

Анткени кылымдар бою коомдо алгачкы ыйык парз катары адеп-ахлактуу киши болуу зарылдыгы аткаминерлерлин көңүлүнөн чыгып келди. Натыйжада мусулман катары намаз окубай койгондон корккончолук сыяктуу эле адептик чектен чыгуудан да коркуу зарылдыгынан көпчүлүк аткаминерлер жалтайлабай калды. Натыйжа – көз алдыбызда...

Мен бир учурларда «Муфтияттын уруксаты менен басылып чыгып мечиттерде окулуп жаткан китептердин маңызын көздөн өткөрүү тууралуу муфтиятта бир күн тартиби барбы?» деп, учурдагы аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиевден сураган элем.

Тилекке каршы, мындай маселе күн тартибинде жок экенин ал айткан эле. Эмне үчүн бул маселе маанилүү? Анткени, бүгүн мусулман катары адептик кризиске келип кептелгенибиз ырас болсо, мунун эң чоң себебин бизге мусулманчылыкты үйрөткөн булактардан издөө керек эле.

Бир эле мисал катары, муфтият жетектеген мечиттерде «Киши өлгөн соң, кабырдагы алгачкы сурак намаздан башталат...», – деген сөздөр жаңырып турган жерде, кишилердин биринчи кезекте адеп-ахлактуу болуусу айтылышы керек эле... Демек, илимий-айдыңдык, диний аң-сезимге ээ, билимдүү топ тарабынан бул булактар кылдат көздөн өткөрүлүп, адеп-ахлак жааты калайыкка ырааттуу жеткирилүүгө тийиш. Бул сунушумду мурда да макалаларымдын биринде айтып өткөн болчумун.


Өнөкөт жара дагы сыйрылды
Анан да бул айткандарыбыз соңку окуялар менен гана чектелип кабыл алынбоого тийиш. Бул окуяны такыр эске албаганда деле ажылык сапары, орозо питир топтоо сыяктуу заттык кызыкчылык аралашкан иштерде кыңыр иштердин болуп эле келатканы дайыма кулак кагыш кылынып эле келатат.
ЖМКга анча мынча мындай иштердин ашкереленип кетишине караганда, өз ара басты-басты болуп кеткен, дайынсыз кала берген кыңыр иш учурлары деле жок эмес болсо керек деген ой келбей койбойт экен.

Албетте мунун даанасын билбеген соң, далилсиз айыптаган туура болбойт, бирок айрым жоруктар катталып жатса, анда диний аң-сезимдик кейиптин кайерге келип калганын аңдоо жана ага чара көрүү жагынан бул чоң мааниге ээ...

Бизге канчалык белгилүү болбогон менен, муфтияттык жамааттын ичинде деле бири-биринин адеп-ахлагына, мусулман кишилигине ичи чыга бербеген кишилер аз эместир, ошондуктан ички оппозиция жаралып жаткандыр.
«Бул абалды эл билбей калса эле болду» деп кабыл алуу – жараны дарылагандын ордуна, анын үстүн чүпүрөк менен жаап коюп, аны жок деп эсептөө сыяктуу... Андыктан бул сунуштарыбыз, бул жааттагы иштерди беш колдой билип турган купуя каармандарга арналат.

Андыктан катаны моюнга алуу – болочокку ийгиликтин жарымы. Ар бир кишиде кемчилик болот жана бул нормалдуу көрүнүш, ал кишини жаман киши деле кылбайт. Болгону катаны учурунда моюнга алып, аны түзөтүүдөн тайбаш керек. Андыктан, мусулманчылыгыбыздагы туура эмес түшүнүктөрдөн арылууга бел байлабасак, бул жосунсуз айлампанын кайталана берери анык. Так ошол себептүү, мусулманчылыгыбызга (Исламга эмес, айрым пенделерге карата) айтылган сын-пикирди туура кабыл алуу, «ыйык» деп саналган замандашыңды да өз учуру менен сын көздөн өткөрүп туруу өтө зор мааниге ээ болуп саналат.

Эгерде, мындай сын-пикирге муфтият баш болуп: «Динге душмандык кылба, аалымдарыбызга асылба, бизди сынга алсаң динден чыгасың», – деп теманы жемкорлук шегин тергөө нугунан буруу аркылуу жооп берүү менен гана чектеле турган болсо, анда кырдаал жакшы жагына өзгөрбөйт; анда муфтий алмашат, бирок муфтияттагы аткаминерлердин аң-сезими алмашпай, чолок көч улана берет.

Эмне кылуу керек?
Саясий жүрүмгө коомдук катышуу өтө тайыз абалда кетип жаткандыгы ырас. Кызмат орду бошогон бардык эле учурда ушул көрүнүш кайталанып келет. Учурда белгилүү топтор өздөрүнө жаккан муфтийге талапкерлерди интернеттеги коомдук тармактарда мактап жатып калышты.

Тилекке каршы, жаңы муфтийди кызматка алып келүү менен гана маселенин чечилип кетүүсүнө ынангандар арбын. Ал эми жаңы муфтий шайланган соң, анын ишмердүүлүгүнөн аң-сезимдүүлүктү талап кылуу, ишмердүүлүгүн айкындуулук шартында коомдук көзөмөлдөө, ага көмөктөшүү аракети үгүт учурундагынын ондон биринчелик жокко чыгышы ажеп эмес...

Андыктан, бардык коомдук тармктарда жүзөгө ашырылып жаткандай эле, Кыргызстандагы муфтияттын да иштөө тартибине кескин түрдө реформа жасабастан, аң-сезимдик жаңыланууга барбастан, соңку баткактан кутулууга мүмкүн эмес.

Арийне, муфтийликке талапкерлигин сунуштаган тараптардын дээрлик бардыгынын «мусулманчылык» түшүнүктөрү бири-бириникинен айырмалуу эмес экендигин өкүнүп айтуубуз мүмкүн. Өзгөчө Ислам жаатындагы түшүнүгүбүздү илимий-интеллектуалдык аң-сезим менен жуурулуштурган соң жаңыча калыптандырууга, диний булактарды догмалык нормалардан, белгилүү эскичил жамааттын көз караштарынан арылтууга чечкиндүү түрдө бара ала турган жөндөмдүү реформачыл агымга таңкыстык бар.

Учурда кызматтан кеткен муфтий деле интернеттеги коомдук тармактарда, жогорку тараптарда чоң сүрөөлөр менен, үмүттөр менен кызматка келтирилген эле... Демек, маселе жөн гана муфтий алмаштырууда эмес, ал жердеги иштөө тартибин айкындуулук талабына ылайык жаңыча түзүүдө десек жаңылышпайбыз.

Жеке баамымда, ыраматылык Чубак Жалиловду деле акчалай кызыкчылыктарды бууган бир катар реформаларга нук салуу далаалаты үчүн айрым мурдагы тымызын «алтын акырды сактоону көксөгөн» жемкорлор тобу муфтият жетекчилигине анчейин батыргысы келбей койду го деген айың кептер жөн жеринен чыкпаса керек...

Бир гана муфтияттын ичин тынчтандырыш үчүн гана эмес, бүтүндөй диний ишмердүүлүктүн натыйжалуулугу, максатка ылайыктуулугу үчүн диний аң-сезимибиздин деңгээлин көтөрүү шарт. Дээрлик саясий маңыздагы чоң кризистин дабаасын китептерден, аң-сезимдик өзгөрүүдөн издеп, «алгач аң-сезимди өстүрсөк, маселелер өзүнөн-өзү чечилет», – деген ойду айтып жатканым замандаштарыбыздын кээ бирлерине күлкүлүү туюлуп жаткандыр. Өкүнүчтүүсү, мен бул ойлорумду үч жылдан бери айтып келем, үч жылдан бери деле бул ойлорум айрымдар үчүн күлкүлүү туюлуп келген эле...

Андыктан муфтияттагы бул соңку окуя, андагы иштөө таризди жакшыртууга түрткү бере турган кайталанган сабак болууга тийиш. Бул окуя жамаат-жамаат, топ-топ болуп айтышып, жамандашып, ушакташып жыргаганга эмес, диний аруулукту түшүнүүдө жана коомдук тажрыйбада колдонууда чабал жана жемкор аткаминерликке мындан ары жол койбоо зарылдыгын таасын көрсөтүп турат.

Бул адеп-ахлактык жана укуктук көйгөй муфтияттагы жосунсуз жорук (эгерде ал орун алган болсо) менен гана чектелбейт, ал – башкаруунун башка чөйрөлөрүнө да таандык.

Элмура Кочкор уулу,
блогер.
Ред.: Автордун пикирин "Азаттыктын" редакциялык туруму катары кароого болбойт.

XS
SM
MD
LG