Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Дооров: Лейлекте качып келгендерге жардам керек


Качкындар убактылуу жайгашкан жер. Баткен району. 30-апрель, 2021-жыл.
Качкындар убактылуу жайгашкан жер. Баткен району. 30-апрель, 2021-жыл.

Тажикстан менен чектеш айылдардан качып келген адамдарга тамак-аш, күнүмдүк керектелүүчү буюм-тайымдардан турган гуманитардык жардам жетишсиз болуп жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматынын жетекчиси, учурда Лейлектеги кичи мекенинде жүргөн Төрөкул Дооров кабарлады.

"Азаттык": Төрөкул, чек ара жаңжалында Лейлектеги Тажикстан менен чектешкен айылдар көбүрөк жабыркаганы кабарланып жатат. Ушул тапта кырдаал кандай?


Төрөкул Дооров: Жалпысынан кырдаал турукташып калды деп айтуу кыйын. Анткени кечээ түндөн бери райондун борборундагы аянтта көптөгөн адамдар чогулуп турушат. Алар дагы деле болсо Тажикстанга жакын жайгашкан аймактардан өмүрүнүн коопсуздугу үчүн качып келген элди тосуп алып, үйлөргө, мектепке жана башка жерлерге жайгаштыруу менен алектенип жатышат.

"Лейлек жаштары" деп аталган коомдун мүчөлөрү элден чогулган акчага нан, суу, тамак-аш алып, качып келгендерге таратып жүрүшөт. Элдин үрөйү дагы деле учуп турат. Лейлек түнү менен уктаган жок десем да болот. Бул жакта эвакуация болуп келген адамдарды кабыл албаган үй калган жок сыяктуу.

"Азаттык": Качкындар негизинен үйлөрдө турбайбы? Аларга гуманитардык жардамдар жетип жатабы?

Төрөкул Дооров: Качкындардын көпчүлүгү үйлөрдө жайгаштырылды. Аларды Исфана шаарынын, Тогуз-Булак, Кара-Жыгач жана башка айылдардын тургундары бөлүп алып кетип жатышат. Көп адам эвакуацияланып келди. Арасында кары-картаңы, ыйлаган жаш балдары бар экен. Айрымдары кан басымы көтөрүлүп, түз эле ооруканага жеткирилген.

Жергиликтүү эл качып келген адамдар менен нан-чайын бөлүшүп, төшөктөрүн салып берип, үйлөрүнө киргизип алышты. Мындан тышкары, учурда №1 гимназияга, дагы бир мектепке, кафеге адамдар жайгаштырылды. Аларга балдар тамак-ашын ташып жатышат. Мен өзүм гимназияга барып келдим, ал жакта жүздөй адам жайгашыптыр. Гимназияда балдар жатып окушканы үчүн төшөнчү-орундар бар экен. Тамак-ашын ташып жатышат.

"Азаттык": Исфанада, башка айылдарда абал кандай? Ал жакта дүрбөлөңгө түшкөндөр жокпу?

Төрөкул Дооров: Дүрбөлөң деле жок. Негизинен кечээ түндө абал кыйла оор эле. Эл чочулап, "Вотсаптан" тараган видеолорду көрүп алып, жаштар бийликтен курал талап кылышкан. Бүгүн бир аз басаңдагандай көрүнүп турганы менен, баары бир элде "эми эмне болот?" деген чочулоо бар.

Чогулган адамдардын баары эле ошону талкуулап атышат. Негизинен эле бийликке нааразылык бар, "эмне үчүн эмгиче жакшы реакция жок, эмне себептен бүгүнкү күнгө чейин нормалдуу гуманитардык жардам жок?" деген талаптар коюлуп жатат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG