Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов мэриянын борбордук аппаратында иштеген уулу Нурсултан Насирбековду кызматтан алды. Тийиштүү буйрукка 2-августта кол койгонун шаардык бийликтен "Азаттыкка" билдиришти.
Сарыбашов ушул күнү мэриянын кызматкерлерине тааныштырылып, калаа башчылык кызматка отурган. Анын уулу буга чейин мэриянын Уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеген.
50 жаштагы Таалайбек Сарыбашов 2018-жылдан бери Ош шаарынын мэрлик кызматын аркалап келди. Анын ордуна Ошко жетекчи болуп Алмаз Мамбетов барды. (SE)