Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

Орусияда мигранттар үчүн виза киргизүү сунушталды


Миграциялык борбордун сыртында кезек күткөн мигранттар, Москва шаары.
Миграциялык борбордун сыртында кезек күткөн мигранттар, Москва шаары.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Борбор Азиядан келген мигранттар үчүн виза режимин киргизүүнү сунуштады.

Ал эми Мамлекеттик Думадагы "Справедливая Россия" фракциясынын депутаты Сергей Миронов “Фейсбуктагы” расмий баракчасына миграциялык көйгөйдөн коңшу мамлекеттерге виза эрежесин киргизүү менен гана арылса болорун жазды.

Сергей Миронов.
Сергей Миронов.

“Айланада эмне болуп жатканын карагылачы. Күнүгө мигранттардын өз ара калайман мушташы тууралуу кабарлар чыгууда. Бул ирет Борбор Азиядан келген кырктай мигрант Мытищиде куралчан кагылышты. Бул алардын акыркы “эрдиги эмес”! Мигранттар аз акыга иштегени жумуш берүүчүлөр үчүн пайдалуу чыгаар. Анткен менен биздин миллиондогон атуулдардын жумуш ордун тартып алышууда. Ошол эле маалда бизде 4 миллион кишинин жумушу жок. Өлкөдөгү ырааттуулукту чек араны тартипке келтирүү менен ишке ашыруу абзел. Борбор Азиядан келген мигранттарга виза эрежесин киргизүү - эң туура кадам. Мен муну бир нече ирет сунуштагам, бүгүнкү күндө да бул сунушум мурдагыдан жүз эсе актуалдуу болуп турат”, - деп жазды Миронов.

Бул билдирүү Орусияда Борбор Азиядан барган эмгек мигранттарына текшерүү күчөп жатканы айтылган учурга туш келди.

Расмий маалыматтарга караганда, 14-августта Ички иштер министрлиги Москва шаарында жана Москва облусунда мигранттар үчүн мөөнөтсүз рейд баштаганы жатат.

Эгер эреже катаалдашып, текшерүү күчөсө, мыйзамсыз жүргөн көпчүлүк мигранттар үйүнө кайтууга аргасыз болушу мүмкүн. Адистер бул ансыз да кризиске баткан Кыргызстандын экономикасына оорчулук жаратышы ыктымал экенин айтышууда.

Бекзат акыркы төрт жылдан бери Москвада такси айдайт. Ал Москвада Борбор Азиядан барган эмгек мигранттарын текшерүү күчөп, майда эреже бузуулар үчүн да "кара тизмеге" каттап, мекенине депортациялоо иши көбөйгөнүн айтты.

"Өзгөрүү дароо эле байкалды. Акыркы учурдагы мушташтардын таасири тийдиби же башкабы билбейбиз. Кандай болсо да текшерүү күчөдү, жакында таксисттерди да текшерет дешти. Метрого кирип-чыкканда полиция текшерип жатат. Кармалгандардын маселеси бар болсо дароо депортация кылат экен. Баягы жаңжалда кармалгандарды да депортация кылат экен".

Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары Орусияда негизинен курулушта, тейлөө кызматтарында, коммуналдык жана чарба жумуштарында иштешет.

Орусиядагы дагы бир мекендешибиз Умарбек мигранттар депортация болуудан же "кара тизмеге" кирип калуудан коркуп жатканына токтолду.

"Майда-барат эреже бузуу үчүн катаал жаза берип коюшат. Курулуш жүрүп жаткан аймактарды полиция менен кошо Миграция кызматы чогуу текшерүүдө. Пандемияга байланыштуу документтерин ырастап албаган мигранттар көп да. Кээде мигранттар өздөрү да эреже сактабай, ичип алып мушташып, жергиликтүүлөргө да акарат келтирип жатпайбы. Өзүбүгө сак, так болушубуз керек эле".

8-августта Орусиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой мигранттардын маселеси боюнча атайын жыйын куруп, КМШ өлкөлөрүнүн элчилери менен да онлайн жолугушуу уюштурду.

14-августтан баштап эмгек мигранттарды текшерүү үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы менен Россгвардия мөөнөтсүз рейд уюштурган. Алар такси айдаган мигранттар милдетүү түрдө айдоочулардын бирдиктүү тутумуна катталышы зарыл экенин эскертүүдө.

Кыргызстан мигранттарды күтүүгө даярбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахап Нурбаев кокус Кыргызстанга мигранттар жапырт кайта турган болсо, өкмөт алапайын таппай калышы мүмкүн деген пикирде.

"Эми Орусияда кээде шериктеш өлкөлөргө басым жасоонун бир жолу катары ушундай билдирүүлөрдү жасап коюшат. Биз Бажы биримдигиндеги өлкө болгондон кийин виза киргизүүнү кантип түшүнсө болот? Ушундайда биздин өкмөт, Тышкы иштер министрлиги да аракет кылышы керек. Экономика каржалып турганда 100 миң мигрант эле кайтып келсе өкмөткө оор болот".

Ал эми эксперт Абдимитал Ахматжанов мигранттардын кайтып келиши криминогендик абады да курчутушу мүмкүн деген ойдо.

"Бир мигрант бир жылда орто эсеп менен үйүнө бери дегенде 4 миң АКШ долларын жөнөтөт. Ал жумушун жоготсо, үй-бүлөсү кирешесинен айрылат. Жумушсуздардын саны көбөйөт. Аны менен катар майда кылмыштар, уурулук күчөшү мүмкүн".

Орусиянын баш калаасы Москвада июль айынын башында кыргыз-тажик жарандары катышкан калайман мушташ болгон.

Андан кийин мигранттарды депортациялоо күчөп, бул маселе Жогорку Кеңеште козголуп, Тышкы иштер министрлиги, элчиликтин аракетин күчөтүү сунушталган.

Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуров өлкөнүн өз аймагында мыйзамдуулук менен тартип орнотуу аракетин саясатка айландырбаш керектигине токтолду:

"Ар бир өлкө өз аймагында мыйзамдуулук, ички коопсуздукту камсыздоо үчүн чара көрөт да. Аны саясат деп айтууга болбойт. Миграциялык саясаттын гана бир бөлүгү десе болот. Элчилик, диаспоралар, тиешелүү кызматтар өз милдетин аткарып жатат. Коомдук уюмдар да милдетин аткарып тиешелүү жолугушуулар, түшүндүрүү иш-чараларын алып барууда. Мындан өтө оор натыйжа болот деген туура эмес. Баары мыйзам чегинде болушу керек".

Расмий эсеп боюнча Орусияга Кыргызстандан 600 миңден ашуун эмгек мигранты барып иштеп жүрөт. Бейрасмий эсепте кыргыз мигранттарынын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG