Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

"Журналисттер карыганда өз ажалы менен каза болсо..."


Дмитрий Муратов.
Дмитрий Муратов.

Норвегия баш калаасы Ослодо Нобель сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Тынчтык сыйлыгы бул ирет орусиялык “Новая газета” басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратов менен филиппиндик журналист Мария Рессага ыйгарылды.

Нобель комитетинин билдирүүсүндө, журналисттер сыйлыкты “демократия менен тынчтыктын айныксыз шарты эсептелген пикирлердин эркиндигин коргоого жасаган аракеттери үчүн” алышты. Дмитрий Муратовдун сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүн толугу менен жарыялайбыз.

Өкүмзордук уусуна каршы дары. Муратовдун аземдеги сөзү

"Улуу урматтуулар! Кадырлуу өкүмдарлар, Нобель комитетинин мүчөлөрү, азиз меймандар!

8-октябрда таң эртең апам телефон чалат:

- Кандай жаңылыгың бар,- дейт.

- Билесизби, апа, Нобелдик сыйлык ыйгарылыптыр…

- Мунуң жакшы экен. Дагы кандай жаңылыгың бар?

- Азыр, апа, баарын сизге айтып берем...

"Жарандык жалпы эркиндиктер катарында ачык ишеним прогресстин негизин түзөрү мен үчүн айныксыз нерсе. Мен адамзат тагдырын калыптандырган жарандык жана саясий эркиндиктердин маанисин аныктоочу тезисти коргойм. Эл аралык ишеним, куралсыздандыруу жана коопсуздук - ачык коому, эркин маалыматы, ишеним менен айкындуулугу жок жерде болбостугун бөркүмдөй көрөм. Тынчтык, прогресс, адам укугу – ушул үч максат бекем чырмалып байланышкан".

Бул Жер планетасынын жараны, улуу ойчул, академик Андрей Сахаровдун Нобель сыйлыгын алууда сүйлөгөн сөзүнөн алынган үзүндү. Улуу сөздү мына ушул калаада бейшемби күнү 1975-жылдын 11-декабрында анын байбичеси Елена Боннер окуп берген.

Мен да жаамы дүйнөгө таанымал мына бул касиеттүү жерде Сахаровдун сөзү дагы бир ирет жаңырышын кааладым. Ушу азыр бизге мунун мааниси канчалык, мен үчүн кандай?

Дүйнөнүн демократиядан көңүлү калды. Дүйнө сөөлөттүү башкаруучуларды жактырбайт. Дүйнө диктатурага ыктоодо. Адам эркиндиги менен укугун сактабай, технология менен зордук-зомбулук аркылуу прогресске жетүүгө болот деген алдамчы ой пайда болду. Ушундай бир эркиндиги жок прогресс. Уйу жок эле шабыратып сүт саап алгандай…

Диктатура үстөмдүккө күч үрөбөй жетип алчу жолун таап алды. Биздин өлкөдө (жалгыз эле бизде эмес) өтүмдүү бир ой айтыла баштады: кандан корккон саясатчылар – жүүнү бош адамдар деген.

Дүйнөнү уруш аркылуу коркутуу – нака патриоттордун милдети. Бийлик уруш идеясын жанталашып алдыга жайып жатат. Өкмөттөр менен анын чачпагын көтөргөн үгүтчүлөр мамлекеттик телеканалдарда тынбай берилген согуш тууралуу уу-дуу кептердин толук жоопкерчилигин алышат.

Согуш тууралуу чогоол кеп-сөздөрдүн таасиринде калган адамдар канабайрам болушунан чочуркабай калышат.

Бирок мен башка телевизорлордон башка элди көрдүм. Чынчыл жана каарман адамдарды.

Чечен канабайрамында бир вокзалда темир жолдо беш муздаткыч-вагондордун тизилип турганын көргөм. Алардын жанында күн-түн кайтарган жоокерлер турчу. Бул Коргоо министрлигинин 124-лабораториясынын өлүкканасы болчу.

Рефрижераторлордо кимдиги аныкталбаган жоокерлер менен офицерлердин сөөгү сакталчу. Ок талкалап кеткен же кыйноодон кийин сөөктөрдүн көбүнүн жүзү таанылбай калган. Лабораториянын начальниги биринчи рангадагы капитан Щербаков дайынсыз жоокерлердин бирөө да болбошу үчүн колунан келген да, келбеген да аракеттерди жасады. Темир жолдун жанындагы кичинекей үйдө телевизор турчу. Күтүү залдарында коюлган орундуктарда дайынсыз жок болгон жоокерлердин ата-энеси отурчу. Видеокамераны жай жылдырган оператор экранга курман болгон жоокерлердин жасатын көрсөтчү. Биринен кийин экинчисин. 458 ирет кайталачу. Ушунча жоокердин сөөгү “Согуш – Өлүм” каттамына келип токтогон акыркы поюздун вагондорунда 15 градус суукта кайтпас сапарга кеткен кайрандар жатышчу.

Чеченстандын бийик тоолору мисирейген капчыгайларынан айлап дайынсыз балдарын издеген энелер экрандан көрүнгөн уулунун өңүң көрүп: “Ал мындай эмес! Ал мындай эмес болчу” деп кыйкырышчу. Таанылгыс жоокер уулу болчу...

Азыркы идеологдор Мекен үчүн жан берүү идеясын алдыга жайып, Мекен үчүн жашоону оозуна алышпайт. Алардын телевизордогу алдамчылыгына ишенбейбиз, эми алданбайбыз.

Аралаш аскердик уруштар, "Боинг МН-17" каттамына байланышкан муун-жүндү титиретчү кайгылуу, кылмыштуу окуя - Орусия менен Украинанын мамилесин үздү, кийинки муун тууган элдин карым-катышын калыбына келтире аларын же албасын билбейм... Анын үстүнө акылы айныган геосаясатчылардын мээсинде Орусия менен Украина ортосунда болор уруш анчалык деле адаттан тыш окуя катары сезилбей калды.

А бирок согуш шейит кеткен жоокерлердин сөөгүн таануу, туткундарды алмаштыруу менен аяктарын мен жакшы билем. Чечен урушунда "Новая газета" менен басылманын баяндамачысы майор Измайлов туткундан 174 адамды бошоткон. Азыр деле ушул абалымда тирүү калган туткундарды үйлөрүнө кайтарууга кандайдыр бир жардам керек болсо - айткыла. Мен даярмын!

Так ушул жерден 1990-жылы тынчтык сыйлыгын алган дагы бир кишини эскергим келди.

Москва. Кремль. 1988-жылдын 18-апрели. Саясий бюронун кезектеги отуруму өтүүдө. Советтик министрлердин бири аскерлерди Ооганстанда калтырууну сунуш кылганда анын сөзүн бүтүртпөй Михаил Горбачев кагып салды: "Өй, былжыр сөзүңдү токтоткун!".

"Былжыр сөзүңдү токтоткун!"

Канмайдандын “кара кагазы” жок жай турмушту каалаган саясатчылар менен журналисттер үчүн мындан артык программа жоктур?

А бирок так Европанын борборунда Украинанын чыгышында төгүлгөн кан аз келгенсип, Беларустун президенти Лукашенконун опуртал оюну кошулду. Анын аскерлери автоматтарын сороктотуп Жакынкы Чыгыштан кара башын калкалап качып чыккандарды Евробиримдик чек арасын кайтарган аскерлердин алдына айдап келип ийрилтип тизип салды. Тараптар бирин-бири айыптап, тирешип, айласы куруган качкындар кайда барарын билбей эки чоктун ортосунда турушат.

Биз – журналисттербиз, аткара турган ишибиз белгилүү: фактты калптан ажыратуу. Журналисттердин жаңы мууну-чыныгы кесипкөйлөр маалымат базасы, ополтоо маалыматтар менен иштөөнү мыкты билишет. Биз да изилдеп көрдүк, биз да таптык, айласыз качкындарды жаңжалдын так ортосуна кимдердин учактары алып келерин аныктадык. Жалаң гана фактылар.

Беларустун учактары Жакынкы Чыгыштан Минскиге каттамдарын быйыл күздө төрт эсеге көбөйтүптүр. 2020-жылдын август – ноябрында алты каттам, быйыл ошол эле мезгилде 27 каттам ишке ашырылыптыр. Быйыл белорус компаниясы чек араны бузуп өтүүгө 4,5 миң кишини алып келиптир, өткөн жылы 600 киши келген. Аны менен эле тим болбой ошол эле авиакомпания 6000 качкынды Ирактан алып келген.

Куралдуу чагымчылдык менен жаңжалдар ушинтип уюштурулат. Биз, журналисттер, бул иштердин кандай уюштурулганын аныктап, жасай турган иштерибизди жасадык. Мындан аркы иштер саясатчылардын колунда.

Эки тенденциянын тиреши

Эл мамлекет үчүнбү же мамлекет эл үчүнбү? Азыркы учурдун негизги тиреши ушул маселеге такалып турат. Муну Сталин массалык кыргын-сүргүн аркылуу чечкен.

Түрмөлөрдө тергөөчүлөр адам чыдагыс азаптарды ал жерде жаткандарга көрсөтүү практикасы азыркы Орусияда деле жоюла элек. Камактагыларга катаал мамиле, зордуктоо, жата турган жериндеги адам чыдагыс шарттар, жолугушууга тыюу салуу, туулган күнүндө апасына телефон чалдырбай коюу, камакта кармоо мөөнөтүн уламдан-улам узарта берүү. Сотко чейин эле айыкпас ооруга чалдыккан адамдарды темир тор артына отургузуп коюшат, оорулуу балдарын жалдыратып үйүндө калтыргандар, мунун баарын тергөөчүлөр эч кандай далили жок айыптарды моюнга алдырыш үчүн жасашат.

Ойдон табылган айыптоолор менен кылмыш ишин козгоо бизде негизинен саясий өң-түс алып кетет. Оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды Франциядагы ири парфюмердик компаниянын орусиялык директорунун чагымы менен отургузуп коюшкан. Арызды директор жазган, бирок аны сотко чакырышкан жок, ал өзүн жапа чеккен адам катары эсептебейт... Навальный болсо түрмөдө отурат. Парфюмердик компания бул иштен өзүн оолак кармоодо, кыязы, ал чыгарган өтүмдүү продукцияга бул иштин кыйгыл жыты тийип калбасын деп чочулайт окшойт.

Камакта отургандар менен кармалгандарды кыйноого алышары тууралуу көп эле угабыз. Өкүмдүн чегинен чыккан катаал жазаны мойнуна илиш үчүн, адамдарды биротоло сындырыш үчүн аёосуз кыйнашат. Жапайычылыктын өзү ушул.

Кыйноолорго каршы эл аралык трибуналды уюштуруу демилгесин көтөрүп жатам, анын милдети көпчүлүк жерлер менен мамлекеттерде кыйноолордун колдонулушу тууралуу маалыматтарды чогултуу. Ушундай кылмыштарды жасаган желдеттер менен кожоюндарды аныктоо зарыл.

Албетте, бул ишке биринчи көмөкчүлөр дүйнөнүн туш тарабындагы иликтөөчү журналисттер болот деп ишенем.

Кыйноолор гумандуулукка каршы турган эң оор кылмыш катары бааланышы керек. Айтса, "Новая газета" кагаз бетинде да чыгууда. Түрмөдө жаткандар да окусун деп ушинтип чыгарып жатабыз: ал жерде интернет жок.

Орусияда ушу тапта эки тенденциянын тиреши жүрүүдө.

Бир жагынан Орусиянын президенти академик Сахаровдун 100 жылдыгына карата эстелигин коюуга көмөк көрсөтүүдө.

Экинчи жагынан биздин өлкөдө Башкы прокуратура "Мемориал" коомун жоюуну талап кылууда. "Мемориал" сталиндик репрессия курмандыктарын айыптан арылтуу иштери менен алектенет. Аларды прокурорлор “адам укугун бузуу” боюнча күнөөлөп келишет.

Эсиңиздерге сала кетейин, "Мемориалды" Сахаров түзгөн. Мүмкүн, маркум Сахаровдун эстелигин орнотуу анын иштеп аткан жандуу долбооруна караганда коопсузбу, деген ой кетет экен.

"Мемориал" – "эл душманы" эмес. "Мемориал" – эл досу!

Журналистика оор учурду башынан кечирүүдө

Албетте, биз бул сыйлык чыныгы кесипкөй журналисттердин жамаатына берилип жатканын түшүнүп турабыз.

Менин кесиптештерим баарын кайсап кетчү технологиянын чоо-жайын иликтеп бюджетке уурдалган миллиарддаган рублдерди кайтарып берди, офшорлорду ачышты, Сибир токоюндагы дарактарды кыюуну токтотушту. Анын натыйжасында мамлекет "Новая газета", "Эхо Москвы", "Дождь" сындуу маалымат булактарынын аракетин колдоого алды, башка кесиптештеримдин сейрек кездешчү дартка чалдыккан балдарды дарылоого керектүү дүйнөдөгү кымбат баа дарыларды сатып берүүгө жардам кылды.

Айтса, орфан ооруларынан (алардын арасында бел омурткасы жарабай калган (СМА) жабыркаган балдар менен жаштар, улуулардын тагдыры колунда турган фарминдустриянын өкүлдөрү биз менен тегерек үстөл жыйынына катышып берет деп үмүттөнүп отурам. Мүмкүн алар жетиштүү дарылар менен эртелеп диагностика коюу-скрининге каражат бөлүп ийишер? Мүмкүн, бай дүйнө азырынча жарыкчылыктан кол үзө элек он миңдеген балдар менен кыздарды дарылоого акча таап калар?

Биз бул сыйлыктын акчасын оорулуу адамдарга жардам көрсөтүү жана көз карандысыз журналистиканы колдоого жумшайбыз.

Анткен менен ушу тапта Орусия журналистикасы оор учурду башынан кечирүүдө. Соңку айларда жүздөн ашуун журналисттер менен медиа өкүлдөрү, укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдар “чет элдик агенттер” деген статусту алышты. Орусияда бул деген "эл душмандары". Биздин көп кесиптештерибиз ишсиз отурушат. Кимдир бирөөлөр өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болууда.

Белгисиз мөөнөткө адамды көнүмүш турмушунан ажыратышууда. Мүмкүн түбөлүккө… Андайлар биздин тарыхыбызда болуп келген.

Эмдиги жылы 29-сентябрда Санкт-Петербургдан Алманиянын Штеттен портуна “философиялык кеменин” кеткенине 100 жыл толот – кезектеги каттамга большевиктер Орусиянын 300гө жакын интеллектуалдык элитанын каймагын отургузуп чет өлкөгө айдап жиберген. Oberburgermaister Haken кемесинде жеринен куулгандар арасында тик учактардын болочок ойлоп табуучусу Сикорский, телекөрсөтүүнүн түзүүчүсү Зворыкин, философтор Франк, Ильин, Питирим Сорокин болгон. Алардын арасында залкар ойчул Николай Бердяев да бар эле. Башкалардай эле ага эки күрмө, эки көйнөк, кош байпак анан кышкы пальтосун алышка уруксат беришкен. Атамекен атын чыгарчу улуу балдары менен ушинтип коштошкон: буюм-тайымыңарды бул жерге калтыргыла, мээңер өзүңөрдө калат.

Журналисттер менен укук коргоочуларга карата ушу азыр деле ошол жагдай кайталанууда. Бул кезде "философиялык кеменин" ордуна "журналисттер учагы” абага көтөрүлүүдө. Ушундай метафора, айла жок, биздин кесиптин ондогон мыктылары Орусияны таштап кетүүдө. Айрымдарына андай мүмкүндүктүн деле кереги жок.

Орхан Жамал, Кирилл Радченко, Александр Расторгуевди, орусиялык журналисттерди Борбордук Африка Республикасында эч аёосуз атып салышты. Алар алыскы жерге кайсы бир орусиялык жеке аскердик компаниянын иш-аракетин иликтөөгө барышкан болчу. Орхандын жесири Ира Гордиенко биздин "Новая газетада" иштейт. 2018-жылдын 30-июнунда алардын көзүн тазалагандан бери Ира расмий тергөөнүн калптарын ачуу менен алек. Сиздерге бир учурун гана айта кетейин: өлтүрүлгөндөрдүн кийимдери – баалуу буюм далилдерин Борбордук Африка Республикасынын полиция кызматы өрттөп салган. Орусиялык тергөөчүлөр эч кандай жыйынтыкка жете алышпады. Эл аралык тергөө да майнапсыз аяктады. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш иликтөөнү жүргүзүүгө көмөктөшө тургандыгын убада кылган. Мүмкүн, анысын унутуп деле калса керек. Азыр эсине салып отурам.

Албетте, менден адаттагыдай эле кесиптештериңиз ал жакка эмне үчүн барышты эле, деп сурашы мүмкүн. Күбө өтүшкө, далилдеп бериш үчүн, өз көзү менен көрүш үчүн барышкан. Аскердик улуу сүрөтчү Роберт Капа айтмакчы: "Эгер сага мынабул сүрөт жакпай калса, демек сен ал жерге жакын турган эмессиң".

"Коркунучтуу эмеспи?" деген суроону кесиптештериме аябай көп беришет. Бул алардын аткарар иши. Өкмөт дайым өткөндү жакшыртуунун камын көрсө, журналисттер болочокту жакшы көрсөтүүгө умтулушат.

Мынабул сыйлык – бардык чыныгы журналистикага. Бул сыйлык менин “Новая газетада” чогуу иштеп, киши колдуу болгон кесиптештерим Игорь Домников, Юрий Щекочихин, Анна Политковская, Анастасия Бабурова, Стас Маркелов, Наташа Эстемировага берилген сыйлык. Бул сыйлык тирүү кесиптештериме, кесиптик милдетин мыкты аткарып жаткан жамаатка.

Сыйлык тууралуу жарыя чыгарга бир күн калганда биз Анна Политковская курман болгондон бери 15 жыл өткөнүн белгиледик. Өлтүргөндөр өз жазасын алышты, бирок бул кылмышты ким уюштурганы табылган жок, кылмышты иликтөөнүн мөөнөтү өтүп кетиптир. Расмий билдире кетейин: "Новая газетанын” редакциясы мөөнөтү өтүп кетти дегенди тааныбайт.

Орус жана англис, башка тилдерде көп колдонулчу учкул сөз бар: "Ит үрө берет, кербен кете берет" – The dog bark’s, but the caravan goes on. Аны мындайча түшүндүрүшөт: кербендин жолуна тоскоолдук кылчу эч ким жок. Кээде ушинтип журналисттер тууралуу ачуу сөзүн агытып жиберет. Алар үрө берет, эч нерсе кыла алышпайт дешет.

Жакында мен ушул учкул сөздүн кайчылаш маанисин уктум. Кербен иттер үргөнү үчүн алдыга желип-жортуп жол улашат. Тоолор менен чөлдөрдө гана жырткычтарга ырылдап кол салышат. Алар кербендерди коштогондо гана алдыга жылуу болот. Туура, биз ырылдайбыз, тиштейбиз. Биздин тиштеп иерибиз, баса калмайыбыз бар.

А бирок биз – кыймылга шарт түзөбүз. Биз – өкүмзорлук уусуна каршы дарыбыз.

Мүнөттү үнөмдөйүн дегем. Баарыбыз туруп Мария Ресса экөөбүздүн ушул өнөр деп өмүрүнөн ажыраган репортёр-кесиптештерибизди эскерип, куугунтукка кабылгандарды колдоп коёлу. Журналисттер карыганда, өз ажалы менен каза болушун каалайт элем.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG