Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:04

"Украинада жеңишке жетүү кыйын, согушту токтотуу андан кыйын"


Орусия президенти Владимир Путин Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов жана коргоо министри Сергей Шойгу менен.
Орусия президенти Владимир Путин Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов жана коргоо министри Сергей Шойгу менен.

Лоуренс Фридман өмүрүнүн көп жылдарын согуш жана дипломатия маселелерин изилдөөгө арнаган. Британиялык тарыхчы эл аралык мамилелер, тышкы саясат жана стратегия боюнча адистешкен.

Кансыз согуш, өзөктүк курал менен токтотуу жана аскердик иш-чаралар боюнча илимий эмгектердин автору. 2019-жылы Oxford University Press жарыкка чыгарган “Украина жана стратегия өнөрү” китебинде “Орусия-Украина жаңжалынын келип чыгышы жана жүрүшүн стратегия өңүтүнөн” талдаган.

Азыркы коргонуу жана тышкы саясат боюнча көп жазган эксперт катары ал Ирак согушундагы Британиянын ролун иликтеген Чилкот тергөө комиссиясынын мүчөсү болгон.

Фридман “Азаттыктын” грузин кызматынын кабарчысы Важа Тавберидзе менен маек куруп, Украинада согуштун пайдасыздыгы, эки тараптын кимиси болсо да толук жеңишке жетиши канчалык ыктымал экени жана эмне үчүн Путинди өзөктүк курал колдонбойт деп ойлогону жөнүндө айтып берди.

“Азаттык”: Стратегия тууралуу жазган китептериңизде согуш өтө сейрек учурларда гана пландуу жүргүзүлөт, дегеле согуштун планы болбойт деген ойду көп кайталапсыз. Ойлонулбай башталган согуштун кесепети өтө чоң болот депсиз. Украинадагы согуш да ушул ойдун чындыгын далилдеп жатабы? Андай болсо, Орусиянын катачылыгы эмнеде?

Лоуренс Фридман: Бир жагынан алганда, бул өтө эле оор мисал. [Айрымдарыбыз] Орусиянын согушту баштарына ишенген жокпуз. Мен окуянын ушундай нукка бурулуп кетүү ыктымалдыгын эч качан жокко чыгарган эмесмин – мындай болбойт деп эч качан кесе айтпаш керек. Бирок буга ишенбей коюуга Орусиянын жеңишке жетишин элестүү кыйындыгы себеп болду. Башкасын айтпаганда деле, Украинанын аймагы канча экенин, калкынын, аскерлеринин санын, козголоң жана каршылыкты басуу үчүн колдонула турган киши күчүн эле эске алуу керек эле.

[Орусиянын Украинадагы] баштапкы аскердик аракеттери деле ийгиликтүү болгон жок. Демек, бул 2003-жылкы Ирактагы согушка караганда [плансыз жүргүзүлгөн согуштун] кыйла таасын мисалы. Иракта 2003-жылы адегенде согуш план боюнча эле жүргөн, бирок балээнин баары кийин келип чыкты. Ал эми бул согушта алар “кийинкисине” да жете элек. [Мерчемделгендей] бир нече күн ичинде Киевге басып кирип, кол бала өкмөт [орнотуу] ордуна, Украинаны кыйратып, Орусиянын он жыл бою камдаган аскердик кубатын алсыраткан кандуу согуш уланып кетти. Он миңдеген адамдар, балким 100 миңден ашуун адам набыт болду. Эч кандай майнап чыккан жок. Орустар баштапкы мезгилде гана анча-мынча ийгиликке жетти. Бирок басып алган аймактарынын кыйласын кайра таштап кетүүгө аргасыз болушту. Бир катар башка аймактардан куулуп чыгышты.

Орусиянын согуштагы ийгиликтерине көз чаптырсак, анда Донецк облусундагы Соледар шаарчасын жана жакында Бахмут шаарын басып алгандыгын эске алганда деле, анча олуттуу жылыш болбой жатканын көрөбүз. Анын үстүнө басып алынган шаарлар жана кыштактар чабуул убагында эле жок кылынган. Ошентип, бул жерде алар чоң олжого ээ болгон жок. Жалпысынан, бул эч пайдасыз согуш.

“Азаттык”: Ирак жөнүндө сөз болгондо, Улуу Британиянын Ирак согушунда алган сабагы жөнүндө сиз “мындан ары антпей жүргүлө” деп кыска-нуска кеңеш бериптирсиз. Сиздин оюңзча, орустар ушул жөнөкөй сабакты кайсы бир кезде болсо да өздөштүрө алабы?

Лоуренс Фридман: Менин оюмча, азыркы учурда иш оңунан чыкпай жатканын, [Орусиянын] максаттарынын бири да ишке ашпай калганын, мунун айынан өлкө бир нече жыл артка кеткенин жакшы түшүнгөн орустар көп. Былтыр энергия булактарынын баасына байланыштуу экономикасы жакшы болду, бирок баалар төмөндөп, базардан кол жуушту. Орусияга инвестиция келбей калды.

Азыр Орусиянын экономикасы төмөндөп жатат. Муну көптөгөн орустар жакшы билет. Бирок ички биримдик да бекемделип жаткандай. "Чыккынчы" деп айыпталуудан коркуп, көп адамдар ойлорун ачык айта албайт. Ошондуктан көптөгөн орустар нааразы деп ойлойм. Менимче, [Орусиянын президенти Владимир] Путин көздөгөн максатына жетпей туруп муну кандайча аягына чыгарары белгисиз.

“Азаттык”: Ал буга чекит коё алабы?

Лоуренс Фридман: Менин оюмча, өтө кыйналат, анткени согуш бүткөндөн кийин азабын тартат. Бул согуштун баасын жетишилген нерселер менен салыштыруу керек. Менимче, бул азыркы учурдагы стратегияга таасирин тийгизет... Алар Бахмутка ушунчалык мыкаачылык менен чабуул жасашты, мунун себеби алардын дагы деле кандайдыр бир идеясы бар экендигинде деп ойлойм: эгерде алар Донецкини толугу менен басып алып, Луганск аймагын колдон чыгарбай турса, анда ошол максатка жетишилген болот.

“Азаттык”: Алар муну элге жеңиш деп жарыялашы мүмкүнбү?

Лоуренс Фридман: Балким, ошентет. Бирок украиналыктар атышууну токтотууга гана макул болушу мүмкүн. Алар эгемендиктен кол жуугудай болсо, [атышууну токтотууга] эч качан көнбөйт. Ошентип, иш жүзүндө мындан майнап чыкпайт. Б.а. кайрадан эле баштапкы туруксуз абал түзүлөт. Бирок Украинага башкача мамиле кылган башка орус өкмөтү келмейинче жагдай ушул бойдон кала берет.

Ошентип, согуштардын негизги сабагы – аларды баштоо оңой, жыйынтыктоо кыйын. Бул согуш чындыгында 2014-жылы башталганын эстен чыгарбоо керек. Ырас, аны токтотууга жетишилген эле, бирок эми кайрадан дагы токтотуу мүмкүнбү деген суроонун жообу табылбай кала берүүдө. [Чыр-чатак] басылган жок, кан төгүлдү, бирок келечекте согуш токтойбу же жокпу – белгисиз. [Чыр-чатактын убактылуу токтотулушу] да мунун бир жолу болушу мүмкүн.

Азыркы учурда согуш кылмыштары менен дооматтарга байланыштуу толук кандуу тынчтык келишимине кол коюу дээрлик мүмкүн эмес деп эсептейм. Бул согушту токтотуу үчүн Москвада башка бир өкмөт болушу керек же Путин кандайдыр бир жол менен ордунан кетиши керек. Азыркы учурда мындай мүмкүнчүлүктүн эч кандай жышааны жок. Бирок ушундай болушу мүмкүн. Анткени Москвада эмне болуп жатканын эч ким билбейт.

“Азаттык”: Макулдашып, ок атууну токтотуу кайсы бир тараптын толук жеңишине караганда көбүрөөк мүмкүнбү?

Лоуренс Фридман: Орусия толук жеңишке жетиши күмөн, анткени Украинаны кантип өзүнө баш ийдирерине көзүм жетпейт. Демек, ал жеңишке башкача аныктама бериши мүмкүн.

“Азаттык”: Орусияны толук жеңип чыгуу мүмкүнбү?

Лоуренс Фридман: Эгер Украина орус аскерлерин өз аймагынан кууп чыга алса, анда бул Орусия үчүн жеңилүү болмок. Бул таптакыр мүмкүн эмес дебейм, бирок, менимче, азыркы кезде өтө кыйын. Бул мүмкүн эмес дебейм. Крымдан кол жууп калуу Путин үчүн чоң жеңилиш болот деп ойлойм. Орус тилдүү калайыкка кепилдик берүү ж.б. маселелер чечилсе, Орусиянын аскерлери 2014- же 1991-жылдардагы чек арага чегиниши мүмкүн. Чындыгында, мурдатан эле анклав болуп келген жерлерди сактап калуунун кажети болбой калган убакыт келет деп ойлойм.

Эгерде мен украиналык генерал болсом, орустарды улам бир укум жерден сүрүп чыгууга туура келет деп санаага батмакмын. Менин оюмча, кайсы бир учурда орус аскерлерин калыбына келтирүү зарыл болорун жана [аймактын] майда келкилерин колдон чыгарбай туруунун кажети жоктугун (эгерде ушуну эле көздөгөн болсо) эске алганда, [орус күчтөрү] тыныгуу үчүн болсо да салгылашууну токтотот деп ойлойм...

Жалпысынан, украиналыктардын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү орустардыкына караганда көбүрөөк. Менимче, орусиялыктардын баштапкы максаттарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү калган жок. Бирок алар [максатын] өзгөртүшү мүмкүн. Украиналыктардын жеңип чыгышы да өтө кыйын. Ошондуктан согуштун кандай аяктаары бүдөмүк. Башаламан кырдаал дагы бир нече убакытка созулат.

“Азаттык”: Украина жарым-жартылай жеңишке жетиши мүмкүнбү? Ошондо кандай болот?

Лоуренс Фридман: Эгер [Украинанын президенти Владимир] Зеленскийдин согуш башталганда айткан сөздөрүн эстесек, алар 23-февралдагы [чек араларга] кайткан шартта элдешүү мүмкүн деп ойлойм. (Орусиянын Украинага жапырт бастырып кириши 24-февралда башталган. – ред. ) Балким, алар буга макул болмок эмес, бирок Зеленский жарандыкка байланыштуу айрым көйгөйлөрдү биргелешип чечүү жөнүндө ойлонгону анык. Менин оюмча, алар жагдайды ушундайча жөнгө салса болмок.

Кийин кырдаал бир топ татаалдашты. Анан сентябрга жакын украиналыктар ийгиликке шыктанып калды, анткени алар чабуулга өткөндөй сезилди, [бирок] ошондон кийин Орусияда мобилизация башталды. Ошентип, жагдай оорлошуп кетти, анткени айтылган сандардын өзү эле чоң мааниге ээ. Мен күткөндөн да чоң болду. Бирок болору болду. Дегеле орусиялыктар азыр кыйла жакшы уюшкан. Алар мобилизацияны жөнгө салууга үлгүрүштү, аскерди да кантип бекемдөө керектигин аныкташты; жалпы формасы жакшырды. Аба ырайы [украин аскерлери үчүн] жакшы болгон жок. Ошентип, эки тарап тең жаңы чабуулга камданууда….

Азыр, менимче, орустар аскердин саны мурдагыдан көп дешет, бирок техникасы аз, анткени алар көп жоготууга учурады, жабдуулары да кыйла начар. Ошондуктан кара күчкө таянып, оор жоготуулар менен болсо да бузуп өтүүгө умтулат. Украиналыктар ийкемдүү, ыкчам чабуул жасамакчы. Бирок, өзүңүз көргөндөй, душмандын катарынан накта бошоң жерин таппасаңыз, бул согуш майданында эпчилдик кылуу оңой эмес. Ошентип, келерки эки айда эмне болорун көрө жатабыз деп ойлойм. Жагдайдын кандай өзгөрө турганын көрсөк, эки тараптын тең канчалык бекем экенин жакшыраак билебиз.

“Азаттык”: Орусиянын [аскерий] жетекчилигинде кандай өзгөрүүлөр болду? Генерал Валерий Герасимов Украинадагы аскердик операциянын башчысы болуп дайындалып, Путинден Донбассты март айына чейин басып алуу жөнүндө так буйрук алган болчу. Бул “Киевди үч күн ичинде алуу” деп аталган китептин эле дагы бир бети эмеспи?

Лоуренс Фридман: Эгер Путин ушуну кааласа, анда Донбассты алуу жөнүндөгү буйрукка генерал макул болот деп катуу ишенип алган болушу мүмкүн. Бирок азырынча бул жөн гана сөз, мен да көрдүм го. [Герасимов] муну ишке ашырышы өтө кыйын болот. Ооба, алар Бахмутту алып коюшу мүмкүн. Бирок мунун чыгымы канчалык болот! Бул өтө оор салгылашууда украиналыктар баатырларча каршылык көрсөтүп жатат.

[Мисалы], эгерде сиз кийинки чабуулдарда өтө эле көп эң мыкты аскерлериңизден айрылып кала турган болсоңуз, анда канчалык жоготууга макул экениңизди ар дайым ойлоно жүрүшүңүз керек. Менин оюмча, соңку тирешүүнүн алдында орустар коргонуусун чыңдап алышты – алардын коргонуу тилкелери жакшыртылды.

Ошондой эле чабуулду жалгыз улантып жаткан “Вагнер” МАК [менчик аскер компаниясы] да бар. Менимче, Путин коргонуу эле жетишсиз деп билет, ал чабуулга өткүсү келет. Албетте, Украина дагы ошондой ойдо.

Менин оюмча, кийинки жумаларда Орусиянын чабуулу... аябай кыйын болот. Украиналыктар орус аскерлеринин санын жана кийинки мобилизациянын масштабын талкуулап жатат, анткени алар Батыштан [курал-жарактардын] келишин каалашат, албетте... Менин оюмча, Орусия катуу коргонууга камданган. Анын [кол салуу] менен украиналыктарды [жеңип алууга] күчү жетпейт... Эгерде мен украин болсом, анда орустардын келишин күтмөкмүн, анткени озунуп чыкпай эле аларды келген кезде жеңүү оңой болот.

“Азаттык”: Канчалык жагымсыз болсо да, сизден бул жагдайга орустардын, Герасимовдун көзү менен карап, мында стратегиялык мүмкүнчүлүк канчалык экенин баалап көрүүнү өтүнөм.

Лоуренс Фридман: Менин оюмча, мунун көбү орустар үчүн мааниге ээ эмес. Мен эч качан минтмек эмесмин. Анткени бирөөнүн аймагын басып алуу өтө кыйын. Азыр Донбасстын буга чейин көп күч жумшап басып алынган айрым жерлери бар. Ооба, балким, алар ошол жерлерге ээлик кылып тургандыр. Мариуполго үстөмдүк кылышы мүмкүн (май айында орус аскерлери Азов деңизинин портун басып алган эле. – ред.). Бирок бул оңой эмес – ар дайым астыртан каршылык ж.б. маселелер болот. Батыштагылар жакшы билгендей, калк сени жактырбаса башкаруу өтө кыйын.

Орусия үчүн жагдай жакшырат деп ойлобойм. Бир аз убакыт Кремлди канааттандыргыдай иштер болушу мүмкүн. Жогоруда айтканымдай, орустардын аймакты колдон чыгарбай турушу, Херсон жана Запорожье облустарын [түштүктө] ж.б. толугу менен басып алышы өтө кыйын болот. Ашып барса Донбассты гана ээлеп калышат, бирок Донецк [облусун] көзөмөлдөй алышпайт…

Аскердик жактан алардын колунан ушулар гана келет. Бирок Путин Украинаны заманбап өлкө катары кыйратып салууну абдан каалайт го деген жагымсыз сезим бар. Өч алуу жагы да бар, анткени алар баш ийип бергиси келбейт.

Аскердик жактан алганда, [Орусиянын] мүмкүнчүлүгү чектелген, бирок баары бир аракет кылып көрүшү мүмкүн. Украина шашпаганы оң деп эсептейм. Алардын ири чабуул жасоого мүмкүнчүлүгү чоң эмес, бирок Орусиянын деле кайрадан чоӊ чабуулга өтүшү кыйын... Ошондуктан жакын арадагы чоң кадамдар өтө маанилүү…

Менимче, эгер токтотуп калууга күчү жетсе, украиналыктар үчүн орустардын алга жулунуп жатып катарын ачып алышы оңтойлуу болот. Бул дээрлик 1918-жылы Германиянын ири чабуулу оңунан чыкпай калып, анан союздаштары кайтып келгендеги кырдаалга окшош. Ошондуктан мен Путиндин шашмалыгы Орусиянын кол башчыларын түйшөлтөт деп ойлойм.

Герасимов дайым үзөңгүлөш жүргөн, анын тажрыйбасы жетиштүү... Ал Путиндин каалоосун орундатууга умтулат. Путиндин учурдагы каалаганы – чабуулга өтүү. Алар бирдемеге камданып жатканы бышык. Бирок бул кандай кадам болорун айтуу кыйын.

“Азаттык”: Алар даярданып, күч-кубатын эки эсе көбөйтүп жатат. Батыш дагы көмөгүн эки эселеп бериши мүмкүнбү?

Лоуренс Фридман: Батыштын колун байлаган эки жагдай бар. Тагыраагы, үчөө. Алардын бири экономикалык мүнөзгө ээ. Бул жерде [Батыш] чоӊ соккуга туруштук берди... Демек, Путиндин энергетикалык каатчылыкка байланыштуу күтүүсү акталды: быйыл айрыкча Европа үчүн экономикалык жана саясий туруксуздашуу жылы болду. Бирок ал муну жөнгө салууга жетишип жаткансыйт. Балким, алдыда дагы көп көйгөйлөр бар, [бирок] Путин күткөнчөлүк эмес.

Экинчиден, Орусиянын өтө катуу кетиши да кооптуу. Бул саясий маселелерди Вашингтондо жана Берлинде болуп өткөн талаш-тартыштарда ар түрдүүчө сөз кылып жатышат. Берлиндеги талаш-тартыштарды кээде түшүнүү кыйын: танктардын түрлөрүн айырмалоо сыяктуу майда нерселер сөз кылынууда. Америкадагы талаш-тартыштар түшүнүктүү: эгер чын эле украиналыктардын Орусиянын аймагына тынымсыз чабуул жасашына жол берилсе, бул согуштун кеңири жайылып кетишине себеп болушу мүмкүн.

Үчүнчүсү менимче, эң олуттуу чектөө да бар. [Бул] украиналыктар колдоно турган буюм-тайым, логистика, техникалык тейлөө жана нерселерди алуунун иш жүзүндө канчалык пайдалуу болушу. Менин оюмча, бул жаатташтык эмес, кедергиси тийе турган жагдай. Саясий жаатташтык бар деп эсептейм: “Зеленский, сиз сүйлөшүүгө барышыңыз керек” деген сөздү уга элекпиз... Эгер Путин мунаса үчүн бир нерсени ойлоп тапса, анда бул кырдаалдан чыгуунун жолу болушу мүмкүн. Ошондо олуттуу мамиле жасашы үчүн Зеленскийге кысым көргөзүлүшү мүмкүн. Бирок ал [Путин] анткен жок. Менин оюмча, [Франциянын президенти Эммануэл] Макрон жана [Германиянын канцлери Олаф] Шольц, ошондой эле [Британиянын премьер-министри Риши] Сунак жана [АКШнын Президенти] Байден да мунун баарын түшүнөт.

Ошондуктан мен жаатташтыкты негизги көйгөй деп ойлобойм. Маселе өндүрүштүк кубаттуулукта. Алар бул жагынан көп күч-аракет жумшашы керек. Көңүл калтырган жагдайлардын бири – өндүрүштү тездетүү үчүн азыркы кезге чейин күч-аракет жумшалбай келгендиги. Бул деле болуп жатат, бирок убакыт тар.

“Азаттык”: Батыштын чыныгы аскердик максаттары кайсылар? Алар Украинанын мүдөөсүнө шайкеш келеби?

Лоуренс Фридман: Согуштун максаттарын кандайдыр бир мааниде согушкан адамдар аныктайт деп ар дайым ишенип келишкен. Согушкан жактардын бири – Украина. Менин оюмча, азыркы учурда эң коркунучтуу идеялардын бири – бул кыйыр согуш, анда украиналыктар америкалыктар үчүн салгылашып жатат деген ой.

“Азаттык”: Акыркы украин калганга чейин…

Лоуренс Фридман: Мен мындай талдоону жагымсыз деп билем. Бул талдоо көбүнчө Батыштын максаты Орусиянын бөлүнүп-жарылышына өбөлгө түзүү деген сөз менен коштолууда. Бирок, менимче, Батыштын максаты бул эмес. Бул Европанын туруктуулугун же ушул сыяктуу нерселерди камсыздайт деп катуу ишенген адам жок деп ойлойм. Айрым адамдар буга ишениши мүмкүн, бирок бул Батыш өкмөттөрүнүн расмий көз карашы эмес.

Менин оюмча, алар Москвада белгилүү бир легитимдүүлүккө ээ болгон, коңшулары жана дүйнө жүзү менен иш алып барууга жарагыдай олуттуу өкмөттүн болушун каалашат. Бирок буга дагы көп бар. Батыштын Орусияга байланыштуу максат коюшунун эч кандай кажети жок, анткени бул Орусиянын ичиндеги көптөгөн факторлорго көз каранды. Согуш үчүн бул негиз эмес. Батыштын көздөгөнү – Украинанын көз карандысыздыгы менен аймактык бүтүндүгүн камсыздоо. Биз дагы деле ушуну карманабыз.

Батыш украиналыктарды алар өздөрү кабыл алууга даяр болгондон да чоң же өтө максималисттик максаттарга шыкактап жаткан жок, менимче. [Эгерде] украиналыктар мунаса кылууга даяр болсо, мен муну [Батыш] кабыл алат деп ишенем. Украиналыктар согушууну каалашса, муну да колдоого алышат… Мында баёолуктун эч пайдасы жок. Менин оюмча, бул согуш туңгуюкка кептелбейт. Кандайдыр бир жылыштар болот деп ишенем. Бирок эгерде алты айдан кийин деле абал азыркыдай бойдон кала берсе, анда каражатка байланышкан көйгөйлөр бул чыр-чатакты эптеп токтотуунун кандайдыр бир жолун табууга түрткү берет деп ойлойм.

Менин оюмча, Батыш менен украиналыктардын мүдөөлөрү кескин айырмаланбайт. Согуш убагында дайым боло жүргөндөй эле, максаттар менен аларга жетүү жолдору шайкеш келиши керек. Эгер жол жок болсо, анда убактылуу болсо да ыңгайсыздыктарга кайыл болууга туура келет...

“Азаттык”: Батыш Путин менен Орусиянын Украинада ийгиликке жетүүсүнө жол бербейт деп айтканда, көбүнчө “Орусияны стратегиялык жеңилүүгө дуушар кылуу” деген сөз айкашын да колдонушат. Бул стратегиялык жеңилүү кандай болушу мүмкүн?

Лоуренс Фридман: Менин оюмча, алар көздөгөн максатына жетпей калгандыгы менен эле стратегиялык жеңилүүгө кабылды. Азыр алардын кошумча максаттары болушу мүмкүн. 25-мартта экинчи катардагы максаты Донбассты алуу болгон, бирок азырынча бул милдет орундала элек. Андыктан стратегиялык жеңилүү өтө татаал түшүнүк эмес деп ойлойм.

Бир гана маселе – орустар муну канчалык деңгээлде тааныйт? Биринчи күндөн баштап бул жерде согушту орустар токтотушу керек деген маселе турат. Путин муну каалабайт, анткени коркот. Ошентип, [согуш] токтобой, анын кесепетинен адамдар курман болууда. Орусиялыктар бул стратегиялык жеңилүү оюну экендигин, андан чыгуу керектигин түшүнмөйүнчө жагдай өзгөрбөйт...

Эгер Батыш согушка киришсе, НАТОнун аскерлери Украинага кошулса, анда бул согушту токтотуу өтө оңой, бирок өтө коркунучтуу болот... Биз өтө көп нерсени күтүп жатабыз, бирок мунун ичинен эң чоңу – Москванын чындыгында согуш жакшылыкка жеткирбестигин, аны улантуунун кажети жоктугун аңдап билген учуру.

“Азаттык”: Менин оюмча, Батышты эң көп кабатыр кылган маселелердин бири – бул Орусиянын өзөктүк куралды колдонуу мүмкүнчүлүгү.

Сиз: “Украинага карата өзөктүк каалагандай чабуулдун саясий кооптуулугу андан келип чыгышы ыктымал болгон пайдадан ашып түшөт. Бул коркунучтардын катарында Украинада жашаган этникалык орустардын да курман болушу жана Орусияга деле жаай турган радиоактивдүү заттар болот”, – деп жазыпсыз. Менимче, бул анализ Путин кырдаалды туура баалап, акыл-эстүү кадам жасайт деген божомолго негизделгендей. Ал чын эле ошентеби?

Лоуренс Фридман: Мен бул маселе боюнча [өз оюмду] дайыма айтып келем, аны өзгөртүүгө эч кандай себеп боло элек. [Путин] бир акылсыз чечим кабыл алдыбы, эми дагы башка бир чечим кабыл алышы мүмкүн. Чындыгында ал каршылаштарын токтотуучу каражат катары өзөктүк куралды натыйжалуу колдонду. Эгер өзөктүк курал болбосо, анда Батыш [Орусиянын] баскынчылыгына каршы туруу үчүн Украинага колдоо көрсөтмөк эмес деп айтууга негиз жок.

Путин 24-февралда ачык айтып, 27-февралда дагы кайталады, ошондон бери ал НАТО украин тарабында болуп чыр-чатакка аралашкан чактан баштап өзөктүк согуш коркунучу жаралат деп келет (бирок чындыгында ал жөнүндө анча туура айткан жок)... Ошентип, бул токтотуучу каражат ишке жарады.

Так ушул себептен улам ал өзү да НАТО өлкөлөрүнө кол салуудан карманып турат. Ошентип, бардыгы жайында, өзөктүк курал бул жаңжалды чектен чыгарбай кармап турат. Путин согушту күчөттү. Эгер ал украиналыктарга бүлгүн салам десе, бул деле колунан келерин көрсөттү. Эгер курал-жарак колдонгусу келсе, күчү да жетет. Чындыгында тактикалык өзөктүк курал көптөгөн утурумдук кыйынчылыктарга жана коркунучтарга себеп болот, муну да ага айтып келген. Биз билгендей, ал Батыш менен дал ушундайча кагылышуудан сактанат. Бир нече ай мурун, Украина орустарды сүрүп чыгарып, чын эле жеңип бараткандай сезилгенде, коркунуч кыйла чоң болду деп ойлойм. Бирок мен дайыма муну апыртма деп ойлочумун.

Муну жокко чыгарууга болбойт, анткени Орусия – мүмкүнчүлүгү чоң өзөктүк держава. Бирок [бул] Орусиянын өзү үчүн да өтө коркунучтуу. Мунун дагы бир жагы – алар бул куралдарды колдонгондо, ракета атып түшүрүлүшү же туура жарылбай калышы ж.б. күтүүсүз жагдайлар болушу мүмкүн экендигинде. Көптөн бери эч ким өзөктүк курал колдонуп көрө элек. Демек, бул нерсени жокко чыгарууга болбойт. [Андыктан] ушундай бир нерсе болуп кетсе, биз дароо түшүнөбүз деп ойлойм. Бирок азырынча эчтеке боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG